М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

28.03.2018

Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук отчету жөнүндө

2.

2

28.03.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн                 2017-жылдын 26-декабрындагы   10-сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

3.

3

28.03.2018

Ынтымак айылдык кеңешинин  туруктуу жер, суу жана электр энергия жолдор боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын 23-мартындагы №1 протоколу жана 2018-жылдын №2 протоколу   жөнүндө

4.

4

28.03.2018

Айыл окмотунун 2018-жылдын 23-мартындагы №26 токтому жонундо

5.

5

28.03.2018

Ынтымак айылдык кеңешинин  туруктуу Уюштуруу укуктук  маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын 16-мартындагы                             №1 протоколу жөнүндө

6.

6

28.03.2018

Жайыт комитетинин төрагасынын 2018-жылдын 7-мартында айылдык кеңешине  №10 болуп катталган билдирүүсү жөнүндө

7.

7

28.03.2018

Айылдык кеңештин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

8.

8

28.03.2018

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

1

28.03.2018

 

Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук отчету жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча турукутуу комиссиясынын  протоколдук отчету жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып  Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук отчету канааттандыраарлык деп баалансын.(протокол тиркелет)

 

2.         Т. Кулатов атындагы жана Беш-Буркан орто  мектептеринин директорлору Камкорчулар фонду боюнча бир айдын ичинде банк менен келишим түзүп фонд ачуу жагы тапшырылсын.

 

 

3.         Мектептердин кароолдору  кечки мөөнөт менен  мектепте жатуу жагы милдеттендирилсин

 

4.         Арык-Бою орто мектебинин проэктисин түзүү жана акчасын табуу бюджет комитетине милдеттендирилсин.

 

 

5.         Бүчүр гүл балдар бакчасына бир айдын ичинде жер ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн башчысы    Н. Жоробеков жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Камаловко  милдеттендирилсин

 

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Ынтымак айылдык кенешинин төрагасы А. Абдикуловко  тапшырылсын.

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

2

28.03.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн                 2017-жылдын 26-декабрындагы   10-сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдыктан 2018-жылга аткарылышы жөнүндөЫнтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык  акча каражатын 2018-жылга иштеттүү боюнча Ынтымак айылдык кеңешинин "Бюджет салык жана финансы" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан  каралып чыгылган.

 Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык  Ынтымак айылдык кенеши жалпы кеңеште карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 1133,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн  2017-жылдан калган калдык кирешелери жана чыгашалары менен 2018-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 1133,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

 

1.         241500 сом - 23-мартындагы  №5 протоколуна негиз ПРООН тарабынан курулуучу  хауз хлорателныйге  өздүк салымы үчүн  23-мартындагы "Жалпы элдик жыйындын  №5 протоколуна негиз бөлүнүп берилсин.

 

2.         2141500сом - 23-мартындагы  №5 протоколуна негиз ПРООН тарабынан курулуучу  Айыл аймактын борбордук Шаимшидин жана  Э. Саитов көчөлөрүнүн 2,5 км жерге  жарыктандырууга,  өздүк салымы үчүн   бөлүнүп берилсин.

 

 

3.         176000сом  - Т. Кулатов атындагы орто мектебинин спорт залынын терезе эшиктерин пластик эшик-терезелерге алмаштыруу үчүн бөлүнүп берилсин.

 

4.         10 000сом . Кулатов атындагы орто мектебине прожектор алуу үчүн бөлүнүп берилсин

 

5.         40 000 - Айыл өкмөтүнүн ветеранына материалдык, моралдык жактан колдоо максатында үйүнө  таза-суу киргизүү үчүн бөлүнүп берилсин.

 

 

6.         20000  - Жазгы тала жумуштарына, айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн канал-арыктарды тазалоого  бөлүнсүн

 

7.         45000  - Айыл аймагында көрнөк-жарнактарга кайрадан жаңылоо үчүн бөлүнсүн.

8.         80 000 - Мурзакан көчөсүнө электр өткөргүч  столба (10д) алуу үчүн бөлүнсүн

 

9.         150 000-Беш-Буркан айылындагы Ак сай сайына көпүрөө куруу үчүн бөлүнсүн

 

 

10.       47 000  -Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепетин жоюуга

 

11.       20 000  -Эшанкул ата көчөсүнүнө шагал салып жолду оңдоого

 

 

12.       50 000 - Спортту өнүктүрүү максатында спорттук иш-чараларга кошумча ажыратылсын

 

13.       12 000- Айыл өкмөт кеңсесинин  көрнөк-жарнактарын жаңылоо үчүн бөлүнсүн.

 

3.Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджеттин финансылык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы  Н. Жоробековко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Пайизовко милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтомдун  аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы    А. Абдикуловко тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

3

28.03.2018

 

Ынтымак айылдык кеңешинин  туруктуу жер, суу жана электр энергия жолдор боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын 23-мартындагы №1 протоколу жана 2018-жылдын №2 протоколу   жөнүндө

Ынтымак айылдык кенеши күн тартибиндеги жер, суу жана электр энергия жолдор боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук отчету жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айылдык кеңешинин  туруктуу жер, суу жана электр энергия жолдор боюнча комиссиясынын курамынын 2018-жылдын 23-мартындагы №1 протоколу жана 2018-жылдын №2 протоколдору бекитилсин.(протоколдор тиркелет)

 

2.         2018-жылдын 23-мартындагы №1 протоколуна негиз Ынтымак айылындагы борбордук стандиондун жанынан 58,5  мв жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу жагы айыл өкмөтүнүң башчысы Н. Жоробековко тапшырылсын.

 

3.         2018-жылдын 26-мартындагы №2 пртоколуна негиз Мурзакан айылына муниципиалдык менчиктеги 0,10га жер аянты бала-бакча куруу үчүн ажыратып берүү  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы   Н. Жоробековко тапшырылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасы А. Абдикуловко милдеттендирилсин.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

4

28.03.2018

 

Айыл окмотунун 2018-жылдын 23-мартындагы №26 токтому жонундо

Ынтымак айылдык кенештин  күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын   23-мартындагы №26 токтому жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы №26 токтому бекитилсин

(токтом  тиркелет)

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы                                               Н. Жоробековко тапшырылсын.

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

5

28.03.2018

 

Ынтымак айылдык кеңешинин  туруктуу Уюштуруу укуктук  маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын 16-мартындагы                             №1 протоколу жөнүндө

Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Уюштуруу укуктук  маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын                               16-мартындагы  №1 протоколу жөнүңдөгү маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликттүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 мыйзамынын 36-беренесинин 1пунктуна  таянып айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Уюштуруу укуктук  маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын курамынын отурумунун 2018-жылдын 16-мартындагы №1 протоколунун негизинде, союздун уставына ылайык тийиштүү аймакта жашган ар бир жараан 1 жылына  сомдон мүчөлүк акы төлөө жагы милдеттендирилсин.(протокол тиркелет)

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы                                               Н. Жоробековко тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

6

28.03.2018

 

Жайыт комитетинин төрагасынын 2018-жылдын 7-мартында айылдык кеңешине  №10 болуп катталган билдирүүсү жөнүндө

Айылдык кеңеши  күн тартибиндеги  Жайыт комитетинин төрагасы                                            А. Сейдалиев  2018-жылдын 7-мартында айылдык кеңешине  №10 болуп катталган билдирүүсү жөнүндөгү маселени айылдык кеңеши  карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайыт комитетинин төрагасы А. Сейдалиевдин билдирүүсүнө Ноокат районунун токой чарбасынын  карамагындагы жайыт аянттарын пайдаланууга  жайыт акы төлөмү боюнча сунушу жактырылсын:

 

2.         1 жылкы, кара мал, эчки  1 айга 20 сом 7 айга 140 сом

       Койго 1 айга 12 сом 7 айга 84 сом белгиленген жайыт акысы бекитилсин

3.         Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы А. Сейдалиевке тапшырылсын

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

7

28.03.2018

 

Айылдык кеңештин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Кун тартибиндеги Айылдык кеңештин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн  иш планы  бекитилсин (иш план тиркелет)

 

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңешинин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын.

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ынтымак айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Ынтымак айылы

8

28.03.2018

 

Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө

Айылдык кеңеши  күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн 2018-жылга  карата штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ынтымак айыл өкөтүнүн 2018-жылга карата штаттык бирдиги бектилсин             .(штаттык бирдик тиркелет)

 

2.         Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдике өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү  айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко тапшырылшын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы                              Н. Жоробековко милдеттендирилсин.

 

 

Ынтымак айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Абдужапар кызы            

ТИРКЕМЕ №7

 

Назад