Камсыздандыруу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлу “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” № 209 Мыйзамын аткаруу максатында семинар өткөрүлдү.
Семинарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош областындагы өкүлдөрү катышып, райондун аймагындагы адистер менен жолугушуп, ар бир жаран турак-жайды камсыздандыруудан милдеттүү өткөрүшү керек экендигин белгилешти.
Ошондой эле турак-жайын камсыздандыруудан өткөрүп, өрт кесепетинен жабыркаган тургунга акчалай каражат алуу үчүн сертификат берилди.
Район тургундарынын баарын жашаган турак-жайларын камсыздандыруудан өткөрүүнү сунуш кылабыз.