М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

18-1

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын алты  айлыгына карата жергиликтүү бюджетинин   киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

2.

18-2

24.08.2018

Жергиликтүү бюджеттин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн беренелерине жылдыруу жөнүндө

3.

18-3

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш чара                   пландарын талкуу жана бекитүүгө макулдук берүү

4.

18-4

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн "Жайыт комитетинин2018-2022-жылдарга карата стратегиялык иш планын" бекитүү жөнүндө

5.

18-5

24.08.2018

Гереит-Шорон,Кеңеш айылдарынын жеке менчик үй курууга муктаж тургундары үчүн бериле турган "Адыр" участкасынын 33га жер аянтынын башкы (генералдык) планын макулдашуу жөнүндө

6.

18-6

24.08.2018

Жайылма орто мектебинин эски имаратындагы класстарга,музыкалык мектеп уюштуруп ачуу жөнүндө,мектептин эмгек жамаатынын протоколун бекитүү жөнүндө

7.

18-7

24.08.2018

"Додоң" спорттук комплексине караштуу аянтка курулган, салтанаттуу иш чараларды өткөрүүчү имарат  турган жердин багытын өзгөртүү жөнүндө

8.

18-8

24.08.2018

Жогорку органдардан келген токтом,буйрук жана тапшырмаларды аткаруу максатында: Айыл аймагына караштуу мектептердин алдынан өткөн авто жолдорго жол белгилерин коюу боюнча

9.

18-9

24.08.2018

Айыл аймагында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш чараларды ишке ашыруунун календарлык планы жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-1

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын алты  айлыгына карата жергиликтүү бюджетинин   киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө      мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1-1.     Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын алты айлыгына карата жергиликтүү бюджетинин              

           киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп          

           табылсын.    

1-2.      Айылдык кеңештин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк"

            боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмү менен тыгыз    

            байланышта болуусу белгиленсин.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-2

24.08.2018

Жергиликтүү бюджеттин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн беренелерине жылдыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө  мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2-1.      Айыл өкмөтүнүн иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында,жергиликтүү бюджеттин 70491 экономика жана айыл чарбасы бөлүмүндөгү 22151100 беренесинен  100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты, жергиликтүү бюджеттин 70862 ден соолук жана спорт бөлүмүнүн 22154900 беренесине, 70629 ЖКХ бөлүмүндөгү 31122390 беренесинен 55 700 (элүү беш миң жети жүз)сом акча каражаты жана 70491 экономика жана айыл чарбасы бөлүмүндөгү 22211200 беренесинен 92 100 (токсон эки миң бир жүз) сом акча каражаты  70921 элге билим берүү бөлүмүнүн 31122290 беренесине,жалпы       147 800 (бир жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.

2-2.      Жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм беренелерине жылдырып берүү жагы, каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.

2-3.      Акча каражаттарын бөлүмдөрдүн беренелеринен мыйзам негизинде жылдыруу жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Матаевге жүктөлсүн.

2-4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин   

           "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына    

           тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-3

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш чара                   пландарын талкуу жана бекитүүгө макулдук берүү

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө  мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

3-1.      Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына  карата    түзүлгөн иш чара пландарын бекитүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

3-2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин

            "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына   

            тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №1

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-4

24.08.2018

Айыл өкмөтүнүн "Жайыт комитетинин2018-2022-жылдарга карата стратегиялык иш планын" бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө   мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

4-1.      Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык иш пландары маалыматка негиз бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

4-2.      Стратегиялык иш пландардын аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.

4-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин

            "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына   

            тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

ТИРКЕМЕ №2

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-5

24.08.2018

Гереит-Шорон,Кеңеш айылдарынын жеке менчик үй курууга муктаж тургундары үчүн бериле турган "Адыр" участкасынын 33га жер аянтынын башкы (генералдык) планын макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө  мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

5-1.      Гереит-Шорон,Кеңеш айылдарынын турак жай куруу үчүн жер участкаларына муктаж тургундары үчүн бериле турган "Адыр" участкасынан 33 га жер аянтынын генералдык планын иштеп чыгууга макулдук берилсин.

5-2.      Иш кагаздарынын мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жүктөлсүн.

5-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин      "Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо,транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-6

24.08.2018

Жайылма орто мектебинин эски имаратындагы класстарга,музыкалык мектеп уюштуруп ачуу жөнүндө,мектептин эмгек жамаатынын протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

6-1.      Жайылма орто мектебинин эски имаратындагы класстарды музыкалык мектеп ачуу үчүн берүү жөнүндөгү,Жайылма орто мектебинин мугалимдер эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.

6-2.      Музыкалык мектептин ачылышына көмөк көрсөтүү жагы райондук билим берүү жана райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.

6-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин "Социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-7

24.08.2018

"Додоң" спорттук комплексине караштуу аянтка курулган, салтанаттуу иш чараларды өткөрүүчү имарат  турган жердин багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө   мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

7-1.      "Додоң" спорт комплексинин эсебине кирген жер аянтында,салтанаттуу иш чараларды өткөрүүчү имарат курулган жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

7-2.      Иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы,айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жүктөлсүн.

7-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин "Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо,транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-8

24.08.2018

Жогорку органдардан келген токтом,буйрук жана тапшырмаларды аткаруу максатында: Айыл аймагына караштуу мектептердин алдынан өткөн авто жолдорго жол белгилерин коюу боюнча

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө  мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

8-1.      Айыл аймагындагы жол боюнда жайгашкан билим берүү мекемелеринин алдына жол белгилерин орнотуу жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылышына макулдук берилсин.

8-2.      Токтомдун аткарылышы боюнча иш чараларды көрүү,ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Матаевге жүктөлсүн.

8-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин

           "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу      

           комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык Кенешинин  төрагасы 

М.Абдырахманов               

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

18-9

24.08.2018

Айыл аймагында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш чараларды ишке ашыруунун календарлык планы жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө  мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

9-1.      2020-жылы элди жана турак жайды каттоого алуу боюнча даярдык көрүү 

             жөнүндө иш чаралардын календарлык планы графикке негиз  

             аткарылышына макулдук берилсин.

9-2.      Токтомдун аткарылышы боюнча иш чараларды көрүү,айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Камбаралиевге жүктөлсүн.

9-3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин