М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

26.12.2018

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019- жылдарга бюджеттин болжолунун  аткарылышы  жөнүндө "

2.

№2

26.12.2018

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата божомол бюджетин бекитүү  тууралуу

3.

№3

26.12.2018

"Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө"

4.

№4

26.12.2018

Спорт комплексин реконструкциялоого акча аражатын бөлүү жөнүндө

5.

№5

26.12.2018

Жаңыдан ачылган балдар бакчаларына электр лимиттерин бөлүү жөнүндө     

6.

№6

26.12.2018

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№1

26.12.2018

 

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019- жылдарга бюджеттин болжолунун  аткарылышы  жөнүндө "

        Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн " 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолунун аткарылышы  жөнүндө Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн " 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолунун аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№2

26.12.2018

 

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата божомол бюджетин бекитүү  тууралуу

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамынын 4-беренесинин 3 пунктуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев атындагы  "Жайыт пайдалануучулар" бирикмесинин 2019-жылга  карата өндүрүмдүүлүгүн түзгөн жайыт акысы 406 000 (төрт жүз алты мин) сом болуп бекитилген. Анын ичинде 119 000 (бир жүз он тогуз мин) сом жер салыгы көрсөтүлгөн. Жайыт пайдалануу бирикмесинин чыгаша бөлүгү   287 000 (эки жүз сексен жети мин ) мин сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыт акысына төгүлгөн акча каражаты кайрадан толугу менен кайтарылып берилсин.

2. 2019-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышында максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Арапов Азиретке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет, ишкердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.         

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№3

26.12.2018

 

"Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө"

           Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө Жобонун жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамды жетекчиликке алуу менен   Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл № 715 токтомуна ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө берүү боюнча Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан берилген төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмеси бекитилсин:

1.үстүбүздөгү жылдын түшүм үчүн себүү жөнүндө,

2.Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө,

3.Түшүмдү жыйноо,күздүк себүү жана тондурма айдоо тууралуу,

4.Айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн  түшүмдү  дүн жыйноо жөнүндө,

5.Айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жыйноо жөнүндө,

6.Дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө,

-форма № 26 ск

           -форма №6 малдын эсеби

-форма  №3 малдын эсеби

-форма №4 малдын эсеби

7.Тоюттарды өндүрүү жөнүндө,

8.Дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу,

9.Айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө.

 

2. Берилген ыйгарым укуктар  боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык жүргүзүү айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарды аткарууну жетектөөчү адис статистине тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№4

26.12.2018

 

Спорт комплексин реконструкциялоого акча аражатын бөлүү жөнүндө

           Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдындагы спорт комплексин эскилиги жетип, кароосуз  калгандыгына  байланыштуу үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен жаныдан реконструкция  кылууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдындагы спорт комплексинин футболдук аянтчасын  жана  көрүүчүлөр  олтуруучу  жайын ондоп түзөп, калыбына келтирүү иштерине 3112-беренесине 468500 (төрт жүз алтымыш сегиз мин беш жүз) сом ажыратылып берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Т. Зулпуев айылдык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№5

26.12.2018

 

Жаңыдан ачылган балдар бакчаларына электр лимиттерин бөлүү жөнүндө     

     Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Калдай жана Уч Бай айылдарына бала бакчалары ачылганына байланыштуу аларга электр энергиясына лимиттерди кароо жөнүндө  Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Калдай жана /ч Бай айылдарындагы бала бакчалары иштеп, анда   110 бала  тарбияланып жаткандыгына байланыштуу аларга 60,0 кв  электр энергиясы  үчүн  151,8 (бир жүз элүү бир мин сегиз жүз ) сом 2019-жылдын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

Т О К Т О М

Атамерек айылы

№6

26.12.2018

 

"Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

           Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга  республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Т. Зулпуев айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2 жана 4-пунктуна таянып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2019-жылга Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 21084,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.                                                      Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак аш, социалдык жардамдарга  жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

2. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын.                                                                       Кирешенин болжолу 2020-жылга 18224,4 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5796,0 мин сом менен) жана 2021-жылга 16527,3 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6051,9  мин сом менен) белгиленсин. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

3. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

4.   Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

-          Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-          Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

-          Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша  бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

5. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү айылдык Кенештин сессиясында каралсын.

6.  Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экомикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Зулпуев айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Т. Зулпуев атындагы  төрагасы 

 

К.Мурзаматов                 

 

 

Назад