Ноокат районунда Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы эскерүү күнү белгиленди
Салтанаттуу иш чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиев катышып, Афган согушунун катышуучуларын майрамы менен куттуктап, ыраазычылык каттарын тапшырды.
Урматтуу Афган согушунун ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы эскерүү күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын февралында туура 33 жыл толду. Тогуз жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген жоокерлердин өмүрүн алган афган согушуна кыргыз жоокерлери да өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн барышкан. Баардыгы бир максатты көздөп, улутуна карабай согушкан. Бул согушка Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254 курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алып, 600гө жакыны майып болуп кайра кайтып келген. Эки кыргызстандык жоокерге " Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Районубуздан 264 жоокер бул согушка катышып, 5 жоокер кайтпай калган. Бул күн Афган ардагерлери үчүн өзгөчө маанилүү күн. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эскерип, ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү салтка айланып келет.
Урматтуу Афган согушунун ардагерлери!
Сиздер азыркы учурда да мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын жана улуттар аралык ынтымакты сактоодо, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салымыныздарды кошуп келесиздер!
Чептен эрдин күчү бек – дегендей, бул эскерүү күнү Мекенди сүйүүнүн, коргоонун, эрдиктин жана ар-намыстын символу болуп, мекенди коргоо,афганчылардын эрдигин даназалоо чакырыгы менен улуу!
Сиздерге бекем ден- соолук , бакубат жашоо,ишиңиздерге ийгилик каалайм жана жергебизде дайыма өнүгүү менен тынчтык болсун !
Иманалиев Данир Белекович