М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

29.12.2018

Ынтымак  айылдык кеңешинин  2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

2.

2

29.12.2018

Ынтымак айылдык кеңешинин алдындагы укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө

3.

3

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30-протоколу жөнүндө

4.

4

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисанын арызын кароо жөнүндө

5.

5

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы эски                            Беш-Буркан орто мектебине чыккан №77 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

6.

6

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  ижара аксынын 2019-жылга карата болжолдуу планын  бекитип берүү жөнүндө

7.

7

29.12.2018

Ынтымак айылдык кеңешинин              2018-жылдын  10-августундагы       №6 токтомун жокко чыгаруу тууралуу

8.

8

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

9.

9

29.12.2018

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен 

жергиликтүү өз алдынча  башкаруу   органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды  жыйноо  боюнча   айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү  жөнүндөгү келишимди бекитип  берүү жөнүндө

10.

10

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгы, таштанды салыгы жана таштандыларды ташып чыгуудагы алынуучу салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап айылдык кенеш

11.

11

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн     2018-жылдын     22-декабрындагы  № 2-протоколу жөнүндө

12.

12

29.12.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  "Ардактуу атуулу"  наамын ыйгаруу тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

1

29.12.2018

 

Ынтымак  айылдык кеңешинин  2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган айылдык бюджети жана                 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2019-жылга республикалык бюджети  жана 2020-2021-жылдарга болжолу   жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелуу  айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү"  №101 Мыйзамынын  31-статьясынын 2-пунктунун  2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин   78-беренесине ылайык Ынтымак айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.  2019-жылга Ынтымак айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары   12019,6  мин сом өлчөмүндө   бекитилсин

            2. 2019-жылга айылдык бюджеттин   кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

            Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун   негизги көрсөткүчтөрү   № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

            Кирешенин болжолу 2020-жылга 12429,8 мин сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5026,5 мин сом менен) жана 2021-жылга    12642,9мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4813,6мин   сом менен) белгиленсин.

            Ынтымак айыл өкмөтүнүн   2020-2021-жылдарга   айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн   болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

            4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү   толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

             Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдүрүнүн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндүгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.           

                        7.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;  

            -  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

            -  киреше бөлүгүнөн   белгиленген пландан ашыкча түшкөн   каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн   өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

            8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

            10. Ынтымак айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 10998,5 мин сомго, чыгаша бөлүгү 9973,8мин сомго же кирешенин чыгашадан 1024,7мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

           11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

2

29.12.2018

 

Ынтымак айылдык кеңешинин алдындагы укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген "Бузуулар жөнүндөгү" кодексинин талаптарын  аткарууга алуу  жана айыл өкмөтүнүн аймагында бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндөгү" кодексинин  313-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндөгү" кодексинин                                            313-беренесинин 3-пунктунун талаптары аткарууга алынсын

 

2.         Ынтымак айылдык кеңешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобосу жана комиссия курамы бекитилсин (тиркеме  тиркелет)

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

3

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30-протоколу жөнүндө

 Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30 -протоколун  карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-13-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" №145-мыйзамына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартында бектилген №169-токтомуна ылайык Ынтымак айылдык кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каримберди бөлүмүнө  курулууга долбоорлонгон  канал куруу үчүн  "Айыл чарба багытындагы  жерлер" категориясынан 1,59 га таштуу жайыт жерлерин "Суу фондусунун жерлери" категориясына (трансформациялоо) которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3.Каримберди бөлүмүнө  курулууга долбоорлонгон  каналга  архитектуралык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын

4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

4

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисанын арызын кароо жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин күн тартибиндеги Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Уруниса арызын кароо жөнүндөгү Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2018-жылдын 5-декабрындагы                                                № 27-протоколун карап чыгып айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисанын арызы канааттандырылсын

       2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну  Сейдалиева Урунисага мал чарбасын өнүктүрүү максатында Каримберди конушунан                        Камыш короонун ордун мал кармоочу короо салуу үчүн   көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин

      3.   Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисага Каримберди конушундагы Камыш короонун ордун мал чарбасын өнүктүрүү максатында короо куруп көп жылдык пайдаланууга берүү үчүн келишим түзүү Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы   Н. Жоробековко жана айыл өкмөтүнүн жер адиси  Э. Камаловко милдеттендирилсин

   4.Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

5

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы эски                            Беш-Буркан орто мектебине чыккан №77 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги сессиясы, Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2018-жылдын                               18-декабрындагы №28 протоколун негиз Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы эски Беш-Буркан орто мектебинин 0,63га жер аянтына №77 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо  менен  багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2018-жылдын                18-декабрындагы, Беш-Буркан айылынын эски Беш-Буркан орто мектебинин  0,63га жер аянтына №   токтомуна өзгөртүү жана толуктоо менен  багытын өзгөртүп берүү,  жөнүндөгү  №28 протоколу жактырылсын.

 

2.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн  эски Беш-Буркан орто мектебинин 0,63га жер аянтынын 0,05га жер аянтына спорт комплекс, 0,015га жер аянтына маданият үйү, 0,03га жер аянтына ФАП жана 0,40га жер аянтына балдар бакчасын курууга сунушталсын.

3.         Жогоруда аталган муниципиалдык жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4.         Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын.

5.         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

6

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  ижара аксынын 2019-жылга карата болжолдуу планын  бекитип берүү жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши Ынтымак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара акысын 2019-жылга  болжолдуу планын бекитип  берүү маселемин  карап жана талкуулап  чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын 2019-жылга болжолдуу планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы А. Абдикуловко милдеттендирилсин

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

7

29.12.2018

 

Ынтымак айылдык кеңешинин              2018-жылдын  10-августундагы       №6 токтомун жокко чыгаруу тууралуу

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги 2018-жылдын 2018-жылдын 10-августундагы №6 токтомун жокко чыгаруу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди конушунун Шор-Булак  жайытындагы эски бузулуп кеткен мал багуучу короонун орду, жайыт жерине катталып калгандыктан  айылдык кенештин 2018-жылдын 10-августундагы  №6 токтому жокко чыгарылсын.

 

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын.

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

8

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын   31-беренесинин 2 пункутуна ылайык Ынтымак айылдык кенешинин депуттары

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата  бюджети тиркемеге ылайык  киреше  бөлүгү 405,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 405,0 сомго  бекитилсин.

 

1.         Жайыт аянттарын пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт пайдалануучуларга жайыт пайдалануу боюнча мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Сейдалиевке милдеттендирилсин

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссииясына тапшырылсын

 

 

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

9

29.12.2018

 

Ноокат райондук статистика бөлүмү менен 

жергиликтүү өз алдынча  башкаруу   органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды  жыйноо  боюнча   айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү  жөнүндөгү келишимди бекитип  берүү жөнүндө

Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн 2019-жылдын 16-январындагы №01-04ү8 сандуу катынын негизинде Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо  боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат райондук статистика  бөлүмү  менен  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарынын ортосундагы  экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды  жыйноо боюнча айрым  мамлекеттик ыйгарым укуктарды  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу   органдарына берүү  жөнүндөгү келишим бекитилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мамлекеттик бийлик жана  өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

10

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгы, таштанды салыгы жана таштандыларды ташып чыгуудагы алынуучу салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап айылдык кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 335га жер аянты, жашаган кожолук саны-1615, 2019-жылга тамарка салыгы боюнча 494 кожолукка 139,40га жер аянтына женилдик берилсин

2. 346 кожолук пенсионерлерге жер аянты 85,9 женилдик берилсин

3. 140 көп балалуу үй-бүлөлөргө 32,75га жерге жеңилдик берилсин

4. 13 кожолук Афганистан, Чернобл, Баткен коогаландарына катышкандарга женилдик берилсин

5. 40 кожолук  I, II топтогу майыптарга женилдик берилсин

6. Калган 1014 кожолуктардын 214,7га жер аянтынан  тамарка салыгы өндүрүлсүн

7.Физикалык тараптардан алынуучу таштандыларды ташып чыгуу боюнча ар бир кожолука таштанды салыгынын өлчөмү 100(жүз) сомдон болуп бекитилсин

8 Салыктардын бардык түрү боюнча салыктын өз убагында төгүлүшү кожолук ээлерине милдеттендирилсин

11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу    комиссииясына тапшырылсын

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

11

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн     2018-жылдын     22-декабрындагы  № 2-протоколу жөнүндө

 Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Оргу коопаративинин 2018-жылдын 22-декабрындагы Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн макулдугу менен бала-бакча куруу үчүн коопаративдин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтын, Ынтымак айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу №2-протоколун  карап жана талкуулап Ынтымак айылдык кенеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Оргу коопаративинин 2018-жылдын 22-декабрындагы Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн макулдугу менен бала-бакча куруу үчүн коопаративдин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтын, Ынтымак айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу №2-протоколу жактырылсын

2. Оргу коопаративинин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтына бала-бакча куруу үчүн, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын

3. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4.Аталган жер аянтына бала-бакча куруу үчүн архитектуралык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын

5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

12

29.12.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн  "Ардактуу атуулу"  наамын ыйгаруу тууралуу

Ынтымак айыл аймагында социалдык маанидеги  маселелерди чечүүдө өз салымдарын кошкон жана бир катар жигердүү кайрымдуулук иштерин аткарган  Ынтымак айыл өкмөтүнүн  тургундарына Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу"  наамын ыйгаруу максатында Ынтымак айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамы Ынтымак айылынын тургуну Жарматов Курмушуга, Акшар айылынын тургуну Мурзаканов                  Эргешке, Ынтымак айылынын тургуну Кыргызов Азимге, Беш-Буркан айылынын тургуну Тойчуев Амирге, Арык-Бою айылынын тургуну Жоробекова         Патилага ыйгарылсын

 

2.         Жогорудагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундарына "Ардактуу атуулу" наамынын күбөлүктөрүн даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө                                    милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мамлекеттик бийлик жана  өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А. Абдикулов                 

 

 

Назад