М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

15-2

19.04.2018

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын  бекитүү жөнүндө

2.

15-3

19.04.2018

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражатын киргизүү жөнүндө

3.

15-4

19.04.2018

А.Мирмахмудов айыл аймагынын калктуу онуштарына  кирген жерде  жайгашкан эски "Рахат"  чайканасынын экинчи  кабатын мечит кылып  пайдаланууга  уруксат  берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

15-2

19.04.2018

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын  бекитүү жөнүндө

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону угуп, талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.

2.         Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.

3.         Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

4.         Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

5.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Гафаровго милдеттендирилсин.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

15-3

19.04.2018

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражатын киргизүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу максатында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат иниституту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун алкагында Беш -тал участкасындагы "Келечек үмүттөрү" балдар бакчасын инфраструктурасын жакшыртуу максатында (ажаткана жана тамак-аш даярдоочу жай) куруу боюнча "Келечектин балдары"  чакан долборун даярдашкан. Долбордук сунуш донордук уюм тарабынан жактырылып айыл өмөтүнө бир миллион (1 000 000) сомдук сертификат ыйгарылган.

Донордук уюмдун талабы боюнча айыл өкмөтүнө ыйгарылган грант акчасы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошулушу жана жалпы планда көрсөтүлүү керек экен. Жогрудагы жагдайларды эске алып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат иниституту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун алкагында Беш -тал участкасындагы "Келечек үмүттөрү" балдар бакчасын инфраструктурасын жакшыртуу максатында (ажаткана жана тамак-аш даярдоочу жай) куруу боюнча "Келечектин балдары"  чакан долбору үчүн ажыратылган  бир миллион (1 000 000) сом акча каражаты А.Мирмахмудов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2018-жылкы бюджетине киреше катары кошулсун.

 

2.         Айыл  өкмөтүнүн жылдык финансылык планына толуктоолорду киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын.

 

3.         Жогорудагы толуктоолорду Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн атайын пландарды каттоо  программасына киргизүү жагы суралсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

15-4

19.04.2018

 

А.Мирмахмудов айыл аймагынын калктуу онуштарына  кирген жерде  жайгашкан эски "Рахат"  чайканасынын экинчи  кабатын мечит кылып  пайдаланууга  уруксат  берүү  жөнүндө

 

             А.Мирмахмудов  айыл  аймагынын борборунда жайгашкан "Рахат"  аталар  чайканасы өткөн  кылымдын 80-жылдары Чапаев  атындагы  колхоздун мүлүкү  болуп курулуп,  көп  жылдар иштетилип  келинген, замандын  талабынан  келип чыгып Кыргыз  Республикасында  айыл  чарба  реформасы  жүргүзүлгөн  үчүрдө колхоз  реформа  болуп аталган  чайкана да колхозчулордун  мүлкү  катары  үлүшкө  болунуп  кеткен. Өткөн  жылдары аталган  чайкананын үлүш ээлери  ар кандай  кишилерге  ижарага  берип  иштетишип  келишкен, бирок  жылдар  өткөн  сайын,  заманбап  чайкана  жана  ашканалар  курулуп, чайкананын  имараты  моралдык  жактан эскирип, элдердин  келүүсү  төмөндөп,  чыгашалуу  обьекттке  айланып калгандыктан, ижарага да  алынбастан таштанды имаратка  айланып, ал  жерде  ар  түрдүү дайынсыз  кишилер ээлеп, каналарды  эшик  терезелерин  талкаланып  жаткандыктан, элдерден  сунуш  тушуп  аталган  имараттын  экинчи  кабатын  райондун  борборундагы  базарга  келген жана  райондун  борборуна келген  элдерге мечит  кылып берүү  өтүнүчү  менен    эки жүз  үч адамдан   айыл өкмөтүнө  сунуш  келип  түшкөндүктөн,  айыл өкмөтү бул сунушту айылдык  кеңешке,  мыйзам  талаптарынын  негизинде карап  чечип  берүүсүн  суранып  кат  жолдогон.  

          Жогорудагы  обьект чоң  обьект экендигин,  мындай  обьекттин кароосуз  калтыруу  мумкун  эместигин  эсепке  алып, Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкару жөнүндөгү"  мыйзамынын  3гл, 18-беренесинин  1-бөлүмүнүн  №2,15-пункуттарынын  талаптарына, Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37  "Мүлккө муниципалдык  менчик  жөнүндө" мыйзамынын 5гл. 19-беренесинин талаптарына таянып  жана  2018-жылдын  18-апрелиндеги эки  жүз  үч  кишиден  турган  аксакалдарынын сунушун  колго  алып, А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын  кезексиз  XV  сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкару жөнүндөгү"  мыйзамынын  3гл, 18-беренесинин  1-бөлүмүнүн  №2,15-пункуттарынын  талаптары, Кыргыз  Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37  "Мүлккө муниципалдык  менчик  жөнүндө" мыйзамынын 5гл. 19-беренесинин талаптары   жана 2018-жылдын 18-апрелиндеги   эки  жүз  үч  кишиден  турган  аксакалдарынын сунушу  жетекчиликке  жана аткарууга алынсын.

2.         Мирмахмудов  айыл  аймагынын борборунда жайгашкан эски "Рахат" чайканасы имаратынын, жалпы  аянты 650 ч.м. аянтты  түзгөн экинчи кабаты   Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынсын.

 

3.            Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынган,650ч.м. аянтты  ээлеген эски "Рахат"  чайканасынын экинчи  кабатындагы  бардык  бөлмөлөрү  элдердин  диний ибадатын аткаруу  максатында мечит кылып  иштетүү  үчүн, Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынын негизинде  мөөнөтсүз  пайдаланууга,   келишимдин  негизинде, ал  жерде  ибадат кылган  жааматке өткөрүп  берилсин.   

 

4.           Ушул  токтомдун мыйзамдуу  түрдө аткарылышы   Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ш.Гафаровго  тапшырылсын.

 

 5.        Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы  айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад