М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ XIV -2

19.12.2018

Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын бекитүү  жөнүндө.

2.

XIV -3

19.12.2018

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын  имаратынын эшик,терезелерин  жана тосмолорун үлүштүк дем берүүчү гранттардын  жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө.

3.

XIV -4

19.12.2018

Найман айыл өкмөтүнүн айылдык  маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө.

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

№ XIV -2

19.12.2018

Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын бекитүү  жөнүндө.

Найман айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы Кыргыз Республикасынын Ош обулусунун өкүлчүлүгүнүн ,Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Найман айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата  түзүлгөн иш пландарынын негизинде толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планын  бекитүү боюнча  айылдык кенештин кезектеги XIV сессиясында угузулду жана  Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.

2.         Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде  аткарылсын.

3.         Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

XIV -3

19.12.2018

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын  имаратынын эшик,терезелерин  жана тосмолорун үлүштүк дем берүүчү гранттардын  жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө.

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана "Найман" балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын имаратынын эшик,терезелерин жана тосмолорун  капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү  гранттан бөлүнгөн  акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.         Бала бакчанын имаратынын эшик,терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон  өткөрүү боюнча мамлекеттик  үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк  салым катары  айыл өкмөтүнүн бюджетнен  200  000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.         Акча каражатын бөлүп берүү жагы  Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы  А.Балтабаевге  милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Ш.Сапаровага тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

XIV -4

19.12.2018

Найман айыл өкмөтүнүн айылдык  маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө.

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык маданият үйүнүн  жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы айылдык маданият үйүнүн  имаратын  капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү  гранттан бөлүнгөн  акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.         Айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон  өткөрүү боюнча мамлекеттик  үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк  салым катары  айыл өкмөтүнүн бюджетнен                  110  000  (бир жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.