Кызматташууга кол коюлду
Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиевдин демилгеси менен райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайын техникаларды лизинг жолу менен алуу максатында Айыл-Банк менен келишимге кол коюлду.
Бүгүн 2022-жылдын 8-февралында Ноокат районунун Н.Исанов, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Көк-Жар жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчылары Айыл Банк менен келишимге кол коюшуп, атайын таштанды ташуучу техникаларды алуу боюнча макулдашылды.
Эскерте кетсек, Ноокат районунун аймагында бир да таштанды ташуучу атайын техника болгон эмес. Буга чейин Ноокат шаар мэриясы менен келишим түзүлүп, атайын техникалар жакынкы күндөрү келиши күтүлүүдө