М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

26.12.2017

"Найман айыл өкмөтүнүн  2016-жылдагы айылдык  бюджетин  аткарылышы, 2018 жылдарга  айылдык       бюджети жана  2019-2020-жылдарга бюджеттин бекитүү  жөнүндө"

2.

2

26.12.2017

Найман айыл аймагынын   2018-2022- жылдарга  карата  социалдык -экономикалык өнүгүү   стратегиялык планын   бекитүү жөнүндө

3.

3

26.12.2017

Найман айыл аймагынын  билим берүүчү  мектептеринде    окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун,  суицид , зордук зомбулуктун,  диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды жүргүзүү боюнча  

4.

4

26.12.2017

Найман айылдык кенешинин 2015-жылдын 6-октябрындагы сессиясынын № 24-2,24-3, 24-4, 24-5  "Аман- Ата" ЖЧК сына айыл чарбасына ынгайсыз болгон жер аянттарына берилген токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жана кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө.

5.

5

26.12.2017

Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун   үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө

6.

6

26.12.2017

 Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы  "Найман" балдар бакчасына  долбоордун жардамында  жылытуу системасын  жана кательный  курууга  өздүк салым ажыратуу жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII -1

26.12.2017

"Найман айыл өкмөтүнүн  2016-жылдагы айылдык  бюджетин  аткарылышы, 2018 жылдарга  айылдык       бюджети жана  2019-2020-жылдарга бюджеттин бекитүү  жөнүндө"

Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык  бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айыл өкмөтүнүн  бюджети жана 2019-2020-жылдарга  болжолун  бекитүү жөнундөгү  маселени  "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык  бюджети  жана 2019-2020-жылдарга  болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын  негизинде  иштелип чыгылган  Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын  жетекчилеринин  катышуусунда  депутаттардын   Найман айылдык  кеңешинин  "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк " боюнча  туруктуу  комиссиясы тарабынан  каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын  "жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациялар  жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын  5 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын  бюджеттик кодексинин  78-102 беренесине  ылайык  депутаттардын Найман айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         2018-жылга  Найман айыл өкмөтүнүн айылдык  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  5 630.6 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин. 

2.         2018-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү  булактары  жана чыгашалары боюнча  багыттар  №1 тиркемеге  ылайык аныкталсын.

-Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү  2018-жылга  түшкөн кирешелердин  жана  гранттардын чегинде, ошону менен бирге  биринчи кезекте  корголгон  беренелер боюнча  (эмгек акыоц.фондко  чегерүү, тамак-аш жана  коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу  белгиленсин.

3.         Найман айыл өкмөтүнүн  2019-2020-жылдарга  айылдык  бюджетинин  болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3   тиркемеге ылайык  колдоого алынсын.

-Кирешенин  болжолу  2019-жылга  5625,8  миң сомго  (Республикалык  бюджеттен алынуучу  гранттар  3259.1  миң сом менен )  жана 2020-жылга  5577,1  сомго (республикалык  бюджеттен  алынуучу  гранттар  3119,4  миң сом менен ) белгиленсин.

 -Найман айыл өкмөтүнүн  2019-2020-жылдарга  айылдык бюджетинин  негизги  көрсөткүчтөрүнүн  болжолу жактырылсын,аларды  ар бир  конкреттүү  мезгилде кабыл алууда  тактоо жүргүзүү  жагы белгиленет.

4.         Атайын каражаттардын  кирешесинин  сметада  бекитилген  өлчөмүнөн ашыкча  бөлүгү  толугу менен айылдык  бюджеттик мекеменин  каржылоосуна калары  аныкталсын.

5.         Атайын  каражаттар казыналыктан  тышкары  (бюджеттик мекемелердин  кассасы аркылуу ) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын  "Кыргыз Республикасынын  2014-жылга республикалык  бюджети  2017-2018-жылдарга  болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын  14-беренесинин 2-пунктуна  ылайык  бул каражаттын  100 пайыз  республикалык бюджетке  алынып коюлары  эскертилсин.

6.         Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-           Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген  суммалардын чегинде,эгер бул айылдык  бюджеттин киреше бөлүгүнөн  азайтууга алып келбесе  ушул токтомдун  тиркемелерине  өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-           Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн  негизинде  жыл ичинде  тактоолорду жүргүзүүгө;

-           Киреше бөлүгүнөн  белгиленген  пландан ашыкча  түшкөн каражаттын  эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү  жагын кароого.

7.         Айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык  негиздерин чыңдоо ,алардын финансылык мамлекеттик  каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу  пайдалануусун камсыз кылуу  жагы  айыл өкмөтүнүн  жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.  

8.         Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 7122,2  миң сом,чыгаша бөлүгү 6700,0 миң сомго аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9.         Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  депутаттардын Найман айылдык  кеңешинин  "Экономика,бюджет, соода  жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII -2

26.12.2017

Найман айыл аймагынын   2018-2022- жылдарга  карата  социалдык -экономикалык өнүгүү   стратегиялык планын   бекитүү жөнүндө

 Найман  айыл  өкмөтүнүн  2018-2022-жылдарга карата  стратегиялык өнүгүү  планы Кыргыз Республикасынын  Ош  облусунун  өкүлчүлүгүнүн,  Ноокат  райондук мамлекеттик   администрациясынын  жана  Найман  айыл  өкмөтүнүн  жарыяланган  жылына  карата  түзүлгөн  иш  пландарынын  негизинде  толуктоо  жана  өзгөртүүлөр  менен  айыл  өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия  планын  бекитүү  боюнча  айылдык  кенештин  кезектеги  VII  сессиясында  угузулду  жана кенешинин  кезектеги  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Найман айыл аймагынын  2018-2022-жылга   социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү  планы   бекитилсин.

2.         Бекитилген  токтом  мыйзамдын  негизинде  аткарылсын.

3.         Токтомдун  аткарылышы  Найман  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Р.Шамаевага  жүктөлсүн.

4.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Найман  айылдык  кенешинин тиешелүү туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII -3

26.12.2017

Найман айыл аймагынын  билим берүүчү  мектептеринде    окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун,  суицид , зордук зомбулуктун,  диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды жүргүзүү боюнча  

       Найман айыл аймагынын  билим берүүчү "Найман" орто жана "Улуу Тоо" толук эмес орто  мектептеринде    окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун,  суицид , зордук зомбулуктун,  диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды айылдагы аксакалдар сотунун жана  аялдар кенешинин мүчөлөрү, имам, участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте  жүргүзүү боюнча    айылдык кенешинин  кезектеги  сессиясында талкууланып, кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

5.         Найман айыл аймагындагы  "Найман" орто жана  "Улуу Тоо" толук эмес орто  мектептеринде  окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун,  суицид , зордук зомбулуктун,  диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды айылдагы аксакалдар сотунун жана  аялдар кенешинин мүчөлөрү, имам, участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте  иш алып баруу жагы колго алынсын.

6.         Токтомдун  аткарылышын колго алуу жагы   Найман  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Р.Шамаева жана Найман айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси Н.Балтабаевага жүктөлсүн.

7.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Найман  айылдык  кенешинин тиешелүү туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII -4

26.12.2017

Найман айылдык кенешинин 2015-жылдын 6-октябрындагы сессиясынын № 24-2,24-3, 24-4, 24-5  "Аман- Ата" ЖЧК сына айыл чарбасына ынгайсыз болгон жер аянттарына берилген токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жана кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө.

Кыргыз  Республикасынын  Жер  кодексинин  28-3-  статьясынын жана Кыргыз Мамлекттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту "Кыргызмамжердолбоор" Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2017-жылдын 14-ноябрындагы  № 01-8-5-05-01-109 катынын негизинде,  "Аман-Ата" жоопкерчилиги  чектелген   коомго  Найман  айыл  өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз болгон  34,58 га  жер  аянтын кайрадан карап чыгып, геологиялык   изилдөө  иштерин   жүргүзүүгө, бак кылып өздөштүрүүгө,дробилка, РБУ, ЖБИ жана башка курулуштарды куруу, ошондой эле экологиясын сактоо максатында карап-кооруу үчүн    убактылуу   иштетүүгө ижарага берүү  максатында  Найман  айылдык  кенеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Найман айылдык кенешинин 2015-жылдын 6-октябрындагы сессиясынын № 24-2,24-3, 24-4, 24-5  "Аман- Ата" ЖЧК сына айыл чарбасына ынгайсыз болгон жер аянттарына берилген токтомдоруна өзгөртүү  киргизилсин жана жер аянты кайрадан бөлүштүрүлсүн.

2.         "Аман-Ата"  жоопкерчилиги  чектелген  коомго Найман айыл аймагынын батыш тарабындагы айыл чарбасына ынгайсыз болгон 34,53 га жер аянтынын ичинен, 8,4 га жер аянтына  геологиялык  чагындоо  иштерин   жүргүзүүгө макулдук, 6,0 га жер аянты бак кылып өздөштүрүү үчүн, 0,53 га жер аянты дробилка, РБУ ж.б курулуштар, 3,47 га ЖБИ  жана башка техникалык курулуштарды курууга, 16,13 га жер аянтынын экологиясын сактоо максатында карап-кооруу үчүн     убактылуу  ижарага иштетүүгө сунуш берилсин.

3.         Берилген  жер   аянтына  керектүү  документерин  даярдап,  ижарага келишим  түзүү  жагы  Найман  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Р.Шамаевага  тапшырылсын.

4.         Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  жер  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

ТИРКЕМЕ №3

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII -5

26.12.2017

Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун   үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө

Найман  айыл  өкмөтүнүн башчысынын жана "Найман" балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун  капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик  үлүштүк дем берүүчү грантан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.         Бала бакчанын имаратынын эшик, терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен  419 500  (төрт  жүз он тогуз мин беш жүз) сом жана элдик салым 9000 (тогуз мин) сом, жалпы 428 500 (төрт жүз жыйырма сегиз мин беш жүз) сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.         Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

4.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Найман  айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага  тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

Ш.Эрматов                    

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

VII-6

26.12.2017

 Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы  "Найман" балдар бакчасына  долбоордун жардамында  жылытуу системасын  жана кательный  курууга  өздүк салым ажыратуу жөнүндө

Найман  айыл  өкмөтүнүн башчысынын жана  "Найман" балдар бакчасынын жетекчисинин  билдирүүсүн угуп, талкуулап Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айыл  өкмөтүнүн  Найман айылындагы "Найман" балдар бакчасынын  жылытуу системасын  жана кательный  куруу үчүн долбоордон  бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.         "Найман" балдар бакчасынын  жылытуу системасын  жана кательный  куруу үчүн долбоордон  бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен  200 000  ( эки жүз  мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.