Эл аралык эксперттер менен жолугушуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында КАДРИ эл аралык эксперттер командасы менен Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиев жолугушту. Ошондой эле райондук Жарандык Коргонуу кызматтарынын башчылары менен кеңири масштабда маалыматтар берилип талкуу өткөрүлдү.
Райондук кызматтардын азыркы учурдагы Жарандык коргонуу боюнча аткарып жаткан иштери жана көйгөйлөрү айтылып, саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, транспорт жана коммуникация, айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитария боюнча бир топ сунуштар берилди.
Жолугушууга Тигран Товмесян (UNISEF), Марлен Тыналиев (FAO), Абдымитал Чынгожоев (FAO), Руслан Умаралиев (WFP, Марат Абдрахманов (UNDP) катышты.