Найман айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2016-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө

 

М А А Л Ы М А Т Ы .

 

  Урматтуу, Найман айылдык кенешинин депутаттары жана коноктор!

       

    Кыргыз Республикасынын Президенти “2016-жыл Кыргыз Республикасында  Тарых жана маданият деп жарыялоо жөнүндө ПМЖ № 286 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын  17-февралында    8 буйрук иштелип чыгып, иш-чаралардын планы түзүлүп, бул багытта жумуштар аткарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 4-февралындагы “Тарых, маданий мурастарды колдоо жана туризмди өнүктүрүү жылы буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө  2016-жылдын 15-мартында  14  буйрук  жана иш-чаралардын планы иштелип чыгып, жумуштар аткарылды.Ошондой эле    Ноокат районунда 2016- жылды « Тарыхый мурастар аркылуу улуттук маданиятты өнүктүрүү жана элдик педагогиканы жандандыруу  жылы» деп жарыялоо жөнүндө 2016-жылдын 10-мартындагы  53-б  буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 15-мартында  13 буйругун жана иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бул багытта жыл  бою жумуштар аткарылды.  

   Найман айыл өкмөтүндө  жалпы 2016-жылдын 9 айы ичинде  386 кожолукта 2025 адам катталган.

   2016 –жылдын 9 айы ичинде  жалпы киреше бөлүгүбүз 2312,2 сом акча каражатын түздү, ал эми республикадан келген трансферттер 4810,0  сом акча каражаты берилип, жалпы  7122,2 сом акча каражаты Найман айыл өкмөтүнүн бюджетин түздү.

 Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүчө:

-киреше салыгы – план 612,0 мин сом берилсе, аткарылганы 755,3 мин сом

- патент салыгы – план 60,0 мин сом берилсе, аткарылганы 75,3 мин сом

- кыймылсыз мүлк салыгы – план 10,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,0 мин сом

- транспорт салыгы – план 80,0 мин сом берилсе, аткарылганы 110,1 мин сом

- жер салыктары – план  81,5 мин сом берилсе, аткарылганы 135,0 мин сом

- сатуудан алынуучу салыгы – план 28,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,5 мин сом

- роялти салыгы – план 25,0 мин сом берилсе, аткарылбады

-  Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө салыгы– план 115,0 мин сом берилсе, аткарылганы 114,8 мин сом

- КБФнын ижара акысы – план  67,0 мин сом берилсе, аткарылганы 68,2 мин сом

-таштанды салыгы – план 28,0 мин сом берилсе, аткарылганы 29,5 мин сом

-мамлекеттик алымдар салыгы – план 25,5 мин сом берилсе, аткарылганы 24,9 мин сом

-атайын каражаттар салыгы – план 948,0 мин сом берилсе, аткарылганы 948,0  мин сом

Жалпы салыктар боюнча – план 2080,0 мин сом берилсе,  2312,2мин сомго аткарылып, 111,2 пайызды түздү.

 

    Жыл башында бардык көчөлөр менен жыйындар өткөрүлүп, къчълърдъг\ эё приаритетт\\ деген къйгъйлър такталып, аткарууга алуу боюнча иш чаралар т\з\лдү, айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

   Жаз айларынын келиши менен Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартында № 11 буйругу иштелип, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгы жарыяланып, иш-чаралардын планы түзүлүп, анын негизинде иштер алып барылды.  Көчө комитеттеринин жардамында ар апта сайын  ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын айлана-чөйрөсү, каналдардын ичи тазаланды.Көчөлөрдө актап, сырдоо иштери  жылдагыдай жүргүзүлдү. Көчө комитеттеринин жардамында  жалпы 15650 сом акча каражатына көчөттөр алынып келинип, эгилди.Жылда Найман айылынын негизги көчөсү болгон Ленин көчөсүнө можевельник,кайрагачтар алып келип эгилет, бирок элдер мал,койлорун коюп жиберип, тебелеп, өстүрө койбой жок болот.Былтыркы эгилген можевельниктер жарты болуп сынып, азыркы мезгилде турат.Быйылкы жылга кайрадан къчъттърд\ алып келип эг\\ маселеси кралууда,ошондуктан элдерден мал,кой,жылкыларын карап,байлап, къчъттърд\ ъст\р\\гъ жардам бер\\с\н суранат элем.

    2016-жылда “ООН Женщины” коомдук уюмунун колдоосу менен ъткър\л\п жаткан “Менин кирешел\\ чарбам” долбоорунун алкагында “Найман” орто мектебинин директору Сатар у.Асилбектин уюштуруусу аркылуу мектептин мугалимдери жана лкуучулары аябай активд\\ катышышып, республикада биринчи орунду ээлеп,техникалык долбоорлорду женип алууга жетишишти.Буюрса быйылкы жылда 0,20 га жер аянтына карлик алма къчъттор\н алып эг\\гъ жардам берилет, ошондой бир теплица курууга жардам берил\\с\ к\т\л\\дъ.

