М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

13-1

03.02.2018

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

2.

13-2

03.02.2018

 А.Мирмахмудов айыл  аймагындагы  көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн  биргелешкен    аракеттер  планын ,   демилгечи топ  жана биргелешкен   мониторинг  жана баалоо   тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө

3.

13-3

03.02.2018

Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу

боюнча өткөн жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө.

4.

13-4

03.02.2018

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы протоколунун бекитип  берүү  жөнүндө.

5.

13-5

03.02.2018

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагында  жайгашкан айыл  чарба  жерлеринин  мамлекеттик  фондунун (АЧЖМФ) 2018-жылга  карата ижарага  берүү   тартибин  аныктоо  жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

13-1

03.02.2018

 

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, "Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алыпбаруунун тартиби жөнүндөгү" жоболордун талаптарына ылайык Мирмахмудов айыл аймагындагы Беруний орто мектебинин 2018-жылдын 15-январындагы №1 сунуш кылынган протоколундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап көрүп, Мирмахмудов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерди сунуш кылган Беруний атындагы орто мектебинин 2018-жылдын 15-январындагы протоколун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Мирмахмудов айыл аймагынын тургуну  Мамажанова Гулбахар Мамарасуловнаны талапкерликке сунуш кылынсын.

2.         Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын. 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

  

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

13-2

03.02.2018

 

 А.Мирмахмудов айыл  аймагындагы  көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн  биргелешкен    аракеттер  планын ,   демилгечи топ  жана биргелешкен   мониторинг  жана баалоо   тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө

         А.Мирмахмудов айыл   өкмөтүндө  2017- жылда  Швейцария  өкмөтү  тарабынан   каржыланган "Элдин  үнү  жана   жергиликтүү   өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  жоопкерчилиги:  бюджеттик  процесс " долбоору   боюнча   ЖМБА сессиялары өткөрулдү.   Бул  долбоордун  алкагында   А.Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  2018- жылдын  24 - январындагы № 13-буйругунун  негизинде , айылдык   аймакдагы  көйгөйлүү маселелерди  аныктоо   боюнча  жана  артыкчылык  берилген  көйгөйлүү маселелерди   2018- 2019- жылдарга  биргелешкен  аракеттер  планын  киргизүү  боюнча  жумушчу  топ  түзүлгөн.      Айыл   өкмөтү  тарабынан жумушчу топтун жергиликтуу жамааттар  менен биргеликте  иштеп  чыккан биргелешкен  аракеттер  планын (БАП)  бекитип берүү сунушталган.  А.Мирмахмудов айылдык  Кенеши 2018-2019- жылдарга түзүлгөн  биргелешкен аракеттер   планын (БАП) көрүп чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жумушчу топтун жергиликтуу жамааттар  менен биргеликте  иштеп  чыккан        2018- 2019- жылдарга  биргелешкен  аракеттер  планы  (БАП)  бекитилсин.

2.         Биргелешкен  аракеттер  планы  (БАП)   А.Мирмахмудов айыл   өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга түзүлгөн социальдык-экономикалык өнүгүү программасынын  бир бөлүгү  болуп киритилсин.

3.         Биргелешкен  мониторинг жана баалоо тобунун жана демилгечи топтун курамы  бекитилсин. (Тиркеме  тиркелет)

4.         Ушул токтомду көзөмөлдө  жагы А.Мирмахмудоа айыл  Кенешинин бюджет  жана экономика боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

13-3

03.02.2018

 

Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу

боюнча өткөн жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы   айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ажибеков  Дастанбек  берген маалыматтарды угуп, талкуулап А.Мирмахмудов  айылдык Кеңеши төмөнгүдөй      токтом кылат

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча өткөн жалпы жыйында эң көп добуш алган Чапаев  айылындагы "Келечек  умуттору" балдар бакчасына  ашкана  жана дараткана  куруу аркылуу , бала бакчанын санытардык-гигиеналык шартын  жакшыртуу боюнча "Келечек  балдары"  жана  айыл аймактагы  А.Кодирий атындагы толук эмес  орто мектебинин чатырын, эшик-терезелерин алмаштыруу  жолу менен окучулардын билим  сапатын которуу  боюнча "Заманбап мектеп" долбоорлору бекитилсин.

 

2.         Чапаев  айылындагы "Келечек  умуттору" балдар бакчасына  ашкана  жана дараткана  куруу аркылуу , бала бакчанын санытардык-гигиеналык шартын  жакшыртуу боюнча "Келечек  балдары"  долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо салым 200 миң сом,

А.Кодирий атындагы толук эмес  орто мектебинин чатырын, эшик-терезелерин алмаштыруу  жолу менен окучулардын билим  сапатын которуу  боюнча "Заманбап мектеп" долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошо салым 300 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.

 

3.         Бул долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  Д.  Ажибековго милдеттендирилсин.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

13-4

03.02.2018

 

А.Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын жааматынын 2016-жылдын 7-октябрындагы протоколунун бекитип  берүү  жөнүндө.

             Мирмахмудов  айыл  аймагынын Барын  айылынын  тургундары айыл  өкмөтүнө  атайын  кат  менен  кайрылышып ,азыркы  күндө уул  балдар, мамлекеттик  каттоодон  өткөн ,замандын  талабына  жооп  бере  турган типтуу  заманбап медреседе  диний  талимдин  алгачкы билимдерин алышууда, бирок айыл  аймагына  жашап  жаткан  кыз  келиндер, аялдар   атайын  окуу  жайы  жөктүгүнөн  ар  жерлерде ар  кандай кишилерден диний  таалимдерин  алышууда, бул  дегени азыркы  заманда  ар  түрдүү   диний  агымдар,   диний экстремизм күч алып  турган  учурда көзөмөлсүз диний  билим  алууну  келтирип  чыгарышы  мумкун  деп, башталышы "Барын" айылынын мүлк  үлүшү болгон  эски тамеки  сарайдин  ордун, Барын элдеринин  жааматы 2016-жылдын  7-октябрында өздөрүнүн  жалпы  жыйынында аталган  жердин 2800ч.м. аянтын жогорудагы  максаттарда мыйзам чегинде муниципалдык  менчикке  өткөрүп  берүүнү чечишкен арызы жана  жалпы  жыйындын  протоколу  менен айыл  өкмөтүнө  кайрылышкан.

                         Аталган  маселени  мыйзам  талаптарынын  негизинде  карап  чечип  берүү  үчүн    айыл өкмөтү  айылдык  кеңешке  кайрылган.

          Жогорудагы  маселени  актууалдулугун  эсепке  алып, Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкару жөнүндөгү"  мыйзамынын  3гл, 18-беренесинин  1-бөлүмүнүн  №2,15-пункуттарынын  талаптарына, Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"-нин 2гл. №18-беренесинин  3-бөлүмүнүн   жана Мирмахмудов  айыл  аймагынын Барын  айылынын тургундарынын  жааматынын  2016-жылдын  7-октябрындагы жалпы  жыйынынын протоколу  негиз А.Мирмахмудов  айылдык  кеңешинин  VI  шайланган  депутаттардын  кезектеги  XIII  сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча  башкару жөнүндөгү"  мыйзамынын  3гл,18-беренесинин1-бөлүмүнүн №2,15-пункуттарынын талаптарына,   Кыргыз  Республикасынын "Жер  кодекси"-нин 2гл. №18-беренесинин  3-бөлүмүнүн  жана Мирмахмудов  айыл  аймагынын Барын  айылынын тургундарынын  жааматынын  2016-жылдын 7-октябрындагы жалпы  жыйынынын протоколунун талаптары  аткарууга  жана  жетекчиликке  алынсын.

 

2.         Барын  айылынын жааматынын  2016-жылдын  7-октябрындагы  жалпы  жыйынынын протоколу  бекитилсин.

 

3.         Мирмахмудов  айыл  аймагынын Барын  айылынын  элдеринин мүлк үлүшү  болгон (эски  тамеки  сарайдин  орду) 2800ч.м. жер  тилкеси, келечекте  кыз  келиндер  медресесинин  имаратын  куруу  үчүн    Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  алынсын.

 

4.         Ушул  токтомдун мыйзамдуу  түрдө аткарылышы   Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ш.Гафаровго  тапшырылсын.

 

 5.        Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы  айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

13-5

03.02.2018

 

А.Мирмахмудов  атындагы  айыл аймагында  жайгашкан айыл  чарба  жерлеринин  мамлекеттик  фондунун (АЧЖМФ) 2018-жылга  карата ижарага  берүү   тартибин  аныктоо  жөнүндө.

             А.Мирмахмудов  айыл  аймагында 2018-жылдын  1-январына  карата бардыгы  болуп 413га.  АЧЖМФ жерлери бар.Анын ичинен  сугат  айдоо  сугат  айдоо  жер  113га., кайрак  айдоо  жер 217га., бак 5га., чөп  чабынды  жер 79га. түзөт.

Айыл  аймагында  жайгашкан АЧЖМФ жерлеринин туура  пайдалануу, жерлердин  мелиоративдик  абалын  жакшыртуу  жана   ижарак  мөөнөтү  бүткөн  жерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  мыйзам  чыгаруу   жыйынынын 2007-жылдын 2-июнундагы №1997-III  токтому   менен бекитилген жобосунун  талаптарына  ылайык аукцион  өткөрүү  жолу  менен ижарага  берүү  максатында Мирмахмудов  айылдык  кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Мирмахмудов  айыл  аймагында жайгашкан айыл  чарба  жерлеринин  мамлекеттик  фондунун  жерлеринин ижара  мөөнөтү  бүткөн  жерлерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  мыйзам  чыгаруу   жыйынынын 2007-жылдын 2-июнундагы №1997-III  сандуу  токтому  менен  бекитилген жобосунун  талаптарына  ылайык аукцион  өткөрүү  жолу  менен ижарага  берилсин.

2.         АЧЖМФ-нын  жерлеринин аукцион  аркалуу  ижарага  берүү  боюнча комиссиянын  курамы №1  тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

3.         АЧЖМФ-нын жерлеринин  ижарага берүү  мөнөөтү  беш жыл  деп  белгиленсин.

4.         АЧЖМФ-нын жерлеринин  ижарага  берүүнүн 1га.үчүн баштапкы   баасы №2  тиркемеге  ылайык белгиленсин.

5.         АЧЖМФ-нын жерлеринин  аукцион  аркалуу  ижарага  берүү  жана  бардык  ижарачылар  менен  ижара  келишимдерин  түзүү № 1  тиркеме  боюнча  түзүлгөн  комиссияга  жүктөлсүн.

 6.        Ушул  токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы  айылдык  кеңешинин  тиешелүү  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад