М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

05.03.2013

Найман айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган  токтомдорду  мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Найман айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М

Найман айылы

V-1

05.03.2013

 

Найман айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган  токтомдорду  мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актылары  жөнүндөгү  мыйзамына  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип,2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, "Ченемдик укуктук актылары  жөнүндө " мыйзамынын                      26-беренесиндеги  өзгөртүүлөргө ылайык  тиешелүү администрациялык -аймактык  бирдиктин  аймагында  мамлекеттик тилди  билген адамдардын көпчүлүгү  жашаган шарттарда  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүу өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук  актысынын мамлекеттик тилде гана  кабыл алынышына  жол берилет "деп көрсөтүлгөндүгүнө  негиз  жогорудагы маселени угуп  жана талкуулап  депутаттардын Найман айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айылдык Кеңештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү  мамлекеттик тилди билгендиктен  айылдык Кеңештин сессиясында  ченемдик  укуктук  актыларынын  долбоорлорун мамлекеттик тилде  гана кароого  киргизүүгө  жана мамлекеттик тилде  жазууга жол берилсин.

2.         Айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын  долбоорлорун  мамлекеттик тилде гана  кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен  токтомдорду расмий  тилде которбой  Ош облусунун  жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы  аркылуу  Кыргыз Республикасынын  юстиция министрлигине  мамлекеттик  реестрине  киргизүү үчүн  жөнөтүлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын  Найман айылдык кеңешинин  мыйзамдуулукту сактооепутаттык  этика,коомдук уюмдар,дин иштери  маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Найман айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Ш.Эрматов                    

 

 

Назад