М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

24-1

23.01.2019

Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

2.

24-2

23.01.2019

Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

3.

24-3

23.01.2019

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-январына карата, "2018-жылдын бекитилген бюджетинен" калган калдыктарынын эсебинен,2019-жылга карата бекитилген  жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

4.

24-4

23.01.2019

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим боюнча

5.

24-5

23.01.2019

 Айыл аймагындагы калктуу конуштарга,айыл статусун алуу жөнүндө. 

6.

24-6

23.01.2019

Айылдык кеңештин 2019-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

            Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 14-4 сандуу токтому менен сунушталган 96,23 гектар жер аянтынын ичинен №1014 сандуу контурундагы- 0,46 гектар водопроводдук станциясынын жер аянты, №1015 сандуу контурундагы - 3,05 гектар чөп сактоочу жер аянты, №1040 сандуу контурундагы - 0,32 гектар шагыл жана №1070 контурдагы - 0,28 гектар ыңгайсыз жер, жалпысы болуп 4,11 гектар жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясында каралбагандыгына байланыштуу, аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна  ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 14-4 сандуу токтомунун преамбуласындагы;

-           Айтамга айылынын күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "20,01 гектар";

-           Додоң айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "11,64 генктар";

-          Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "45,48 гектар";

-           Толман 1 (Жабылы) бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "0,90 гектар";

-           Авиз 1 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки " 4,1 гектар;

-           Авиз 2 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "14,1 гектар" деген сөздөр алынып салынсын.

-          "жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 96,23 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын" деген сөз "жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 92,12 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду  жер аянттарын"   деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

2.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 14-4 сандуу токтомунун

1-пунктуна;

-          "жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн" деген сөз "жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн" деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

3.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 14-4 сандуу токтомунун

2-пунктуна;

-           "жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн" деген сөз "жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн" деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, транспорт, энергетика, өнөр жай, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

24-2

23.01.2019

Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтому менен сунушталган 96,23 гектар жер аянтынын ичинен №1014 сандуу контурундагы- 0,46 гектар водопроводдук станциясынын жер аянты, №1015 сандуу контурундагы - 3,05 гектар чөп сактоочу жер аянты, №1040 сандуу контурундагы - 0,32 гектар шагыл жана №1070 контурдагы - 0,28 гектар ыңгайсыз жер, жалпысы болуп

4,11 гектар жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясында каралбагандыгына байланыштуу, аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна  ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтомунун преамбуласындагы;

-           Айтамга айылынын күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "20,01 гектар";

-           Додоң айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "11,64 генктар";

-           Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "45,48 гектар";

-          Толман 1 (Жабылы) бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "0,90 гектар";

-           Авиз 1 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки " 4,1 гектар;

-           Авиз 2 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки "14,1 гектар" деген сөздөр алынып салынсын.

-          "жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 96,23 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын" деген сөз "жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 92,12 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду  жер аянттарын"   деп өзгөртүү киригизилип окулсун.

2.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтомунун 1-пунктуна;

-           Күнгөй бөлүмүнөн контур деген сөздөн кийин "№1015 3,05 га МТФнын чөп сактоочу жер аянты, контур №1014 0,46 га вд. пр. станция";

-           Контур №1011 0,11 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин "бардыгы болуп 20,01 гектар";

-          Контур №353 8,24 га таштак жайыт деген сөздөн кийин "бардыгы 10,76 гектар";

-           Контур №1037 0,4 га кысыр аңыз деген сөздөн кийин "45,48 гектар";

-           контур №174 4,98 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин "бардыгы 19,08 га";

-          Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн контур деген сөздөн кийин "№1070 0,28 га ыңгайсыз жер";

-           Контур №1058 6,65 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин "Контур №1040 0,32 га шагал" деген сөздөр алынып салынсын.

-          Жалпысы болуп деген сөздөн кийин "96,23 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын" деген сөздөрдүн ордуна "92,12 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын" деп өзгөртүү киргизилип окулсун.

3.         Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы "Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын "Калктуу конуш" категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү" № 14-5 сандуу токтомунун 2-пунктуна;

-          Жалпысы болуп деген сөздөн кийин "96,23 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын" деген сөздөрдүн ордуна "92,12 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын" деп өзгөртүү киргизилип окулсун.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, транспорт, энергетика,, өнөр жай, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

24-3

23.01.2019

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-январына карата, "2018-жылдын бекитилген бюджетинен" калган калдыктарынын эсебинен,2019-жылга карата бекитилген  жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-январына карата, "2018-жылдын бекитилген бюджетинен" калган калдыктарынын эсебинен,2019-жылга карата бекитилген  жергиликтүү бюджетинин беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.   (тиркеме тиркелет)

2.         Токтомго негиз иш алып барууну уюштуруу жана камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчылыгына жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №1

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

24-4

23.01.2019

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим боюнча

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын  31-беренесинин 1-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан,жетекчиси З.Зулпукааров биринчи тараптан жана Төөлөс айыл өкмөтүнүн атынан айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматов экинчи тараптан,Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,             2019-жылга карата түзүлгөн эки тараптуу келишим долбоору бекитилсин.

2.         Келишимге негиз иш алып барууну уюштуруу жана камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчылыгына жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

24-5

23.01.2019

 Айыл аймагындагы калктуу конуштарга,айыл статусун алуу жөнүндө. 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын  31-беренесинин 9-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Айыл аймагынын Меркит айылына караштуу Карагечит,Жабылы калктуу конуштарына, айыл статусун берүү боюнча иш кагазлары   айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.

2.         Мамлекеттик төлөмдөрдү камсыз кылуу жагы жергиликтүү бюджет эсебинен, бөлүнгөн беренелерге ылайык жүргүзүлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

24-6

23.01.2019

Айылдык кеңештин 2019-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын  31-беренесинин 1-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2.         Иш пландарынын убагында жана сапаттуу аткарылышы боюнча иш алып баруу,  айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин  "Мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттык этика боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №2

Назад