Коллегиялык отурум өткөрүлдү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында “Райондун аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу” коллегиялык отурум өттү.
Коллегиялык отурумга райондук мекеме ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана райондун аймагындагы бала бакчалардын башчылары катышты.
Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык балдарды тарбиялоо, окутуу, ден соолугун чындоо, ар тараптуу өстүрүү жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базаларын чындоо боюнча тапшырмалар берилди.