М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

28-1

22.07.2019

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө.

2.

28-2

22.07.2019

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн  2020-2022-жылдарга карата долбоору жөнүндө

3.

28-3

22.07.2019

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын  зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн  беренелерге жылдыруу жөнүндө.

4.

28-4

22.07.2019

Айтамга айылындагы "М.Бостонбаев" атындагы орто мектебинин чегине курулган  мини футбол аянтчасын ижарага берүү,иш графигин жана ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

28-1

22.07.2019

 

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канаатандыраарлык деп табылсын.

 

2.         Айыл өкмөтүнүн иш пландарына негиз,  аткарылып жаткан иштердин  убагында толук жана сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн адистерине милдеттендирилсин.

      

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

28-2

22.07.2019

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн  2020-2022-жылдарга карата долбоору жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата туура пайдалануусун камсыз кылуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата сунушталган киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн божомол долбоору бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.         Айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата бекитилген киреше жана чыгаша  бөлүмдөрүнүн божомол долбоору, каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнө сунушталсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин     "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

28-3

22.07.2019

 

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын  зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн  беренелерге жылдыруу жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жергиликтүү бюджеттин 70629 ЖКХ бөлүмүндөгү 31113220 беренесиндеги  

200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты,жергиликтүү бюджеттин;                                                                                                                       -70629 ЖКХ бөлүмүнүн 22211200 беренесине 100 000 (бир жүз миң) сому,        -70921 мектептер бөлүмүнүн 22221200 беренесине 75 000                            (жетимиш беш миң ) сому,

-  70825 бөлүмүнүн 22211200 беренесине  25 000 сому жылдырылсын.

 

2.         Жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка 

                    бөлүм беренелерине жылдырып берүү жагы, каржы министрлигинин         

                    Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.

 

3.         Акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм беренелерине  

  талаптарга ылайык жылдыруу жагы ФЭБ башчысынын милдетин     

  убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин       

               "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу

               комиссиясына жүктөлсүн.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 28 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

28-4

22.07.2019

 

Айтамга айылындагы "М.Бостонбаев" атындагы орто мектебинин чегине курулган  мини футбол аянтчасын ижарага берүү,иш графигин жана ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Муниципалдык менчикти туура пайдалануу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айтамга айылындагы "Бостонбаев" атындагы орто мектебинин чегинде турган, кичи футбол аянтчасы, Айтамга айылынын тургуну Шамшиев Асилге,"Бостонбаев" атындагы орто мектебинин жетекчилиги менен түзүлгөн эки тараптуу  ижара келишиминин негизинде ижарага берилсин.

 

2.         Ижара акысы,бир айга 2000 (эки миң) сом болуп белгиленсин.

 

3.         Ижара акысынан түшкөн акча каражатын,мектептин спорт аянтчасындагы спорттук жабдыктарынын жана кичи футбол аянтчасынын оңдоп түзөө иштерине  жумшоону камсыз кылуу жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин      

      "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу        

      комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов               

 

 

Назад