М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

17-11

24.02.2015

Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрүк”  орто мектебин  капиталдык ремонттон  өткөрүү  үчүн Кыргыз  Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы дем берүүчү үлүштүк  гранттан акча  каражатын    алуу  жөнүндө

2.

17-12

24.02.2015

Кенеш  орто  мектебин  капиталдык ремонттон  өткөрүү   учүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы  дем берүүчү  үлүштүк  гранттан  акча каражатын алуу жөнүндө

3.

18-1   

12.06.2015

Окуучуларга  татыктуу   тарбия берүү,мектептердин материалдык-техникалык  базасын   чындоо  багытында”Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атындагы “БелӨрүк   “ орто  м ектебинде  жүргүзүлүп  жаткан иштердин абапы  тууралуу                                

4.

18-2   

12.06.2015

Бел   айыл аймагындагы  мектеп  аянтчаларын жана Бел айыл аймагынын  спорттук  аянтчаларын  ар кандай жыйындарды өткөрүүгө   ижарага берүү   жөнүндө.

5.

18-4   

12.06.2015

Бел  айыл аймагынын Борбаш айылындагы   тургундардын 2015-жылдын 1-июнундагы №1-протоколун бекитүү   жөнүндө.

6.

18-5   

12.06.2015

Бел  айыл  аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто   мектебинин жылытуу  системасын   жанылоо, Тимурлан-Алым  атындагы   балдар бакчасын капиталдык  ремонттон өткөрүү,”Күн балдары” балдар бакчасынын эшик  терезелерин  жанылоо жөнүндө.

7.

18-6   

12.06.2015

“Кенеш “ жана Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрук” орто  мектептеринин  өздүк  көмөкчү   чарбаларынан  терек  кесүүгө уруксат берүү   жөнундө

8.

19-1   

18.08.2015

Бел  айыл   Өкмөтунүн 2015-жылдын 17--августундагы     № 17-токтомун  бекитүү  жөнундө

9.

19-2   

18.08.2015

Бел   айыл   Өкмөтүнүн  2015-жылдын 24-февралындагы №17-2  токтомуна  өзортүүлөр   жана  толуктоолор   киргизүү жөнүндө

10.

20-1   

17.10.2015

Бел    айыл    Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык  жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу  багытында  жүргузүлүп жаткан иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн  башчсы   Картаевдин   отчету жөнүндө

11.

20-3   

17.10.2015

Бел  айыл  Өкмөтүнүн     2015-жылдын 22-сентябрындагы    № 22-токтомун бекитүү жөнүндө

12.

 20-4  

17.10.2015

Бел   айыл Өкмөтунун 2015-жылдын 15-октябрындагы №  29-токтомун бекитүү жөнүндө                  

13.

20-5   

17.10.2015

Бел   айыл    Өкмөтүнун   2015-жылдын 7-февралында  бекитилген         бюджетине   өзгөртүүлөр   жана   толуктоолор   киргизү ү   жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) 17-сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

17-11

24.02.2015

 

Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрүк”  орто мектебин  капиталдык ремонттон  өткөрүү  үчүн Кыргыз  Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы дем берүүчү үлүштүк  гранттан акча  каражатын    алуу  жөнүндө

Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрүк “ орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн  айыл  Өкмөтүнун бюджетинин эсебинен өздүк салымды ажыратып берүү  жөнүндөгү билдирүүсүн   угуп жана  талкуулап  Бел   айылдык  Кенешинин (бешинчи чакырылышынгын) 17-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрук “ орто    мектебин капиталдык  ремонттон  өткөрүү үчүн   Кыргыз  Республикасынын  Каржы  Министрлигинин  алдындагы дем берүүчү үлүштүк  гранттан  акча алуу  үчүн  түзүлгөн долбоору жактырылсын.

 

2.            Кыргыз  Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы дем берүүчү грантына Г.Эргешов  атыфндагы “ Бел-Өрүк”  орто мектебин   капиталдык  ремонттон өткөрүү үчүн  жергиликтүү   бюджеттен 280,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана демөөрчүлөрдүн  эсебинен 100,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилери белгимленсин.

 

 

3.         Токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  Бел  айылдык  Кенешинин  бюджет,экономика  жана финансы  боюнча   туруктуу  комиссиясына   жана  Бел  айыл Өкмөтүнүн  жетекчилигине   тапшырылсын

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) 17-сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

17-12

24.02.2015

 

Кенеш  орто  мектебин  капиталдык ремонттон  өткөрүү   учүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы  дем берүүчү  үлүштүк  гранттан  акча каражатын алуу жөнүндө

Кенеш   орто мектебин  капиталдык  ремонттон  өткөрүү  үчүн   айыл  Өкмөтүнүн  бюджетинин   эсебинен өздүк салымды ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн  угуп  жана  талкуулап  Бел   айылдык  Кенешинин(бешинчи  чакырылышынын) 17-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кенеш  орто  мектебин  капиталдык  ремонттон  өкөрүү  үчүн Кыргыз  Республикасынын  Каржы  Министрлигинин алдындагы дем берүүчү үлүштүк  гранттан акча алуу  үчүн  түзүлгөн долбоору  жактырылсын.

2.         Кыргыз  Республикасынын Каржы Министрлигинин  алдындагы дем берүүчү       грантынга Кенеш  орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү  үчүн  жергиликтүү  боюджеттен 150,0 сом акча   каражаты  бөлүнүп  берилсин  жана демөөрчүлөрдөн 150,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилери  белгиленсин.

 

3.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Бел  айылдык  Кенешинин бюджет ,экономика  жана финанасы  боюнча  туруктуу   комиссиясына  жана  Бел  айыл  Өкмөтүнүн  жетекчилигине     тапшырылсын.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын)18-сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

18-1   

12.06.2015

 

Окуучуларга татыктуу  тарбия берүү,мектептердин материалдык-техникалык  базасын   чындоо  багытында”Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атындагы “БелӨрүк   “ орто   мектебинде  жүргүзүлүп  жаткан иштердин абалы  тууралуу                                

Бел  айыл аймагынын “Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто  мектептериндеги окуучуларга татыктуу тарбия берүү,мектптердин материалдык-техникалык  базаларын чындоо багытындагы жүргүзүп жаткан иштери   тууралуу  маалыматтары  угуп  жана  талкуулап   депутаттардын  Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын)  он  сегизинчи  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Бел айыл аймагынын “Ой-Талаа” жана  Г.Эргешов  атындагы

“Бел-Өрүк” орто  мектептериндеги  окуучуларга  татыктуу тарбия берүү,мектептердин материалдык-техникалык  базасын чындоо багытында жүргүзүп  жаткан иштери  канаатттандырарлык деп белгиленсин.

2.         Мектептердин    имараттарын ремонттон өткөрүүгө  Кыргыз  Республикасынын Финансы министрлигинин  алдындагы  түрткү берүүчу үлүштүк  гранттарды  алуу менен  жетишүүгө  аракеттерди  көрүшсүн.

3.         Окуу  процессин жакшыртууга  керектүү интерактивдүү доска, компьютердик техника менен   камсыз  кылуу    жагын демөөрчүлөрдүн жана  мектептердин өздүк чарбасынын эсебинен жүргүзүүнү    колго алышсын.

4.         Мектептердин  материалдык- техникалык базасын чындоо жана  окуу процессинин   жакшырышына эмгек  жамаатынын чыгармачылык менен аркет көрүү жагы мектеп жетекчилерине жүктөлсүн.

5.         Эл  аралык жана донор уюмдар менен ишөөнү күчөтүү,мектеп окуучуларын   мекенди коргоого,партиоттуулукка  тарбиялоо боюнча тынымсыз иш аракеттерди алып баруу мектеп директорлоруна тапшырылсын.

6.         Токтомду  аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык Кенештин билим берүү  жана саламаттыкты сактоо  боюнча   туруктуу комиссиясына  жуктөлсүн. 

 

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) 17-сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

18-2   

12.06.2015

 

Бел   айыл аймагындагы  мектеп  аянтчаларын жана Бел айыл аймагынын  спорттук  аянтчаларын  ар кандай жыйындарды өткөрүүгө   ижарага берүү   жөнүндө.

Бел     айыл  аймагындагы  мектептердин аянтчаларын  ошондой эле айыл аймагындагы     спорттук  аянтчаларда     элдик  жыйындарды,концерттик  программаларды өткөрүүдө 3000(үч   мин) сомдон 5000( беш мин ) сомго чейин ижарага         берүү  максатында   Бел айылдык  Кенешинин  (бешинчи чакырылышынын    он   сегизинчи           сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бел    айыл аймагындагы  мектептердин аянтчаларындайыл аймагындагы   спорттук аянтчаларда элдик жыйындарды ,концерттик  программаларды өткөрүүдө 3000(үч мин) сомдон 5000(беш мин ) сомго чейин ижара  акысы төлөнсүн.

2. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөо  жагы Бел   айыл Өкмөтүнун башчысынын  орун басары  А.К.Ырысбаевге  жүктөлсүн.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -18сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

18-4   

12.06.2015

 

Бел  айыл аймагынын Борбаш айылындагы   тургундардын 2015-жылдын 1-июнундагы №1-протоколун бекитүү   жөнүндө.

Борбаш   айылынын   тургундарынын  спорттук   аянтка   айылдын  жаш  спортсмени   маркум    Салибаев  Исламидин  Адылбековичтин атын ыйгаруу боюнча  чогулушунун  протоколун  угуп жана  талкулап Бел айылдык  Кенешинин ( бешинчи чаыкрылышынын) он  сегизинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Борбаш   айылынын  тургундарынын 2015-жылдын 1-июнундагы №1- протоколу    бекитилсин.(      протокол кошо  тиркелет.)

     2. Борбаш  айылындагы  спорттук аянтчага дене тарбия мугалими маркум Салибаев Исамидин  Адылбековичтин аты  коюлсун.

      3. Спорттук   аянтты  көрктөндүрүүгө,тазалыгына кам  көрүүгө  демөөрчүлүк  кылуу жагы маркумдун үй-бүлөсүнө  тапшырылсын.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

Бел  айыл   аймагындагы  Борбаш  айылынын  тургундарынын

жыйналышынын   п р о т о к о л у. 

 

Борбаш  айылы.       №1                  1-июнь    2015-жыл.

Жыйын  Борбаш  айылындагы борбордук спорттук   аянтчада  болуп,жыйынга  айыл  аксакалдары,айылдык Кенештин депутаттары,айыл  тургундары  келип 107   адам  катышты. Чогулушту  Борбаш   айылынын   айыл башчысы М.Ураимов  алып барды.

                     К Ү Н   Т А Р Т И Б И Н Д Е :

1.Борбаш  айылындагы  спорттук   аянтка  ат коюу  жөнүндө.

Күн   тартибиндеги  маселе   боюнча Борбаш   айылынын  айыл башчысы  М.Ураимов   төмөнкүлөргө   токтолду.

Урматтуу  жыйындын  катышуучулары бүгүнкү  каралуучу маселе зарыл болгондуктан  бул маселени карап  туура  чечип алсак деген ойдомун. Негизинен  биздин  стадион курулгандан бери бир да жолу ондолуп,түзөлгөн жок.  Айыл Өкмөтүнүн   бюджетинен  акча  каражаты бөлунбөй   келүүдө. Ошол  кемчилдиктерди жоюу максатында демөорчүлөрдү  таап,стадионду ондоп  түзөп  алдык. Стадиондун  документтерин  бүткөрүп,стадионго  ат  коюп  алып  анан  ишти баштасак деген пикирим бар. Стадионго ат коюу боюнча  бир  канча айыл  тургундары менен сүйлөшүп,стадионга Кенеш  орто  мектебинин  дене  тарбия  мугалими   маркум  Салибаев Исамидин  Адылбековичтин атын берсек  деген  ойдобуз.Эгерде кимде кимде башка ойлор болсо  ортого салып   чогулушка  кызуу   катышып берсениздер.

1.Сөз  айылдык  Кенештин депутаты  Сапаров Абдилакимга берилет.

