М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

18.06.2017

А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кенеши  мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө

2.

2

18.06.2017

А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү  мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө

3.

3

18.06.2017

Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде  социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик  текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

4.

4

18.06.2017

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндө

5.

5

18.06.2017

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн бюджетинин жетишпестиктерин толуктоо жана республикалык жактан алынган акча каражаттарды максаттуу бөлүштүрүү жөнүндө

6.

6

18.06.2017

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 6242,7 миң сом бюджеттик калдыгын  бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

1

18.06.2017

 

А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кенеши  мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесин жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине ылайык А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши;

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн, толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:  "Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши" Мекемеси.

Расмий тилде: Учреждение "Айылный Кеңеш айылного аймака имени Абдулхайа Мирмахмудова".

Кыскартылган фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:  "А. Мирмахмудов атындагы  айылдык Кенеши" М-е.

Расмий тилде: У-е  "Айылный Кенеш имени А. Мирмахмудова";

 

2.  "Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши" Мекемесинин  регламенти жаңы редакцияда бекитилсин;

 

3. "Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши" Мекемесинин  дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат  району, Мирмахмудов атындагы  айыл аймагы, Чапаев  айылы,  Төлөнов көчөсү 12;

 

4. "Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши" Мекемесин  мамлекеттик кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет "Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши" Мекемесинин  Төрагасы Исмаилов Ильхомжон Сотволдиевичке жуктолсун.

 

Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

2

18.06.2017

 

А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү  мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесин жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесине ылайык А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши;

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү  мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн, толук фирмалык аталышы:

 

Мамлекеттик тилде -"Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Айыл өкмөтү"  мекемеси,

расмий тилде - Учреждение "Айыл окмот айылного аймака имени Абдулхайа Мирмахмудова".

Кыскартылган фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде - "А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү"  М-е,

расмий тилде -  У-е  "Айыл окмот имени А. Мирмахмудова";

 

2.         "Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Айыл өкмөтү"  мекемесинин  Жобосу  жаңы редакцияда бекитилсин;

 

3.         "Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Айыл өкмөтү"  мекемесинин  дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат  району, Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагы, Чапаев  айылы, А. Төлөнов көчөсү, 12;

 

4.         "Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Айыл өкмөтү" мекемесин  мамлекеттик кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет "Абдулхай Мирмахмудов атындагы  айыл аймагынын Айыл өкмөтү"  мекемесинин  башчысы Гафаров Шухрат Мамадумаровичке жуктотулсун.

 

Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

3

18.06.2017

 

Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде  социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик  текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

  Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча   аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү Мирмахмудов ат.айыл  округунда жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы бюджеттик мекемелерде болуп өттү.

             Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун  негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл өкмөту боюнча 119.7 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде жетишпестиктер 11.5 мин сом, негизсиз төлөнгөн эмгек акы 55.6 мин сом, негизсиз чыгышталган акча каражат жана материалдык баалуулуктар 5.9 мин сом, казыналыктан тышкары пайдаланган каражат 75.1 мин сомду түзгөн.

 Ауди түшкөн мезгил аралыгында финансалык тартип бузуулар толугу менен ордуна коюлган.

            Мирмахмудов ат.айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, Мирмахмудов ат. айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу  мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында бюджеттин киреше жана чыгаша  тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына  негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда  финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.

2.         Эсеп-кысап  иштерин начарлатып жиберген Мирмахмудов ат. айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү кемчиликтерди ушул жылдын 30-июнуна чейин четтетүү жагы жана мындан ары финансалык катачылыктарга жол бербоо боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3.         Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаров аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы тартип бузууларды мындан ары жол бербөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгышсын жана материалдык жооптүү кызматкерлер менен түздөн-түз иш жүргүзүшсүн:

 

            -    бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;

            -    эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны  негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;

            -    кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан болгон дебитордук карыздарды өз убагында өндүрүү, ижарага берилбей калган жерлерди ижарага берүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу;

           -    жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

            4.  Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө  айыл округунда  бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 192-П буйругуна негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү талап кылуу милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтедик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түздүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, финансалык катачылыктарга мындан ары жол бербоо боюнча иш чара иштеп чыксын жана материалдык баалуулуктар боюнча жооптуу кызматкерлер менен озгочо иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

            5.Токтомдун аткарылышын Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

4

18.06.2017

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндө

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолун жактыруу максатында  Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-гл 78-беренсинини негизинде Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудовайыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.

 

3.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

5

18.06.2017

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн бюджетинин жетишпестиктерин толуктоо жана республикалык жактан алынган акча каражаттарды максаттуу бөлүштүрүү жөнүндө

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн бюджетинин жетишпестиктерин толуктоо жана республикалык жактан алынган акча каражаттарды максаттуу бөлүштүрүүнү  Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-гл 78-беренсинини негизинде  Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетиндеги жетишпестикти толуктоо максатында, Республика тарабынан берилген транферттен бөлүнгөн 2 000,0 миң сомду асфальт төшөөгө жетпей калган акча каражатыны Р-704 3111- статьясына бекитилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.

 

3.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

6

18.06.2017

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 6242,7 миң сом бюджеттик калдыгын  бөлүштүрүү жөнүндө

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 6242,7 миң сом бюджеттик калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүү жөнүндө Мирмахмудов  айылдык кеңешинин  кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 4384,4 миң сом ,анын ичинен 4347,1 миң сому бюджеттик калдык 37,3 миң сому атайын каражаттын калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүлсүн.

2.         701- раздел боюнча  Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттин укугунун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамын 17-беренесин эске алып муниципалдык кызматчыларга эки оклатдан сыйлыккатары эмгек акысына 478,3 миң сом , ал эми соц.фондуна 82,5 миң сом андан сырткары айыл өкмөтүнүн имаратын кезектеги ремонтуна 652,7 миң сом, бүтпой калган имаратына 1843,3 миң сом каржылансын.

3.         704-раздел боюнча  айыл өкмөттү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Чапаев айылындагы 7-отвод сугат каналын проектисине 150 миң сом, айыл аймагындагы таза суу жана башка проекттерине 489,3 миң сом, Арал жана Чапаев  айылынын сел канасын жана арыктарын  тазалоо үчүн 350 миң сом, Чапаев айылына транспорматорго электр жабдуулар сатып алууга 108 миң сом каржылансын.

4.         706-раздел айыл аймагындагы таштандыларды алып чыгуу үчүн 60,6 миң сом каржылансын.

5.         Мирмахмудов айыл аймагындагы спорт залына ар түрдүү чыгымдарына 36 миң сом каржылансын.

6.         Мирмахмудов айыл аймагындагы балдар бакчаларына ар түрдүү чыгымдар үчүн 15миң сом каржылансын.

7.         Мирмахмудов айыл аймагындагы мектептерине ар тбүрдүү чыгымдарына 55 миң сом жана Беруни орто мектебине кошумча  16 тонна көмүр үчүн 26,4 миң сом каржылансын.

8.         Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ш.Гафаров  жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.

9.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык  кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад