Төөлөс айыл аймагынын айылдык кенешинин Vчакырылышынын  кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын

 

ПРОТОКОЛУ

                                                            

 

Муркут айылы.                                                                           03-июнь  2015- жыл

 

             Урматтуу депутаттар!

            Төөлөс айыл  аймагынын айылдык кенешинин  V чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясына айыл аймагынан айылдык кеңешине шайланган 21-депутаттан 13 депутат катышып олтурат. 

             Урматтуу депутаттар !

            Бүгүнкү отурумду ачуу боюнча кимде кандай сунуштар бар?

            Анда бүгүнкү отурумду ачылсын деген депутаттардын кол көтөрүп добуш берүүсүн сураймын.

             Макул  13

             Каршы  жок

             Калыс   жок 

             Анда  Төөлөс айылдык кенешинин бүгүнкү отурумун ачык деп жарыялаймын.

            Урматтуу Депутаттар!

бүгүнкү отурумдун күн тартибине төмөнкү маселе сунуш кылынат.

 

Күн Тартиби:

1.  Төөлөс айыл аймагындагы спорт аянтчаларда, эл жыйналуучу жайларда, маданият үйлөрүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жана көрнөк жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүү жана ижара акысын аныктоо жөнүндө.

2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу жөнүндө

 Урматуу депутаттар!

            күн тартибиндеги маселе боюнча кимде кандай алымча кошумчалар бар? 

              Анда күн тартибиндеги маселе отурумда каралсын деген депутаттардын добуш берип коюусун сураймын.

Макул  13

            Каршы  жок

            Калыс   жок 

             Түшүрүңүздөр  

                                               Кун тартиби бекитилди.

            Урматтуу депутаттар!

            Бүгүнкү отурумдун регламентин бекитип алсак. күн тарбиндеги   маселелер боюнча маалымат берүүчүлөргөгө 3-10 минута жарыш сөзгө чыгуучулар үчүн 3 минутага чейин убакыт берүү менен  отурумду танаписсиз аяктасак деген сунуш бар.

            Регламент боюнча кимде кандай сунуш пикир бар.

Жок болсо бүгүнкү заседаниенин регламенти бекитилсин деген депутаттардын кол көтөрүп коюусун сураймын.

Макул    13

            Каршы    жок

            Калыс     жок

            Түшүрүңүздөр

            Урматтуу депутаттар!

            Анда эмесе күн тартибиндеги  маселени кароого өтөбүз. 

            Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча сөз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Нурматовго берилет.

            Урматтуу депутаттар!

Өзүнүздөргө белгилүү болгондой шайлоо жакындап жаткандыгына байланыштуу Төөлөс айыл аймагындагы спорт аянтчаларда, эл жыйналуучу жайларда, маданият үйлөрүндө жыйындарды өткөрүү үчүн ижара акысын   40000 сомдон  жана көрнөк жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүү бир жарыяны илүүгө 5000 сомдон ошондой эле муниципалдык имараттарды ижарага алуу айына 10000 сом  болсо. Сиздер да өз оюнуздарды айтсаңыздар. Биргеликте кеңешип жогорудагы маселени чечип алсак. 

             күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча кандай суроо сунуштарыныздар бар?

Айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Азамат-   ижарада турган имараттарга илинүүчү жарнактардын жана кабинеттердин ижарасы кимге төлөнөт.

         ФЭП башчысы Нурматов  Абдижамбил - айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелет.

          Айылдык кеңешинин депутаты Ураимова Калия – Кыргыз Республикабызда эки жүздөн ашуун партиялар бар жана бизден башка айыл өкмөттөргө да бирдей шарт коюлуптурбу аныгын билүүбүз керек?

         Айылдык кеңешинин депутат Жумабаев Эркин- кошумча сунушун айтты ар бир айылдарда башаламандыкка алдырбайлы менчик үйлөргө жана көрүнгөн эле жерлерге илдирбей жарнактарды иле турган жерлерге илдирүү  керек.

