Жаңы техникалар тапшырылды
Бүгүн 2022-жылдын 14-мартында Ноокат шаарынын тазалыгы үчүн алып келинген жаңы атайын техникалар пайдаланууга тапшырылды.
Ноокат шаарынын тазалыгын камсыздоо максатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Иманалиев Ноокат шаарынын мэриясына заманбап атайын таштандыларды ташуучу жана жолдорду жуучу техникаларынын ачкычын тапшырды.
Техникаларды алып келүү долбоору Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Д.Иманалиевдин жеке демилгесинин алкагында, Ноокат шаардык мэриясы жана Айыл Банк менен биргеликте ишке ашырылды. Техникалар лизинг жолу менен 5 жылдык мөөнөткө алынган.
Тазалык өмүргө гүл азык демекчи, баарыныздарды тазалыкты сактоого чакырабыз.