Жолдош  Салибаев Исамидиндин атын стадионго  берүү  демилгесин колдоймун.Анткени       ал жаш  дүйнөдөн  өтсө дагы  жаштарга үлгү болуп,жаштарды  спортко  кызыктырып   кете  алган. Стадион                                   атуулдардын өз  ден  соолугуна кам  көрүп,спорт менен  машыгып,маданиятыбыздын  очогу    боло   турган жер.Ошондой эле айылдагы  жападан  жалгыз   жаштар бурчу болуп       тургандыгы да анык. Бул коюлган маселе  туура  жана  колдоп  коюуга  чакырамын.

2. Сөз   айылдык  Кенештин   депутаты   Сулайманов Шарабидинге берилет.

 

 

Урматтуу  жыйындын  катышуучулары бүгун бир бир  жакшы  саамалыктын  күбөсү   болуп  турабыз.Арабыздан  өткөндөрдү эскерип,анын  басып өткөн жолун жаштарга айта  жүрүү  биздин  негизги атуулдук парзыбыз. Инибиз  Салибаев   Исамидиндин  аты н коюу   туура       пикир.Бул  демилгени  бардык эле  айыл  тургундары колдосо керек  деп ойлоймун.  Стадионго ат коюу менен эле  чектелбестен,айыл Өкмөтү да  кызыкдар болуп,инвестиция тартып,стадионду   жакшыртууга аракет жасаш керек.

3.Сөз  Шашканеов  Таабалдыга берилет.

Жолдоштор! Мен   Исамидин  менен   бир мектепте бирге иштекп жакшыф билемин.Арабыздан  өтө  жаш  кетти.Атын коюну мен да  кубаттааймын.

4.Сөз   Кааров  Шашканга берилет-  айыл  аксакалы.

Биз  чогулуштун  маанисин эми түшундук.Жаштардын демилгесин колдойбуз.Биз  атты коюп берели,калган  ишти өзунөр  бүтүрүп,жакшы   стадионго айланткыла.

5.Сөз  Жаныбаева Сайрагүлгө  берилет-  көчө  комитетинин   башчысы

Биз   стадионго  ат   берип жатабыз.Эми стадионго аты коюлган  адамдын  туугандары четтте калбастан,демөорчүлүк  кылып,айланасын тазалап,стадиондун  көркүн  чыгарууга аракет кылышсын.Андай кылбаса көчөлөргө  аттары коюлган  кээ бир инсандардын  балдары   көчөлөргө  көнул  бурбьай жатышпайбы

Чогулушту алып баруучу  -жолдош жыйындын  катышуучулары

Стадионго Салибаев  Исамидин Адылбекочтин  аты берилсин  деген  жарандардын    кол  көтөрүүсүн  сураймын.

            Каршы,Калыс жок.

Борбаш  айылында  өткөрулгөн    жыйын  токтом    кылат:

1.Борбаш  айылындагы стадионго   Борбаш  айылынын Кенеш орто мектебинин  дене тарбия мугалими болуп  иштеген,маркум Салибае Исамидин Адылбековичтин  аты   коюлсун.

12Борбаш  айылынын  тургундарынын 2015-жылдын1-июнундагы №1-протоколу бекитип берүу  жагы Бел  айылдык  Кенешинен суралсын.

Чогулуштун башчысы :                        Ураимов.М.А.

Чогулуштун  катчысы:                          Жаныбаева,С.

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -18сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

18-5   

12.06.2015

 

Бел  айыл  аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто   мектебинин жылытуу  системасын   жанылоо, Тимурлан-Алым  атындагы   балдар бакчасын капиталдык  ремонттон өткөрүү,”Күн балдары” балдар бакчасынын эшик  терезелерин  жанылоо жөнүндө.

Бел  айыл аймагындагы Г.Эргешов  атындагы”Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу  систмасын жанылоо,Тимурлан-Алым атындагы балдар бакчасын капиталдык  ремонттон өткөрүү,”Күн балдары” балдар бакчасынын эшик  терезелерин  жанылоо  боюнча  үлүштүк гранттан алынуучу  акча  каражаты жөнундөгү  маселени  угуп жана  талкуулап депутаттардын  Бел  айылдык  кенешинин ( бешинчи чакырпылышынын) он  сеизинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Бел  айыл  аймагындагы Г.Эргешов  атындагы”Бел-Өрук” орто

Мектебининимурлан-Алым атындагы балдар бакчасын   капиталдык ремонттон өткөрүү,”Күн  балдары” балдар бакчасынын эшик  терезелерин  жанылоо боюнча үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчү 2479619( эки  миллион төрт жүз жетимиш  тогуз мин алты жүз он  тогуз  сом),1101849( бир  миллион бир жүз бир мин  сегиз жуз кырк тогуз)сом,918743(тогуз  жүз он сгиз мин жети жуз  кырк үч)  сом  акча  каражаттары өз максаттарына  пайдалансын.

2.         Бел   айыл Өкмөтүнүн бюджетинен проектилерди колдоо боюнча

Ажыратылган акча  каражатынын  эсебинен мектеп  үчүн 247962(эки жүз кырк жети мин тогуз жуз алтымыш экиом,Тимурлан-Алым атындагыбалдар бакчасына 110185(бир жуз он мин бир жүз сексен беш)сом,”Күн балдары” балдар  бакчасына 91874(токсон бир мин сегиз  жүз жетимиш төрт ) сом  бөлунүп берилсин.

3.         Бел  айыл Өкмөтүнун бюджетинде каралган проетилеррди колдоо боюнча

Каралган акча  каражатынын  эсебинен жогорудагы бөлүнгөн акча  каражаттары өздук салым үчүн ажыратып берүү жагы  айыл Өкмөтүнун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Мурзаевге   жуктөлсүн.

