Көк-Бел, Кенеш жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү.
2022-жылдын 26-февраль Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев райондун укук коргоо органдары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Көк-Бел, Кенеш жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында айыл өкмөт башчылары 2021-жылда аткарылган иштери жана 2022-жылга карата милдеттери боюнча маалыматтар берилди.
Жолугушуу учурунда айыл аймагынын тургундары тарабынан айтылган сунуш пикирлерине жана көйгөйлүү маселелерине жооп берилип, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине чечүү үчүн тапшырмалар берилди.