             Исманов Куштарали төлөнгөн ижара акысын ким көзөмөлдөйт?

         ФЭП башчысы Нурматов Абдижамбил  өзү жана айылдык кенештин бюджет комитети көзөмөлдөөрүн айтып өттү мындан тышкары Жайылма айылында Жайылма спорт залынын аятчасында, Додон айылында Додон балбан сарайынын аятчасында, Айтамга айылында М. Бостобаев орто мектебинин спорт аянтчасында, Толман айылынында А. Эшов орто мектебинин спорт аянтчасына, Меркит айылында У. Салиева орто мектебинин спорт аянтчасында, Муркут айылында Маданият үйүндө, Герейтшорон айылында Чайкананын аянтчасында, Кеңеш айылында Кенеш мектебинин аятчасында өткөрүлсө деген сунушумду беремин. 

Айылдык кенештин төрагасы Шерматов Маматемин ижарага берилүүчү имараттардын квадрат метирин айына 1000 сомдон , көрнөк жарнактарды илүүчү жайлардын ижара акысын  квадрат метирин айына 1000 сомдон, спорт аянтчалар, маданият үйлөрүнүн ижара акысын  саатына  кеминде 3000 сомдон деп белгилесек кандай дейсиздер.

       күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча кандай суроо сунуштарыныздар бар? токтомдун долбоору окулду.  Токтомдун долбооруна алымча кошумчалары менен кабыл алынсын деген депутаттардын кол көтөрүп коюусун сураймын.

 

Макул    13

            Каршы    жок

            Калыс     жок

Урматтуу депутаттар!

             күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча  айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын  берсек

 Жеке ишкер катары ар бир чабандан үч айлык сезондо мал багуусу үчүн 1800 патент төөлөткөнун ошондой эле Ноокат Кызыл-Кыя  каттамына жүргөн ички таксилерге 15 күнө 150 сомдук патент берилерин , ветеринардык катоодон өтпөгөн жана  справка албаган чабадарга 40000 сомдон айып салынуусун айтып өттү. Айыл өкмөттө 200 таксис болсо бир жылда 300000 мин сом дон ашык акча жергиликтүү бюджетке түшөөрүн ошондой эле көчөлөрдү ондоп түзөө үчүн шагыл төгүлөрүн  ар бир айылдын айыл башчыларына  айтты. Ошондой эле 2015-жылга каралган жергиликтүү бюджетин өткөн жылга салыштырмалуу 11900000 мин сомго өскөнүн  жана аны бекитип алганыбызды билесиздер.Тилеке каршы биздин  ички резервте турган  “Дары-Булак” Кызыл-Кыя көмүр фирмалары убактылуу иштебей калгандыгына байланйштуу биздин жергиликтүү бюджетке ача түшпүйжатат. Бирок биз каржы министирлигине маалымат берип алганбыз ошондуктан берилген планды толтурууга милдеттүүбүз.Ошондой эле 11900000 мин сом кирешебиз болсо ошого жараша чыгашабыз да болот деп айтып өттү.

   Айылдык кенештин депутаты Жумабаев Эркин ФЭП башчысына  2-маселе боюнча бюджеттен чыгышталган акчалар боюнча квартал сайын очет берип турсаныз деп айтып өттү.

ФЭП баччы Нурматов Абдижамбил мектеп бала бакчаларга бөлүнгөн  100000 мин сомдон жогорку суммага  праек жазылышын айтты. Бюджетен чыгышталган акчалар боюнча эки кварталдын очетун бир  берем деп айтып өттү.  

Айылдык кенештин депутаты Жумабаев Эркин 2015-жылга каралган иштер аткарылбай жатат, лисензия алган фирма ишканалар актоодон өткөндөн кийин милдеттүү түрдө салыгын төлөө керек экендигин айтты. Эгер сиздер макул болсонуздар заарыл болгон иштерге биринчи акча каражатын бөлүп эртерээк бүтүрсөк кандайдейсиздер.