4.         Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө   жана максатуу   пайдалануу жагы Бел  айыл Өкмөтүнүн  башчысы Каратаевге     милдеттендирилсин.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -18сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

18-6   

12.06.2015

 

“Кенеш “ жана Г.Эргешов  атындагы “Бел-Өрук” орто  мектептеринин  өздүк  көмөкчү   чарбаларынан  терек  кесүүгө уруксат берүү   жөнундө

“Кенеш”  жана   Г.Эргешов   атындагы “Бел-Өрүк” орто  мектептеринин материалдык-техникалык   базасын   чындоо,класстык  бөлмөлөрдүн  полдорун жанылоо  жөнүндө   аталган  мектептердин  сунуш-пикирлерин  талкулоо  менен    Бел   айылдык  Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) он  сегизинчи  сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кенеш” орто  мектебинин   көмөкчү   чарбасынан  мектептин  материалдык-техникалык  базасын     чындоо  максатында өздүк  көмөкчү  чарбасынан   15 түп  терек   кесүүгө   жана Г.Эргешов  атындагы  “Бел-Өрүк “ орто  мектебинин  класстык  бөлмөлөрунүн  полдорун  жанылоо үчүн   өздук  көмөкчү  чарбасынан  71 түп  терек  кесип  иштетүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө   айыл   Өкмөтүнүн  башчысы   М.Каратаевге   жуктөлсүн.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -19сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

19-1   

18.08.2015

 

Бел  айыл   Өкмөтунүн 2015-жылдын 17--августундагы     № 17-токтомун  бекитүү  жөнундө

Бел  айыл  Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-августундагы № 17-токтомун  угуп  жана  талкуулап   депутаттардын Бел   айылдык   Кенешиин

( бешинчи чакырылышынын) он  тогузунчу   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Бел  айылындагы Додон  бөлүмүндөгү Калыкулов  Асамидин атындагы  башталгыч   мектебин  пайдаланууга берүү  жөнүндөгү Бел   айыл Өкмөтүнүн  2015-жылдын 17-августундагы №:17-токтому  бекитилсин.

2.         Мектептин  ички  жасалгасына  керектүү болгон  эмеректер   менен  толук камсыз болушуна жакындан жардам берүү жагы

Ноокат райондук билим берүү  бөлүмүнөн  суралсын.

3.         Тиешелүү  иш  кагаздарын  даярдоо     айылдын  тургуну  Насиров  Махаматаюпка  жүктөлсүн.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

           Кыргыз Республикасы                                                                              Кыргызская Республика

           Ош облусу Ноокат району                                                              Ошская область Ноокатский район

 Бел  айыл    өкмөтү                                                                                  Бельская сельская управа

         723403,Бел айылы,Т.Заитов көчөсү,77                                           723403,с.Бель, ул.Т.Заитова,77

         Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail. ru                                 Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail

Т о к т о м у

Бел  айылы                                                                № 17                                              17-август 2015-жыл

Г.Эргешов   атындагы Бел-Өрук   орто мектебининин   мугалимдер  жамаатынын кенешмесинин 2015-жылдын 17-августундагы № 9  -чечимин  бекитүү  жөнүндө

Бел  айылындагы Додон  бөлүмүндөгү жаныдан  салынган башталныч мектептин   курулушу толук  аяктап,пайдаланууга  даяр экендигин эске  алып Г.Эргешов  атындагы Бел-Өрүк орто  мектебинин мугалимдер  жамаатынын 2015-жылдын 17-августундагы №9 чечимин  угуп жана талкуулап  Бел   айыл  Өкмөтү   т о к т о м      к ы л а т:

1.Бел айыл  Өкмөтүнүн Додон  бөлүмүндөгү башталгыч  класстардын  мектебин  пайдаланууга   берүү  жөнүндөгү Г.Эргешов   атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин  мугалимдер  жамаатынын 2015-жылдын 17-августундагы №9-чечими бекитилсин.

2.Калыкулов  Асамидин  атындагы  башталгыч  класстардын  мектебине Бел  айылынын  Додон,Күнгөй  бөлүмүндөгү  жашаган    жашоочулардын балдары  тартылсын.

3. Калыкулов   Асамидин  атындагы башталгыч  класстардын  жаны  окуу  жылына  толук  даярдоого  керектүү  болгон  эмеректердин  алынышына жакындан жарадм көрсөтүү  жагы Ноокат  райондук  билим берүү  бөлүмүнөн  суралсын.

4.Токтомду бекитип берүү  жагы  Бел  айылдык  Кенешинен  суралсын.

5. Мектептин  ишине  тиешелүү  иш  кагаздарды  даярдоо айылдын   тургуну

    Насиров   Махаматаюпка  милдеттендирилсин.

 

 

Бел   айыл  Өкмөтүнүн   башчысы:                                  Каратаев.М.А.                                     

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -19сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

19-2   

18.08.2015

 

Бел   айыл   Өкмөтүнүн  2015-жылдын 24-февралындагы №17-2  токтомуна  өзортүүлөр   жана  толуктоолор   киргизүү жөнүндө

Айыл    Өкмөтүнүн финансы-эконномика  бөлүмүнүн   башчысы Муразев  Кадырали  Сатибаевичтин  бюджетке  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  киргизүү  жөнүндөгү   маалыматын  угуп жана  талкуулап депутаттардын Бел   айылдык  Кенешинин  ( бешинчи   чакырылышынын) 19- сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл  Өкмөтүнө   кызматтык  автомашина  сатып алуу  үчүн  каралган Р 701 ст3112- 200,0  мин  сом акча  каражаты  Бел   айылындагы жаныдан  салынып  жаткан  Додон   участкасындагы Калыкулов Асамидин атындагы  башталгыч   мектебине жумшалсын.

2.         Р70921 ст 3111- 200,0 мин   сом акчаны өзгөртүү боюнча  иш  кагаздарды  даярдоо  Бел   айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы   К.Мурзаевге  жүктөлсүн.

3.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  бюджет боюнча туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Абдилазиз  уулу Жаныбекке тапшырылсын.

 

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -20сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

20-1   

17.10.2015

 

Бел    айыл    Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык  жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу  багытында  жүргузүлүп жаткан иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн  башчсы   Картаевдин   отчету жөнүндө

 

Бел  айыл Өкмөтү  өзүнун  ишин Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдаргв бекитилген  өлкөнүн  социалдык өнүгүү  стратегиясын  жетекчиликке   алып иш жүргузүп келди. Айыл  аймагынын 2015-жылга   социалдык жактан  өнүгүүсүнун  иш  планын иштеп чыгып аны жетекчиликке алып 2015-жылдын 9 айында төмөнкүдөй  иштерди аткарууга жетише алган.

Айыл  аймагында 2178 кожолукта 11607 адам жашайт.Убактылуу   иштөө   үчүн  башка жактарда жашап  жүргөндөр 1036 адамды түзөт. Пособие  алуучу  кожолуктар 325, пенсионерлер 762,майыптар 108  анын  ичинен  майып балдар 64,эмгектин ветерандары    50,Улуу  Ата  Мекендик согуштун  ветераны 1,жалгыз  бой  кожолуктар  7  үй-бүлө.  2015-жылдын 9  айында 214 бала төрөлүп,71 жаран нике  күбөлүгүн  алган,40  жаран  ааламдан өткөн.

 2015-жылы 889 га жерге буудай,180 га жерге  арпа 208 га жерге  жүгөру,70 га жерге  жашылча, 180 га жерге  картошка, 555 га жерге  тоют өсүмдүктөрү  айдалып, буудай  жана  арпа  өсүмдүгүнөн  орточо 15 ц ден  түшүм жыйналды. Картошканын орточо  түшүмд үүлүгү 16,2 тоннаны  туздү. Кайра бөлуштурүү  фондусунан 115 гектар жер аянты пайдаланбай калган ,мунун негизги  себеби иштетүугө  ынгайсыз  жан  боор,таштак,саздак ж.б жерлер болгондуктан эч ким ижарага  алган эмес.       Айыл   чарба  өсүмдуктөрүнүн  түшүмдүүлүгун  жогоулатуу   багытында  2016-жылы  күнөскана куруу,тамчылатып  сугарууну ишке  ашыруу боюнча  аркеттер  көрүлүп жатат. 2015-жылдын 9   айында дыйкандардын  үлүштүк  жерлерин  сел  коркунучунан  сактоо боюнча  Өзгөчө   Кырдаалдар Министрлигине  5  проект        жазып  өткөрүлдү  жана аны  турмушка ашыруу боюнча Ысырык-Ой бөлүмүндөгү 1158 м селкана, Карангы-Сай,Артык –Сай селканасынан 500 метр ,Жаш  селканасынан 400 метр, Тегирмен- Башы бөлумүндөгү 620метр селкана   өзгөчө  кырдаалдар Министрлиги тарабынан тазаланды. Борбаш  айылындагы  Акматова Гүлайым атындагы  көчөнун башындагы    Бой-Бой  селканасы  техниканын жетишсиздигинен  токтоп  турат. Күнгөй  бөлүмүндөгү  Самидинов  Мамажунустун жанындагы узундугу 250 м тазалоого   муктаж болгон жер  проектиге  кирбей  калгандыктан тазаланбай калган .Бул  маселе  чечилбесе  2016-жылы да  дыйкандарга түйшүк  алып  келиши мүмкүн.

Мал  чарбачылыгы боюнча эпизоотикалык  абалды туруктуу  сактоо  боюнча  иш аракетер  көрүлүп,кара  малдын  яшур  оорусуна  каршы 480 башты,паразитардык  ыландар  боюнча 2900  баш  майда  жандык,брузеллез  боюнча 2910  баш,оспа  оорусу  боюнча2560 баш,иттердин  кутурма  оорусу боюнча 160 баш ит-мышыктар эмделген.  2015-ылдын 9   айында  айыл  аймагындагы майда  жандыктардын  оспа

Оорусу боюнча 2560 баш кыргын ыланы боюнча   1960  баш,иттердин  кутурма оорусуна  каршы 160  баш,ит-мышыктардын  эхноккокоз   оорусуна каршы 620 баш  ит мышыкка  дары  ичирилген. Жыл  башынан бери   кутурма оорусуна каршы 237 баш жолбун ит-мышыктар   атылып жок кылынды.

2015-жылдын   9  айында   25  соода  точкалары,унаа   ондоочу  2,той  өткөрүүчу  3, ашканалар 2,май  куйуучу жай 1,унаа  тетиктерин   сатуучу   1,пескоблок  чыгаруучу 2,жыгач  тилүүчу 2,пахта  тазалоочу 1,нанвайкана1, ун  тартуучу тегримен  2,жем  тартуучу  2 мончолор 2 ишканалар  иш  жүргүзүштү. Жеке  ишкер  Мамажанов  Нурбек тарабынан акиташ  чыгаруучу ишкана ишке киргизилди. Жеке ишкер  Асамидин  уулу  Максат  тарабынан элге кызымат  көрсөтүү  багытында  мончонун курулушун өз каражатынын  эсебинен  баштаган.Алар  белгиленген     тартипте патенттерин  төлөп турушат.

Ошондой болсо да  айыл  аймагында кайра  иштетүүчү  ишканаларды  курууга  маани берилбей жатат,Кээ бир  соода  түйүндөрундө сатууга коюлган буюмдарына толук  патент   алышпайт.

2015-жылдын9 айында 38  аз камсыз болгон үй-бүлөөгө  социалдык  паспорт толтурулган. Толтурулган  соц.паспорттордун  негизинде 325 үй-бүлөогө  мамлекеттик жөлөк  пул  чектелген. “ Кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзамына  ылайык  15   оорулууга  299000сом  материалодык жардамдар берилди. Айыл аймагындагы  крисизтик     10   уй-бүлөөлөргө 2500сомдон,23100 сом жардам берилди. Мүмкүнчүлүгү  чектелген  2  жаранга   күбөлүк   алынып берилди.

Айыл аймагындагы тоголок жетим,жарым жетим балдардын  тизмелери дагы бир  ирет  такталып  чыккан.

Билим берүү  багытында  алгылыктуу иштер жүргүзүлду. Бел  айылындагы Додон   мааласындагы  Калыкулов  Асамидин  атныдагы башталгыч   мектеп  пайдаланууга берилди. 180 ге жакын  мугалимдер  2100  окуучуларга татыктуу  тарбия берип жатышат. Мугалимдер  жамааты   мектептеги жарым жетим балдар,тарбиясы оор балдарды,майып  балдарды,мүмкунчүлугү  чектелген  мектпке кели оку албай  турган  окуучуларды тактап  чыгышкан. Жакшы  окуган окуучуларды окууга кызыктыруу  максатында   стипендия берүүлөрдү уюштурушкан. Кенеш  жана Г.Эргешов  атындагы Бел-Өрук  орто  мектептеринин эшик терезелерин  жанылоо  багытында  проект жазылып  ,түрткү берүүчү гранттан эсебинен  жүргузүлүп  жатат.Г.Эргешов  атындагы  орто  мектебинин класстык  бөлмөлөрүн  тактайлоо  үчүн өздук  көмөкчү  чарабасынын эсебинен 71  түп терек  кесилип иштетилген. Көйгөйлүу жери   мектептердин көмөкчү  чарбаларынан  түшкөн   кирешелерге    маани берилбейт. Айыл Өкмөтүнүн фианасы-экономика  бөлүмү  бул  маселени мектеп директорлорунан талап кылбайт,анын негизинде  мектеп жамааты  тапкан  кирешени өз алдынча  ,өздөрү билгендей  кылып  иштетишет.Бул  мыйзам бузуучулукка жатат.

Балдар бакчалары  боюнча   үч бала бакча иштеп   жатат.Иштеп жаткан балдар бакчалары   балдарды толук камтыганга  мүмкүнчүлүгү жок Тимурлан-Алым балдар бакчасына   кошумча  жамааттык денгээлдеги   тайпа  ачылган.

Айыл  Өкмөтү  тарабынан балдар бакчаларына,мектептерге  энергетикалык  паспорттор алынып берилген.

Кылмыштуулук боюнча     иштер жолго  колган .2015-жылдын 9  айында бир кылмыш  иши жасалып бети ачылган. Кылмыштуулуктун алдын алууда  аксакалдар  соту,аялдар кенеши,аксакалдар кенеши биргелешип иш  алып  баруу жагы   талаптагыдай эмес.  Коомдук  уюмдардын  активдүү    иштөөсү байкалбайт,айыл    Өкмөтү  тарабынан   да көзөмөлдөө  талаптагыдай эмес.

Айыл  Өкмөтунун  бюджетин  толуктоо   боюнча   иш  аракеттер жургүзүлүп ,жеткирилген     план тапшырмаларды  толук  аткаруу  боюнча  иштер жургүзүлүп жатат

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   Бел   айыл  Өкмөтүнүн социалды-экономикалык жактан өнүгүусүнүн 2015-жылдын 9  айында   аткарылган иштери  боюнча  айыл  Өкмөтүнүн  башчысы Каратаевдин  отчету   эске  алынсын.

 

2.Айыл  аймагындагы  өнөр  жай   ишканаларынын  иштөөсүн  жакшыртуу  менен өндүрүүнүн  көлөмүн  жогорулатууга  жетишүү,электр энергиясынан  болгон дебитордук   карыздарды  кыскартуу,  салык  жана  салык эмес  жыйымдардын жеткаирилген план  тапшырмаларынын   толугу  менен  аткартууга жетишүү  жагы  айыл Өкмөтүнүн  аппарат  кызматкерлерине   жүктөлсүн.

 

3.Калкты   медициналык  жактан тейлөөнүн  абалын жакшыртуу, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнө  жол  койбоо, жугуштуу  оорулардын  алуу багытында жүргузүлүп  жаткан  иштерге  талапты  күчөтүү  үй-бүлөлүк  дарыгерлер   топторунун  жетекчилерине  тапшырылсын.

 

4.Мал  чарбачылыгынын  асылдуулугун  жогорулатуу, эпизоотикалык  абалды  туруктуу  кармооал-жандыктарга  тиешелүү  болгон   вакцинацияларды  өзубагында  берүү   ветеринардык  дарыгер   Сулаймановго    милдлеттендирилсин.

 

5.Кайра   бөлүштүрүү   фондусунун  жерлерин  пайдаланылбай   калышына жол бербөө,ижара  акыларынын өз  убагында  төлөнүшүн  камсыз  кылуу,пайдалануу   мөөнөтү  бүткөн  жер  аянттарын  аукцион  өткөрүү   аркылуу жарандарга берүү  боюнча   иш  алып  баруу   айыл Өкмөтүнүн  жер  адиси  Абдазовдон  талап кылынсын.

 

6. Мектептердиналдар  бакчаларынын  материалдык-техникалык  базаларын  чындоо,жаш  өспүрүмдөрдү   сапаттуу тамак-аш менен камсыз  кылууга,спаорттук  аянтчаларды  курууга   кошумча  акча  каражаттарын  издеп  табуу   жагы  айыл Өкмөтүнө  тапшырылсын.

7.Жаны  конуштардын  инфраструкттурасын  жакшыртуулектр   энегрия,таза  суу   пробдеммаларын  чечүү  багытында   чечкиндүү  иш-аракеттерди көрүү,сугат  суудан  болгон  карыздарды  төлөөнү    уюштуруу,эт,сүт  багытындагы  фермердик  чарбаларды  түзүү,тамчылатып  суугарууну  пайдаланууну  ишке     ашыруу боюнча      иш  жүргүзүү  айыл Өкмөтүнун   аппарат  кызматкерлкеринен талап

кылынсын

8. Айыл  Өкмөтүнун   ваканттык    орундарына  кадрларды  алууну конкурстук жол аркылуу менен   татыктуу  кадрларды  тандоо,кызматкерлердин  ортосунда кызматтарды так бөлүштүрүү  айыл  Өкмөтүнүн  башчысынын   негизги милдети болуп эсептелинсин.

 

9.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык Кенештин  мыйзамдуулукту  сактоо  боюнча  туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -20сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

20-3   

17.10.2015

 

Бел  айыл  Өкмөтүнүн     2015-жылдын 22-сентябрындагы    № 22-токтомун бекитүү жөнүндө

Бел    айыл  аймагындагы  Бел  айылында   бир  гана  балдар  бакчасы  иштейт.Бала  бакчага  болгон  суроо-талап      көп.Ошондуктан   ата-энелердин  суроо талаптарын аткаруу боюнча  Бел  айыл Өкмөтү 2015-жылдын 22-сентябрында   Бел  айылындагы Тимурлан-Алым  балдар бакчасына кошумча  тайпа  ачууга  уруксат берүү жөнүндөгү №22-токтомун чыгарып,айылдык  Кенештен бекитип берүү  жагын  суранган. Жогорудагыладын  негизинде Бел  айылдык  Кенешинин (бешинчи  чакырылышынын)жыйырманчы  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Бел  айыл айманын бел  айылында жайгашкан “Тимурлан-Алым” балдар бакчасына кошумча тайпа  ачууга  уруксат берүү жөнундөгү Бел  айыл Өкмөтүнун 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 22-токтому  бекитилсин.

