Өрт коопсуздугунун алдын алуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен Ноокат районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун алдын алуу жана сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү башталды.
Бул иш-чарага райондук администрациянын, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде от казандарды жагууда, өрткө каршы шаймандардын талаптарынын сакталыш, окуучуларга өрт учурунда кандай аракет жасоону жана алдын алууну үйрөтүшүп, сабактарды окутушуп, иш алып барышууда.
Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен жакынкы күндөрү өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча практикалык машыгуу өткөрүлөт.
Барыңыздарды өрт коопсуздугун сактоого чакырабыз!