М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

13.03.2017

Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга аткарган иштери жөнүндө жана 2017-жылга карата божомол бюджети жөнүндө

2.

2

13.03.2017

Төөлөс айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүнд

3.

3

13.03.2017

Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 6 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

1

13.03.2017

 

Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга аткарган иштери жөнүндө жана 2017-жылга карата божомол бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндө мыйзамынын 30-беренесине 1.1.6.7 бөлүмүнө ылайык Төөлөс айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга аткарган

иштери эске алынсын.

 

2.         Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылга карата

божомол бюджетине макулдук берилсин.  

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин

экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 6 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

2

13.03.2017

 

Төөлөс айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүнд

Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндө мыйзамынын 4-беренесине ылайык Төөлөс айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төөлөс айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары  өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы - Жайыт Комитетине  эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.

5.                   5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6.                  6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

7.                  7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айыл аймагынын  башчысы А.Эшматовко жүктөлсүн.                                                           

8.                  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл,

9.         суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Төөлөс айылдык кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 6 сессиясы

Т О К Т О М

Муркут айылы

3

13.03.2017

 

Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндө мыйзамынын  30-беренесине 1.1.6.7 бөлүмүнө ылайык Төөлөс айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизилсин.

11.                2.  Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына ылайык иш алып баруу жагы Төөлөс жайыт комитетинин башчысы А. Темировго тапшырылсын.

12.                3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл,

13.       суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төөлөс айылдык кенешинин  төрагасы 

 

М.Абдырахманов

 

 

Назад