2.Кошумча  ачылган  тайпага  тамак  бышыруу  үчүн печка  алып берүү,тамак-аш  бышыруугаөлмөнү жылытууга   кеткен   электир  энергиясынын  чыгымдарын  каражат  таап, төлөп берүү  жагы  айыл Өкмөтүнун ФЭБнун  башчысы К.Мурзаевге  тапршырылсын.

3.Тайпага  келген  балдардын  тамак –ашы,тарбиячыларга    төлөнүүчүэмгек  акы  ата-энелерден чогулган  акча  каражаттарынын  эсебинен  жүргүзүлун.

4.Тайпаны  2016-жылдан  мамлекеттик  бюджетке   өткөрүү  боюнча  иш  жүргузүү бала бакчанын жетеекчиси  Исмаиловага        милдеттендирилсин.

5.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык Кенештин  саламаттык сактооилоим берүү боюнча  туруктуу  комиссиясына   жүктөлсүн.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

           Кыргыз Республикасы                                                                                 Кыргызская Республика

           Ош облусу Ноокат району                                                                  Ошская область Ноокатский район

 Бел  айыл    өкмөтү                                                                                  Бельская  сельская управа

         723403,Бел айылы,Т.Заитов көчөсү,77                                             723403,с.Бель, ул.Т.Заитова,77

         Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail. ru                                        Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail

Т о к т о м у

Бел  айылы                                                               № 22                                              2-сентябрь 2015-жыл

 

Тимурлан-Алым   балдар бакчасынын 2015-жылдын  25-августундагы  жамаатык чогулушунун №3 протоколун бекитүү  жөнүндө.

 

Тимурлан-Алым  балдар бакчасынын 2015-жылдын 25-августундагы жамааттык  чогулушунун №3-протоколун  угуп жана  талкуулап  Бел  айыл Өкмөтү   т о к т о м   к ыл а т:

1.Тимурлан-Алым  балдар бакчасына  кошумча  төртүнчү тайпа   ачуу  жөнүндөгү Тимурлан-Алым  балдар  бакчасынын 2015-жылдын  25-августундагы № 3-протоколу бекитилсин.

2.Тамак  бышыруучу  печка  алып берүү,тамак  бышырууга кеткен,бөлмөнү жарытууга кеткен электр энергиясынын  чыгымдарын каражат  таап,төлөп берүү  жагы ФЭБнун  башчысы  К.Мурзаевге  жүктөлсүн.

3. Тайпага келген  тамак-ашы, тарбиячыларга эмгек  акы төлөө, ата-энелерден  чогулган  акча каражатынын  эсебинен  жүргүзүлсүн.

4.Тайпанын  жүргүзүп жаткан иштерине  көзөмөлдүк  кылуу  жана тайпаны мамлекеттик  бюджетке өткөрүү   боюнча иш  жүргүзүү  балдар бакчасынын башчысы  А,Исмаиловага  милдеттендирилсин.

5.Токтомду бекитип берүү  жагы Бел айылдык  кенешинен  суралсын. 

 

Бел   айыл  Өкмөтүнүн   башчысы:                                  Каратаев.М.А.                                         

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -20сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

 20-4  

17.10.2015

 

Бел   айыл Өкмөтунун 2015-жылдын 15-октябрындагы №  29-токтомун бекитүү жөнүндө                  

Бел   айыл  Өкмөтүнүн Маштар   бөлүмүндөгү  Жаш  толук  эмес  орто  мектебинин   жаны  имаратын  салуу  үчүн   пландаштырылган  жер  аянты   таштак жайыт жер. Ал жерди башка  категорияга   которуу   жөнуңдөгү 2015-жылдын  15 октябрындагы айыл  өкмөтүнүн  №29  токтомун  угуп  жана  талкуулап   Бел  айылдык   Кенешинин(бешинчи  чакырылышынын)  жыйырманчы   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кыргыз  Республикасынын  Жер Кодексинин 11-13 статьяларына  жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдынг 15-июлундагы “ Жер  участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү “№145 –мыйзамына жана   Кыргыз  Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169  токтому  менен бекитилген  “ Жерлерди  бир  категориядан экинчи  категорияга которуу жөнүндөгү” Жобого   ы л айык  Бел   айыл  Өкмөтунүн  Маштар  бөлүмүндөгү   төмөнкү  контурдагы  жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.                               

Контурдун номери Жердин түрү           Аянты (га)

665     Таштак жайыт        1,9

2. Жогорудагы  аталган жер  аянтына      мектеп   салуу  үчүн  тиешелүү  болгон   юридикалык  документтерин   даярдоо  жагы Ноокат райондук кадастр жана  кыймылсыз  мүлккө  укуктарды  каттоо  башкармалыгынан   суралсын.

 

3.Ажыратылган жер аянттарына  карата    Ноокат райондук  шаар куруу  жана архитектура  башкармалыгынан  аталган  жер  аянтынын  архитектуралык план долбоорун  даярдап берүү   жагы  суралсын.

 

4.Жогорудагы  жайыт жер аянттарын “ “ Айыл  чарба  багытындагы  жерлер категориясынан” “Өнөр жайдын,транспорттун, байланыштын,коргонуунун  жана башка багыттагы жерлери” категориясына  которуп берүү  жагы  Ноокат  райондук мамлекеттик  администрациясынан  суралсын.

 

5.Токтомдун  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  Бел  айыл Өкмөтүнүн жерге  жайгаштыруу жана айыл  чарбасы  боюняа  адиси  М.Абдазовго милдеттендирилсин.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад

 

 

          Кыргыз Республикасы                                                                              Кыргызская Республика

           Ош облусу Ноокат району                                                              Ошская область Ноокатский район

 Бел  айыл    өкмөтү                                                                                  Бельская сельская управа

         723403,Бел айылы,Т.Заитов көчөсү,77                                              723403,с.Бель, ул.Т.Заитова,77

         Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail. ru                                         Тел.:(03230)6-02-91, bell. Ayul @mail

Т о к т о м у

Бел  айылы                                                               № 29                                         15-октябрь  2015-жыл       

Бел   айыл Өкмөтүнүн  аймагындагы  кайра бөлүштүрүү   фондусунун жана айыл чарба жерлерин ижарага берүү,турак-жай салууга жер аянттарын берүү  боюнча   комиссиясынын 2015-жылдын   10-октябрындагы №1-

                                           протоколун бекитүү  жөнүндө.                    

