М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

19-1

17.11.2018

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

2.

19-2

17.11.2018

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом бюджеттик калдыгын  бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

19-1

17.11.2018

 

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, "Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алыпбаруунун тартиби жөнүндөгү" жоболордун талаптарына ылайык А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Беш-тал орто мектебинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы №1-протоколу,  А.Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы №1 жана Арал орто мектебинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы №1- сунуш кылынган протоколдорундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди талкуулап көрүп, Мирмахмудов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине  талапкерди сунуш кылган Беш-Тал, А-Мирмахмудов жана Арал орто мектептерин 2018-жылдын 12-ноябрындагы протоколдорун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын резервине  А.Мирмахмудов айыл аймагынын тургундары  Муллажанова Дилфузахон Багвановна, Халмурзаева Дилафруз Асановна, Мурзаматова Зулкумар Абдубилаловналарды талапкерликке сунуш кылынсын.(протоколдор тиркелет)

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковага жүктөтүлсүн.

  

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

19-2

17.11.2018

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом бюджеттик калдыгын  бөлүштүрүү жөнүндө

         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом бюджеттик калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүү жөнүндө Мирмахмудов  айылдык кеңешинин  кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом ,анын ичинен 3533,2 миң сому бюджеттик калдык 60,8 миң сому атайын каражаттын калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүлсүн.

 

2.         701- раздел боюнча  Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинин негизинде муниципалдык кызматчыларга эки оклаттан сыйлык катары эмгек акысына 689,9 миң сом , ал эми соц.фондуна 119,0 миң сом каржылансын.

 

3.         704-раздел боюнча  айыл өкмөттү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Чапаев айылына жаны ветеринардык сервис куруу иштери жана Барын айылында  курулуп жаткан социалдык обөектилерди жылытуу максатында жаңы откана  курууга  2619,3 миң сом, каржылансын.

 

4.         702-раздел жарандык коргоону боюнча Кара-кокту айылындагы авариялык абалдагы көпүрөөнү калыбына келтирүү үчүн 100,0 миң сом каржылансын.

 

5.         710-раздел айыл аймагындагы ВИЧ, СПИД оорусу менен ооруган  адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө 5,0 миң сом каржылансын.

 

 

 

6.         Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ш.Гафаров  жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.

 

7.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад