Окуучулар менен жолугушуу
Ноокат шаарындагы Н. Крупская атындагы орто мектебинин окуучулары Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аким Д.Иманалиев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, окуучуларга администрация тарабынан заман талабына ылайык, учурдагы санариптик багыттагы өнүгүүлөр, алдыга коюлган максаттар жөнүндө айтып берди. Окуучуларга адам баласынын келечеги анын тандаган кесибинен жана ага карата татыктуу билим алууга болгон кызыгуусунан башталарын билдирди. “Дүйнөлүк аренага чыгуунун бирден бир жолу - бул көп тилди билүү. Ал үчүн канчалык көп тилди билсе, ошончолук көп түрдүү маданиятты таанып, көп багыттуу кесиптерди үйрөнүп, мамлекетибиз үчүн кызмат кылууга аракет кылуу керек” - деп токтолду. Окуучулар менен мамлекеттик кызматтын коомдогу орду, мамлекеттик кызматка жүктөлгөн милдеттер жана ыйгарым укуктары боюнча кеңири баарлашты. Жыйынтыгында аким Д.Иманалиев келечек ээлеринин окууларына ийгилик каалап, адептүү жүрүм турум, билим алууга болгон аракет менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жаңы муундун жаралышына ишенерин баса белгиледи