М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

14.03.2019

Т.Зулпуев атындагы  айыл өкмөтүндө Катуу тиричилик калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү  жөнүндө

2.

№2

14.03.2019

"Кызмат  көрсөтүүнү  уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө"

3.

№3

14.03.2019

"Муниципалдык ишкана ачуу  жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIIII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№1

14.03.2019

 

Т.Зулпуев атындагы  айыл өкмөтүндө Катуу тиричилик калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү  жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы  айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өкмөтүнүн  Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик  багыттагы  мекеме-ишканаларга карата  КТК болгон тарифин ЮСАИДдин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун эксперттеринин  кеп-кеңеши, ошондой эле Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы  айыл тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук жана регламент", "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы №83-токтомунун  Жобосуна  ылайык  Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Т.Зулпуев атындагы  айыл аймагындагы Катуу тиричилик калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти ар бир кожолук тарабынант чыгарылган  КТК  көлөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөнкү тариф белгиленсин:

-          Ар бир кожолуктан чыгарылган  1(бир) кап катуу Тиричилик Калдыктарына 20 сом ,

-          Коммерциялык ишканалар үчүн 1( бир ) кабына 40 сомдон

 

        Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөл  кылуу  жагы  Т.Зулпуев атындагы                                   айыл  кеңешинин "Укук,  мыйзамдуулук  жана регламент"  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIIII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№2

14.03.2019

 

"Кызмат  көрсөтүүнү  уюшутуруу стратегиясына кошумча кызматты уюштурууну кошуу жөнүндө"

Т.Зулпуев атындагы  айыл аймагында USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан "Кызмат уюштуруу стартегиясына" кошумча кызматты кошуу, башкача айтканда айыл аймагындагы Катуу Тиричилик Калдыктарын  чыгаруу кызматын кошуу жана кызматты уюштуруу стандарттары жана иш-аракеттер планы иштелип чыгуу боюнча Т.Зулпуев атындагы айыл кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук жана регламент", "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы №83-токтомунун  Жобосуна  ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Кызмат уюштуруу стартегиясына КТК чыгаруу кызматы кошулсун жана кызматты уюштуруу стандарттары жана иш-аракеттер планы иштелип чыгылсын;

 

2.    Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөл  кылуу  жагы  Т.Зулпуев атындагы                                   айыл  кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук  жана регламент"  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIIII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№3

14.03.2019

 

"Муниципалдык ишкана ачуу  жөнүндө"

            Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатындагы сунушунун  негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишкана түзүлсүн.

 

2.   Муниципалдык ишкананын атын коюу менен иш кагаздарын даярдоо жана юстициядан өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад