Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күн.
Урматтуу Ноокат районунун тургундары жана мекендештер!
Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күн. Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен туубузду кабыл алып, улуттук идеябыз жаңырып, дээрлик үч жарым миң жылдык тарыхыбызды кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Биз бүгүн элибиздин, улуттун жүзү, улуттун үнү, улуттун духу болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30-жылдык маарекесин белгилөөдөбүз.
Тарыхка кайрыла турган болсок байыркы адамдарда өзүнө тиешелүү байрактары жана туулары болгон. Алар ошол туунун өңүнө жана бетине түшүрүлгөн белгилерге карап кайсы уруу же кайсы улут экендигин аныктап келишкен. Бүгүнкү күндөгү желбиреген Кызыл Туубуз Манас атабыз көтөргөн Туу. Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз ,байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюун таасын чагылдырып турат.
Биз өзүнчө эркин мамлекет катары туубузду бийик желбиретип, Кыргыз улутун таза сактап, туу аркылуу өзүбүздү мекенчил сезип, эң мыкты алмашкыс коомдук системабызды өнүктүрүп сактап келе жатабыз. Мамлекеттик желек бүткүл элди, коомду ичтен бекемдеп, бириктирип, жеке, тар кызыкчылыктан, уруулук, диний, аймактык бөтөнчөлүктөн жогору турууга жардам берип, жалпы элдик, улуттук сыймыкты, ар-намыстуулукту, адеп-ыйманды, акыл-эстүүлүктү, сабырдуулукту ойготууда зор роль ойнойт. Мамлекеттик желек элди баш коштуруп, бириктирүү, данакерлөө касиетине ээ.
Ошондой эле 5-март "Ак калпак" күнү менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм! Улуттук баш кийимибиз "Ак калпак" менен эр жигиттердин жаш-курагын өздүгүн билүүгө болгон. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин демилгеси боюнча улуттук баш кийимибизди Ак калпакты жайылтуу жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды жандуу жүргүзүп келе жатабыз.
Кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак өзүнчө философияны камтый турган баш кийим болуп эсептелет. Бул баш кийимди дүйнө жүзүндө бир гана кыргыздар кийген. Кийизден жасалган Ак калпак жылдын бардык мезгилинде кийүүгө шайкеш келет. Жай айында күндүн ысык аптабынан сактаса кыш чилдесинде сууктан сактайт. Калпактын бир эле элементи кайталангыс болуп, анын сабагы дайыма алдыда болуп бийик арчаны элестетет. Арча түбөлүктүүлүктү билдирет. Кылымдардан кылымдарга жашайт. Кыргыз эли кылымдардан кылымдарга жашап келген байыркы эл.
Ошондуктан улуттук каада-салтыбызды сактап, сыймыктануу менен өз желегибизди бийик көтөрүп, калпагыбызды башыбыздан түшүрбөй, улутубуздун жүзү болгон туубузду бийик желбиретип, ага аяр мамиле жасап, убагында илинип турган тууларыбызды эскиртпей жаңылап, аны менен бирге жаштарыбызды мекенчилдике тарбиялоодо алмашкыс орду бар экендигин унутпасак.
Урматуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30-жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын.
Элибизде тынчтык, ынтымак биримдик, мамлекетибизде ар тараптуу өнүп өсүүлөр өнүгүү болсун жана туубуз бийик желбиресин!
Иманалиев Данир Белекович