Айылдык кенештин депутаты Ураимова Калия бюджетте каралган акчанын суммалары кыскарып кеткендигин жана анын ичинен балдар бакчасына бөлүнгөн акчаны кыскартп            ашын айтып өттү.

            Айылдык кенештин депутаты Исманов Анвар Жайлоого барчуу жолго коюлган экологиялык тозоттун биздин айыл өкмөткө кереги жок экенин жана ага жумшалган акча каражатын башка иштерге жумшасак болобу  кандайдейсиздер.  

            Урматтуу депутаттар!

            Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча кандай суроо сунуштарыныздар бар?

            Анда экинчи маселе боюнча чечим кабыл алсак суроо сунуш жок болсо бекитилсин деген сунуш бар?

Сунушту колго саламын кол көтөрүп добуш берип койсоңуздар.

            - Макул  13

            - Каршы  жок

            - Калыс    жок

            Анда эмесе күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча сунуш  көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

             Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз  жыйырма жетинчи сессиясы өз ишин аяктады.

            Сессиянын өтүшү боюнча кимде кандай ой пикир бар.

 

            Анда сессияны жабык деп жарыялаймын.

 

          

 

Төөлөс айылдык

        кеңешинин төрагасы:                                          М. Шерматов 

 

 

 

 

 Кыргыз Республикасы

Ош облусу

Ноокат району

Муркут айылы.

Тоолос айылдык Кенеши

ИНН. 00302200410156


Кыргызская Республика

Ошская область

Ноокатский район

Село Муркут

Тоолоский айильный  Кенеш

ИНН. 00302200410156

 

 


Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын

Т О К Т О М У

Муркут айылы                                    27-1                              03-июнь 2015-жыл

  Төөлөс айыл аймагындагы спорт аянтчаларда, эл жыйналуучу жайларда, маданият үйлөрүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жана көрнөк жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүү жана ижара акысын аныктоо жөнүндө.

 

        Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин заседаниеси

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Төөлөс айыл аймагындагы спорт аянтчаларда, эл жыйналуучу жайларда, маданият үйлөрүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жана көрнөк жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүүгө макулдук берилсин.

           

 2. Төөлөс айыл аймагындагы спорт аянтчаларда, эл жыйналуучу жайларда, маданият үйлөрүндө, мектептердин спорт залдарында жыйындарды өткөрүү үчүн  ижара акысы  саатына 3000(үч  миң) сом  өлчөмдө белгиленсин.  

           

3. Төөлөс айыл аймагындагы көрнөк жарнактарды илүүчү жайларга бир жарыяны илүүгө квадрат метирине айына 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө ижара акысы белгиленсин.

           

4. Төөлөс айыл аймагындагы муниципалдык имараттарды ижарага алуу квадрат метирине айына 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө белгиленсин.

           

5. Ушул токтом боюнча иш алып баруу  жана аткарылган иштер боюнча айылдык кеңештин депутаттарына маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Нурматовго жүктөлсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

           

 

Төөлөс айыл аймагынын

     айылдык кеңешинин төрагасы:                                        М. Шерматов

 

 

Кыргыз Республикасы

Ош облусу

Ноокат району

Муркут айылы.

Тоолос айылдык Кенеши

ИНН. 00302200410156


Кыргызская Республика

Ошская область

Ноокатский район

Село Муркут

Тоолоский айильный  Кенеш

ИНН. 00302200410156

 

 


Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын

Т О К Т О М У

Муркут айылы                                    27-2                               03-июнь  2015-жыл

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу жөнүндө

 Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңешинин заседаниеси

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу жактырылсын.

 

            2.  Жогорудагы жактырылган долбоордун болжолу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Нурматовго тапшырылсын.

            3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

             

            Төөлөс айыл аймагынын

     айылдык кеңешинин төрагасы:                                        М. Шерматов