М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
19-1 |
07.09.2018 |
Төөлөс айыл
аймагынын 2017-2022-жылдарга карата жергиликтүү калкынын турак
жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө багытталган программасы
жөнүндө |
2. |
19-2 |
07.09.2018 |
Жергиликтүү
бюджеттин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча
каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн
беренелерине жылдыруу жөнүндө. |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Төөлөс
айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 19
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Муркут
айылы |
07.09.2018 |
|||
|
Төөлөс
айыл аймагынын 2017-2022-жылдарга карата жергиликтүү калкынын
турак жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө багытталган
программасы жөнүндө |
|||
Кыргыз Республикасынын
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3,9-пункттарына ылайык |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Төөлөс
айыл аймагынын 2017-2022-жылдарга карата жергиликтүү калкынын
турак жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө багытталган
программасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет) 2. Төөлөс
айыл аймагынын 2017-2022-жылдарга карата жергиликтүү калкынын
турак жайга болгон муктаждыктарын чечүүгө багытталган
программасынын алкагында тиешелүү иш чараларды алып барууну
камсыз кылуу жагы,айыл өкмөтүнүн жер адиси
М.Бакировго жүктөлсүн. 3. Токтомдун
аткарылышын камсыз кылуу жагы,айылдык кеңештин "Айыл,суу
чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо, транспорт,
курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика"
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин төрагасы |
|
М.Абдырахманов |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин
VI чакырылышынын кезексиз 19 сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Муркут
айылы |
07.09.2018 |
|||
|
Жергиликтүү
бюджеттин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча
каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн
беренелерине жылдыруу жөнүндө. |
|||
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын
31-беренесинин 2-пунктуна ылайык. |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айыл өкмөтүнүн
иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, жергиликтүү бюджеттин 70629 ЖКХ бөлүмүндөгү
31122290 беренесинен 71,9 (жетимиш бир миң тогуз жүз) сом акча
каражаты,жергиликтүү бюджеттин 70911 балдар бакчасы бөлүмүнүн
22241100 беренесине, 71,9 (жетимиш бир миң тогуз жүз) сом акча
каражаты жылдырылсын. 2. Жергиликтүү
бюджеттин акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм
беренелерине жылдырып берүү жагы,каржы министрлигинин Ноокат
райондук бөлүмүнөн суралсын. 3. Акча каражаттарын бөлүмдөрдүн
беренелеринен мыйзам негизинде жылдыруу жагы ФЭБ башчысынын милдетин
убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн. 4. Токтомдун аткарылышын
көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин
"Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Төөлөс айылдык Кенешинин төрагасы |
|
М.Абдырахманов |
||
|
|
|||
|
||||