Найман суу сактагычта ишембилик
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен, жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү максатында жана республикалык ишембиликтин алкагында, Ноокат районунун А.Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычында тазалоо жумуштары жүрүүдө.
А.Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычынын административдик имаратынын, плотинанын жана көлдүн жээктери агып келген акыр-чикирлерден толугу менен аппарат кызматкерлери тарабынан тазаланууда.