Аким жолчулардан кабар алды
Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиев Кызыл-Кыя-Ынтымак-Кулатов жолун кеңейтип жаткан демилгечи топтордун жумушу менен таанышып, жеринен кабар алды.
Ынтымак жана Т.Кулатов атындагы айыл аймактын тургундарынын демилгеси менен аталган жолдун авариялык абал жаратуучу кооптуу 1,3 км аралыгы кеңейтилип, айдоочуларга жагымдуу шарт түзүү жумуштары жүрүп жатат.
Жумуш жеке ишкерлердин, жергиликтүү тургундардын демөөрчүлүгү менен каржыланып, айыл өкмөт башчылары ар тараптуу көмөк көрсөтүшүп, акимдин жеке тапшырмасы менен райондук жол тейлөө мекемесинин техникалары тартылды.