     Улуу Тоо айылындагы  50 га кайрак жерлер толугу менен ижарага берилип,  быйылкы жылы жазгы буудай, арпа себилип, мурдагы жылдарга салыштырмалуу  түшүм  бир кыйла жогору болду, ошондо 50 га жер аянтынан 70 тонна түшүм алынды. 

     Найман айыл ъкмът\ндъ 2016-жылга жумуштар пландалып, аткарууга алынды.Атап айтсак, Найман айылына АРИС Агенствосунун жардамында жаштар \ч\н кичи футбол аянтча курууга ъзд\к салымга 177943 сом, \ст\н сетка менен жабууга 50230 сом  акча каражаты бъл\н\п берилди.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиевдин резервтик  фондунан 40 000 сом бъл\н\п берилип, кыш т\ш\п калганына байланыштуу аягына чыкпай турат, буюрса март айында аягына чыгып, ачылуу аземи болот деп к\т\\дъб\з.

         Найман айылындагы кичи базардын чатырын жабуу \ч\н 116980 сом акча каражаты бъл\н\п, жумуштар аткарылды.

        Парктын дарбазасын жана аркасын курууга 82000 сом бъл\н\п берилди, суук т\ш\п калганына байланыштуу жумуш токтоп калды, буюрса март айынын аягына б\ткър\лът.

     Найман айыл ъкмът\н\н бардык социалдык обьектилерине жана элине интернет байланышын жакшыртуу максатында Ноокат райондук телеком ишканасынын жардамында долбоорго катышып, айыл ъкмът\н\н жергиликт\\ бюджетинен 100 ,0 мин сом акча каражатын бъл\п берип, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы менен айыл толук камсыздалды.

   Найман айыл өкмөтүндө бир  маданият үйү жана бир китепкана бар, анда 3 маданият кызматкерлери жана 2 техникалык кызматкерлер эмгектенет. Маданият үйү 1975-жылы курулуп,азыркы убакта капиталдык ремонтту талап кылып турат.Маданият үйүнүн алдын асфальттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 275000 сом акча каражаты ажыратылып, толугу  менен асфальт төшөлдү.Ошондой эле, маданият үйүнө 99500 сом акча каражатына музыкалык аппаратура сатып алынды.Ошондой маданият уйунун кире беришине тарыхый инсандар боюнча маалыматтарды илуу учун жергиликтуу бюджеттен  мин сом акча каражаты ажыратылып, жасатылып, илинди.

         Найман айылдык китепканасы 1975-жылы түзүлүп, 15000 ден ашык китеп фондунда китептер бар жана көпчүлүгү орус тилиндеги китептер болгондуктан, эми кыргызча китептер менен толукталып келүүдө.Айылдык китепкананы колдоо максатында 19300 сомго бир комплект компьютер сатып алынды жана   концелярдык жана чарба буюмдарына  000сом акча каражаттары бөлүнүп берилди, жумуштар аткарылды.   

    Найман айыл өкмөтүндө иштеп жаткан «Найман» балдар бакчасында 2016-жылда жалпы  7 тарбиячы,7 жардамчы тарбиячы, 2 повар,1 медайым  жана 10 техникалык кызматкерлер эмгектенип, 120  бала тарбияланып, ар бир баланын тамактанышына  бюджеттин эсебинен  10 сомдон ажыратылып, 151200 сом акча каражаты бир жылына ажыратылып берилди.

Ал эми   2 этаждуу “Солнышко” балдар бакчасынын чатырын кайрадан ондоо үчүн 768139  сом акча каражаты бөлүнүп берилип, чатыры алмашылды, бирок подрядчылар тарабынан жумушту бүткөрүү акты тапшырылган эмес, комиссиядан өтө элек. Ошол эле бала бакчанын сол тарабындагы ашкана тарабын ондоо максатында 418650 сом акча каражаты ажыратылып, жумуштар азыркы учурга чейин аткарылып жатат. Ошондой эле, “Найман” балдар бакчасына инвентарь алуу үчүн бюджеттин эсебинен 71900 сом акча каражат ажыратылып  пионино жана кир жуучу машина сатып алынды.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиевдин  резервтик фондунан 25000 сомдук  кир жуучу автомат машина сатып алып берилди.Ата-энелердин фондунан чогулган акча каражатына инвентарь (4 стол,16 стул, 40 кровать ж.б)  жасатылып берилди. Бала бакчанын электр энергиясына 65600 сом акча каражаты жана кыш мезгилине көмүр менен камсыз кылуу үчүн 60 000 сом акча каражаты  ажыратылып берилип,жумуштар аткарылды.

