“БЕББО” жаңы мобилдик тиркемеси жөнүндө семинар өткөрүлдү
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Барын”, ”Медигос” амбулатордук диагностикалык бөлүмдөрүнүн акушер-гинекологдору, ден соолукту чыңдоо кааналарынын кызматкерлери,айылдык ден-соолук комитеттеринин мүчөлөрү , айыл өкмөттөрдүн соцадистери жана жаш энелердин катышуусунда “Балдарды колдоо” долбоору тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен жаңы төрөлгөн наристелерден 6 жашка чейинки балдардын ден соолугуна, өсүп өнүгүүсүнө, тамактануусуна жана балдарды коргоо,коопсуздугун сактоо максатында коомдук саламаттык сактоо институту менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен кеңешип, БУУнун “Балдар” фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан иштелип чыккан “БЕББО” жаңы мобилдик тиркемеси жөнүндө семинар өткөрүлдү . Семинарда тиркеменин максаты, кантип жүктөп алуу, аны менен иштөө боюнча,балдардын эмдөө календары жөнүндө Арууке Зиядинова презентация жасап маалымат китепчелер жана баракчалар таркатылды. Ден соолукту чыңдоо каанасынын башчысы А.Мурзалиева кошумча маалыматтарды , ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер катышуучулардын суроолоруна жооп беришти