М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

3

10.01.2017

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

2.

1

10.01.2017

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин   төрагасын  шайлоо боюнча  жабык жашыруун  добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө  

3.

2

10.01.2017

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин  төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө  эсептөө комиссиясынын  №2 протоколун  бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов кенешинин кезектеги VI чакырылышынын 1 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

3

10.01.2017

 

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Мирмахмудов айылдык  округунун кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мирмахмудов айылдык  кеңешинин регламенти бекитилсин.             

   ( Регламент тиркелет)

 

 

Мирмахмудов кенешинин  төрагасы 

 

Гайназаров Казимжан

 

 

Назад

 

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу иштери боюнча

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы кезектеги 1 сессиясынын 1-3 токтомуна тиркеме

 

               МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

 

I БӨЛҮК

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава

Айылдык округдун кеңеши

2-Глава

Айылдык округдун кеңешинин компетенциясы

II - БӨЛҮК

3-Глава

Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана Кеңештик төрагасынын орун басары.

4-Глава

Айылдык округдун кеңешинин катчысы

5-Глава

Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

III -БӨЛҮК

Айылдык округдун кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби

6-Глава

Айылдык округдун кеңешинин сессияларын өткөтүүнүн тартиби

7-Глава

Айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби

IV-БӨЛҮК

Айылдык округдун кеңещинин Регламенти

8-Глава

Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби

               

                Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.

I БӨЛҮК

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава

1.1  Айылдык округдун кеңешинин өзүнүн иш-арекетин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жкргиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

1.2  Айылдык округдун кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айыл округ кеңеши жана поселкалык кеңеши жкргиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.3 Айылдык оругдун кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы тең жана туз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.

1.4. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.

2-Глава

Айылдык округдун кеңешинин компетенциясы

Айылдык округдун кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет;

1)      жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

2)      жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткарууну жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун журушу жөнүндө маалыматтар угуу;

3)      аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;

4)      Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

5)      жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обөекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдуктун жүзөгө ашыруу;

6)      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;

7)      мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8)      Депутаттардын жлпы санынын көпчүлүк саны менен мэрге, райондук маанидеги шаардын жана поселканын башчысына же айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;

9)      жегиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

10)  администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;

11)  төраганы жана анын орун басарын шайлоо, алардын кызматынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;

12)   жергиликтүү кеңештин Регаментин кабыл алуу;

13)   өз чечимдкринин аткарылышына контролдук кылуу;

14)   Өкмөт аныктаган типтүү чечимдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, поселкалык  башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттын санын бекитүү;

15)   Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш- тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;

16)   Айылдык округ башчысын шайлоо;

17)   Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, поселок үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган  ставкаларын белгилөө;

18)  Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындылары,жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

1)      жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка меселелерди чечүү.

1.3. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка меселелер чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.

         1.4. Айылдык округ кеңеши жана поселкалык кеңеш белгилеген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алынат.

 

II -БӨЛҮК

Айлдык округдун кеңешинин  төрагасы жана орун басары

3-Глава

Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.

3.1. Айылдык округдун кеңешинин төрагасы депутаттарын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдйк округдун кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.

Айылдык округдун кеңешинин төрагасы;

 

·          Кеңеш сессиясын чакырат;

·         Сессияга төрагалык кылат;

·         Айылдык округдун кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол койот;

·         Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

      3.2. Айылдык округдун кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.

      3.3. Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары.

Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди 

төрөга тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.

      3.4. Кеңештин торагасынын орун басары төрөганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төрөганын милдетин аткарат.

      3.5. Кеңештин төрөгасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.

      3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат. 

4-Глава

      Айылдык округдун кеңешинин катчысы

         4.1. Айылдык округдун кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.

      4.2. Айылдык округдун кеңешинин  катчысы;

 

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;  

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алуунун уюштурат;

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын 

уюштуруу иштерин жүргүзөт;

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана аралдын катышуусунун эсебин алат.

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;

·         Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат;

 

5-Глава

Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу  комиссиясылары

5.1.Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер  жана уюмдардын  аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.

Айыл округдун кеңеши жана поселкалык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.

Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.

      5.2. айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.

Убактылу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.   

III- БӨЛҮК

Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин ишинин жалпы тартиби

6-Глава

Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби        

      6.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук- укуктук формасы брлуп кеңештин сессиясы саналат.

Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем     

эмес жана депутаттарды жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.

Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

      6.2. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессига катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.

      6.3. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт.Кеңештин чечими менен сессия жапык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.

      6.4. Сессияны чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.

      6.5. Айылдык округдун кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.

     6.6. Айрым себептер менен каралбай калган меселелер кийинки сессияда каралат.

     6.7. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган меселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.

     6.8. Керек болгон учурларда айылдык оркругдун кеңешинин жана поселкалык кеңешинин сессияларында каралган меселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат

                                                                                  7-глава

            Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби

     7.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясында каралган меселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

     7.2. Айылдык округдун кеңешине жана поселкалык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш;

·   Кабыл алынган чечимди аткаруучулар аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендигин көрсөтүлөт;

·   Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлөмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мемлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;

·   Ушул меселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурдагы кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;

·   Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.

7.3  Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтом сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.

7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгө добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу мене кабыл алынат.

7.7. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

7.8. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдетүү.

IV-БӨЛҮК

Айылддык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин Регламенти

8-глава

      Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.

      8.1. Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш Регламенти, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелер боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизилет.

      8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айлдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.

      8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо учун жөнөтүлөт.

      8.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов кенешинин кезектеги VI чакырылышынын 1 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

1

10.01.2017

 

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин   төрагасын  шайлоо боюнча  жабык жашыруун  добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө  

Мирмахмудов айылдык  округунун  кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мирмахмудов айылдык  кеңешинин   төрагасын  шайлоо боюнча  жабык жашыруун  добуш берүүнү уюштуруу боюнча  төмөнкү курамдагы эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

 

1.Улмасова Муяссархон  -төрагасы

 

2. Абдуназаров Абдулсаид  - мүчөсү

 

3. Исмаилов Илхомжон - мүчөмү

Мирмахмудов кенешинин кезектеги  төрагасы 

 

Гайназаров Казимжан

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов кенешинин кезектеги VI чакырылышынын 1 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

2

10.01.2017

 

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин  төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө  эсептөө комиссиясынын  №2 протоколун  бекитүү жөнүндө

Мирмахмудов айылдык  кеңешинин  төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө  эсептөө комиссиясынын  №2 протоколун   угуп жана талкуулап   Мирмахмудов айылдык кеңешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мирмахмудов айылдык  кеңешинин   төрагалыгына __25__ добушка  ээ болгон депутат Исмаилов Илхомжон шайланды  деп  эсептелсин  деген эсептөө  комиссиясынын №2 протоколу  бекитилсин.

Мирмахмудов кенешинин 

 

Гайназаров Казимжан

 

 

Назад