 

«Найман» орто мектебинде   27 мугалим, 15 техникалык кызматкерлер эмгектенет жана 346 окуучу билим алат. “Найман” орто мектебинин үстүртөн ремонту үчүн 2016-жылда  139100 (бир жүз отуз тогуз миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ремонт иштери жүргүзүлдү.Мектептин айлана-чөйрөсүн тазалоо иштери жаз алдында мугалимдердин жана окуучулардын жардамында аткарылды.Бир класска толугу менен  стол ,стул, парталарын алып бер\\гъ 54000 сом бъл\н\п берилди. Мектептин экинчи этажындагы айнек-терезелерин ондоп туруу, ремонт иштерин ж\рг\з\\ \ч\н 24000 сомго курулуш шатысы (строй.леса) сатып алып берилди.Мектептин жылытуу системасын бир аз \ст\ртън калыбына келтир\\гъ  13 000 сом акча каражаты ажыратылып берилди. Быйылкы жылы мектептин айнек-терезелерин пластик айнектерге алмаштыруу боюнча АРИС Агенствосуна долбоор жиберилген, буюрса 2017-жыл ичинде аткарылуусу к\т\л\\дъ. “Кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы суициддин алдын алуу” темасында “Найман” орто мектебинин мугалимдер жамааты, окуучулар, алардын ата-энелери, имам, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, аялдар кеңеши, участкалык милиция  жана айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте чоң жалпы жыйын өткөрүлүп,окуучуларга жогорку деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

     Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылында  “Улуу Тоо» толук эмес орто мектеби бар.Анда 9 мугалим, 5 техникалык кызматкер эмгектенип, 54 окуучу билим алат.  Мугалимдердин стол,стулун,окуучуларга парта, стулун  жаңылоо максатында жергиликтүү бюджеттен 39100 сом акча каражаты ажыратылып берилди.Ошондой эле 27800 сомго окуучуларга 4 комуз жана 1 аккардион  алып берилди. Мектептин ремонтуна 30400 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, үстүртөн ремонт иштери жүргүзүлдү.Мектеп 1969-жылы курулуп, азыркы учурда  капиталдык ремонтту талап кылып турат. 2017-жылга буюрса дем бер\\ч\ гранттан мектепти капиталдык ремонттон ъткър\\ боюнча долбоорлор даярдалып б\тт\, мектеп жаны окуу жылына даяр болот деген \м\ттъб\з. 

    Найман айыл ъкмът\ндъг\ музыкалык мектепте 2 мугалим жана 2 техникалык кызматкер эмгектенет.Музыкалык мектеп пианино жана комуз курстарынан сабак берилет, жакынкы убактарда бий курсун ачуу боюнча чаралар кър\л\\дъ.

   Музыкалык мектептин бир кабинетине м\мк\нч\л\г\ чектелген бир кызыбызды жумуш менен камсыз кылуу максатында ксерокопия жана интернеттен керект\\ материалдарды даярдоо боюнча кызмат кърсът\\ ачып берилди.

   Айыл ъкмъттът  270 аз камсыз болгон үй-бүлөгө  социалдык паспорттор түзүлгън. Райондук калкты ишке жайгаштыруу  борбору менен биргеликте  30 жумушсуздар коомдук жумуштарга тартылып , убактылуу жумуш  орду менен камсыз болушту.  Найман айыл өкмөтүндө  121 пенсионер, 52  пособия  28 соц.пособие   алуучулар бар.Алар пенсия, пособиелерин ъз убагында алып жатышат, бул багытта элдин арасында эч кандай нараазычылык  жок.

   Найман айыл өкмөтүндөгү  эң көйгөйлүү маселелердин  бири суу маселеси. Айылга сугат суу кирбегендиктен,  мурда 8 скважина элди ичил\\ч\ таза суу менен камсыз кылып турган.Союз бузулгандан кийин бардык скважиналар иштен чыгып, жабылып турган. Бул багытта 2014-жылдан бери  ар кандай  долбоорлор жазылып, окуулар уюштурулуп, элге тушундуруу иштери жургузулуудо. Борбордук Азия боюнча суу Альянсы коомдук бирикмесинин жардамында эки жыл бою акчалай жана материалдык жардамдарды алдык, Найман айылынын 60  пайыз эли таза суу менен камсыз болуш керек.Бирок, элдин сууну \нъмд\\ пайдаланбагандыгынан жылда жаз, жай айларында суу тартыштыгы к\чъп, уруш-талашка чейин алып келет.Найман айылына сугат сууга улануу м\мк\н эмес болгондуктан, эл  скважинадагы сууну сугат катарында пайдаланууга туура келет.2016-жылда «ООН Женщины» уюмунун жана ПРООНдун  долбоорлоруна катышып, 2 скважинаны ондоп  курдуруу боюнча долбоорлор колдоого алынды, буюрса 2017-жыл ичинде аткарылат.

 

     2016-жылдын 9 айы ичинде майрамдар ъткър\л\п, элди маданий эс алуусуна т\ртк\ берди.

 

 

  Ушуну менен менин докладым аяктады, көңүл  бурганыңыздар үчүн рахмат!

 

 

 

Найман айыл өкмөтүнүн  башчысы:                             Р.Шамаева