.

 Бел   айыл  Өкмөтүнүн жер боюнча  комиссиясынын  Бел    айыл Өкмөтүнө караштуу    Маштар  бөлүмүндөгү  1,9 га таштак   жайыт жер  аянттарын   айыл чарба  багытындагы жерлер  категориясынан “өнөр жайдын,транспорттун, байланыштын,коргонуунун  жана башка  багыттагы жерлер  категориясына  которуу  жөнүндөгү” 2015-жылдын  10-октябрындагы   №1-протоколун  угуп  жана  талкуулап Бел айыл өкмөтү

                                           Т о к т о м        к ы л а т :

1.Бел   айыл  Өкмөтүнүн    жер боюнча  комиссиясынын   Бел айыл  Өкмөтүнө караштуу Маштар  бөлүмүндөгү  таштак  жайыт жер  аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан  “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун  жана башка жерлер  категориясына  которуу жөнүндөгү” 2015-жылдын 10-октябрындагы №  1-протоколу   бекитилсин.

                            ( Протокол кошо   тиркелет.)

2. Кыргыз  Республикасынын  Жер Кодексинин 11-13 статьяларына  жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдынг 15-июлундагы “ Жер  участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү “№145 –мыйзамына жана   Кыргыз  Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169  токтому  менен бекитилген  “ Жерлерди  бир  категориядан экинчи  категорияга которуу жөнүндөгү” Жобого   ы л айык  Бел   айыл  Өкмөтунун  Маштар  бөлүмүндөгү   төмөнкү  контурдагы  жерлердин багыты өзгөртүлсүн                              

Контурдун номери

Жердин түрү

Аянты (га)

665                                                          

Таштак жайыт

1,9

3. Жогорудагы  аталган жер  аянтына      мектеп  салуу   үчүн  тиешелүү  болгон   юридикалык  документтерин   даярдоо  жагы Ноокат райондук кадастр жана  кыймылсыз  мүлккө  укуктарды  каттоо  башкармалыгынан   суралсын.

 

4.Ажыратылган жер аянтына    Ноокат райондук  шаар куруу  жана архитектура  башкармалыгынан  аталган  жер  аянтынын  архитектуралык план долбоорун  даярдап берүү   жагы  суралсын.

 

5.  Токтомду   бекитип  берүү  жагы  Бел айылдык кеңешинен  суралсын.

 

6.Токтомдун  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  Бел  айыл Өкмөтүнүн    жерге  жайгаштыруу жана айыл  чарбасы  боюняа  адиси  М.Абдазовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

    Бел  айыл  өкмөтүнүн башчысы                                М.Каратаев         

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Бел   айылдык   Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) -20сессиясынын

Т О К Т О М

Бел айылы

20-5   

17.10.2015

 

Бел   айыл    Өкмөтүнун   2015-жылдын 7-февралында  бекитилген         бюджетине   өзгөртүүлөр   жана   толуктоолор   киргизүү    жөнүндө

Айыл  аймагындагы  мекеме ишканалардын  2015-жылдын 9 айында аткарып  жаткан  иштеринде  финансалык  керектөөтөлөрдүн  жетишпей   жаткандыгы  боюнча     алардын  жетекчилеринен  келген  сураныч  каттарды   турмушка   ашыруу  жөнүндөгу   маселени  угуп  жана   талкуулап депутаттардын  Бел   айылдык  Кенешинин (бешинчи  чакырылышынын) жыйырманчы сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Бел  айыл  Өкмөтүнун  2015-жылдын 7-февралында   бекитилген  бюджетине  төмөнкүдөй   толуктоолор  жана   өзгөртүүлөр    киргизилсин.

2015-жылдын 9  айынын  жыйынтыгы менен   киреше  тармагынан  кошумча  түшкөн  кирешенин  эсебинен   смета  түзүлүп:

                      Билим берүу   тармагына

1.         Тимурлан-Алым балдар бакчасына   жылуулук  системасын  ондоо го   ст 2222-45,0

2.         Жоогазын-Нуру балдар бакчасына   уста     акысына   ст 2222-   30,0мин сом

3.         Г.Эргешов  атындагы  Бел-Өрук   орто   мектебине   материал  алууга  ст 2222-42,0 мин сом

4.         Жаш  толук эмес  орто  мектебинин  жаны салынуучу     имаратынын проектисине    ст 3111- 50,0 мин сом

5.         Кенеш  орто  мектебине  интерактивдуу   доска алууга       ст 2222- 45, 0  мин сом

6.         Мектептердин  мамлекттик  актысына      ст 2215 - 60,0мин сом

       Айыл  чарба   бөлүмүнө:

1.         Бел  айылынын Күнгөй  бөлүмүндөгү     Казначиев  Абдилла  атындагы көчөсундөгү селкананы  ондоого    ст 3111- 35,0  мин  сом

2.         Борбаш  айылындапгы  стадионду  ондоого   Р 70629 ст 2222- 60,0 мин сом

Жалпысы : 367,0 мин ( үч  жүз  алтымыш жети мин )  сом     жогоруда  көрсөтүлгөн  тармактарга иштетилсин.

3.         Көрсөтулгөн   акча   каражаттарына   сметаларды  түзүү,керектелүүчү   иш  кагаздарын  тактоо  жагы  айыл Өкмөтунун  жооптуу  катчысынын  милдетин аткаруучу  С.Шадыбековага  жана  ФЭБнүн  башчысы  К.  Мурзаевге  жүктөлсүн.

4.           Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Бел  айылдык Кенешинин    финансы-бюджеткономика жана өнөр жай, бизнес ишкердүүлуктү өнүктүрүү  боюнча    туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

Бел    төрагасы 

 

БекботоевТ

 

 

Назад