Жаны Ноокат жана Гулистан айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев райондогу укук коргоо органдары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте бүгүн Жаны Ноокат жана Гулистан айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында айыл өкмөт башчылары 2021-жылда социалдык-экономикалык тармак боюнча аткарылган иштери жана 2022-жылга карата коюлган милдеттери жөнүндө маалыматтарды беришти. Көптөгөн элдин көйгөйлүү маселелери каралып, жетекчилерге чечүү үчүн тапшырмалар берилди.