Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүкаймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси - И.И.Матраимовго

 

Макулдашуу каты.

 

Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтү төмөндөгү муниципалдык кызматтын 8 бош кызмат орундарына  конкурс жарыялоонун  шарттарын макулдашуу үчүн жөнөтөт.

 

КОНКУРС  ЖАРЫЯЛАЙТ !

 

Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтү, айыл өкмөтүндөгү  муниципалдык кызматтын төмөндөгү 8 бош  кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

1.Айыл өкмөтүнүн каржы экономка бөлүмүнүн башчысы кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку билимдүү  (Экономика жана финансы кызматтары боюнча жогорку билимге ээ болуусу шарт.)

2. Муниципалдык, же мамлекеттик кызмат стажы кеминде 2 жыл, же адистиги боюнча иш стажы кеминде 3 жыл;

3. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүү жана документтер менен так иш алып баруусу керек.

Функционалдык милдеттери:

ФЭБ башчысы айыл өкмөтүнүн жалпы финанса экономика маселелерин тейлейт.

 

2Айыл өкмөтүнүн маалыматтык – компьютердик технологиялар боюнча жетектөөчү адиси кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү; (Мал чарбасы жана техникалык адистиктен сырткары.)

2. Уюштуруучулук  жана документация менен иштөө жөндөмү болуусу;

3. Компьютерде word, excel, интернет байланыш программаларында иштей билүү керек.

Функционалдык милдеттери:

Айыл өкмөтүнүн маалымат ресурстарын түзүү, тейлөө,маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагын жөнгө салуу,системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу, заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документтер менен иштөө системасын өркүндөтүү.

 

3.Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү;

2. Уюштуруучулук  жана документация менен иштөө жөндөмү болуусу;

4. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүү керек;

 

Функционалдык милдеттери:

Калктын турак жай  маселесин чечүү боюнча иш аракеттерди жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттерди жүргүзөт. Жарандык коргонуу  иштерин координациялайт. Жарандык коргонуу боюнча маалыматтарга жооп берет.

 

4. Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү;

2. Уюштуруучулук  жана документация менен иштөө жөндөмү болуусу;

3. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүү керек;

 

Функционалдык милдеттери:

Жер реформасын жүргүзүү, калктын турак жай  маселесин чечүү боюнча иш аракеттерди жүргүзөт. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндөгү жана айыл чарбасына тиешелүү болгон  маселелерди чечет. КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча келишимдерди түзөт. Муниципалдык менчиктеги обьектилерди, жолдорду, тарыхый архитектуралык курулуштарды, эс алуучу жайларды жана мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрөт жана алардын абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Айыл чарбасы, жерди ижарага берүү, түз жана аукциондо сатуу боюнча комиссиянын иштерин жүргүзөт.

 

5. Айыл өкмөтүнүн юрист башкы адиси кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку билимдүү;

2. Муниципалдык, же мамлекеттик кызмат стажы кеминде 2 жыл, же адистиги боюнча иш стажы кеминде 3 жыл;

3. Уюштуруучулук жана документация менен иштөө жөндөмү болуусу;

4. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүү керек;

Фукционалдык милдеттери:

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин  иш кагаздарын аткарылышында жалпы мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат жана аларга ушул багытта көмөк көрсөтөт. КРнын Конституциясы жана Мыйзамдары боюнча аппарат кызматкерлери арасында окууларды уюштурат. Кошумча өз милдеттери чегинде иш алып барат.

 

6. Айыл өкмөтүнүн эсептик бухгалтер жетектөөчү адиси кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү; (Экономика жана финансы кызматтары боюнча жогорку, же атайын орто билимге ээ болуусу шарт.)

2. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүүсү керек;

Функционалдык милдеттери:

Эсептик бухгалтер өз ишинде бюджеттик-салыктык, эсептик-төлөмдүк мамилелерди жөнгө салат жана башка өз милдеттеринин чегинде иш жүргүзөт.

 

 

7. Айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча адиси кассир кызматына, квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү (Экономика жана финансы кызматтары боюнча жогорку, же атайын орто билимге ээ болуусу шарт).

2. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүүсү керек.

 

Функционалдык милдеттери:

Айыл өкмөтүнүн  чыгашалар боюнча адиси-кассири  өз ишинде бюджеттик-салыктык, акча-кредиттик жана эсептик-төлөмдүк мамилелерди жөнгө салат жана башка өз милдеттеринин чегинде иш жүргүзөт.

 

8. Айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу боюнча инспектору кызматына квалификациялык талаптар:

1. Жогорку, же атайын орто билимдүү;

2. Уюштуруучулук  жана документация менен иштөө жөндөмү болуусу;

3. Компьютерде word, excel программаларында иштей билүү керек;

Функционалдык милдеттери:

Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакыруучулардын эсебин аныктайт жана тизмелерин түзөт. Аларга аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакыруу боюнча повесткаларды жеткирет. Альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдүн санын аныктайт.

 

 

       Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

1. Конкурсттук комиссиянын атына жазылган арыз.

2. Өздүк каттоо баракчасы.

3. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн болушу керек).

4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн  болушу керек).

5. Паспорттун көчүрмөсү.

6. Резюме.

7. Өмүр баян.

 

Конкурска катышуучулардын документтери атайын жарыя чыккан күндөн  баштап 2 жума  аралыгы ичинде  Ынтымак  айыл өкмөтүнүнжооптуукатчысынынкабинетинде  кабыл  алынат.  Сурап билүү үчүн 0778  10-22-28 уюлдук телефонуна кайрылсаңыздар болот.

 

Ынтымак

 

айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                           А.Абдикулов.