М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

06.04.2017

Мирмахмудов  айыл  аймагынын Киров  айылынын  аралап  өткөн  Ош-Исфана   жана  Ноокат-Папан автожолдорунун  четинде  өсуп  турган, электр зымдарына жана жол  коопсуздугуна зыян  келтирип  турган  теректердин  мыйзамдуу  түрдө кыркып  алып  таштоо  жөнүндө

2.

2

06.04.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссисынын "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө"гу токтомун  негизинде Мирмахмудов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын  курамына сунуштоо жөнүндө.

3.

3

06.04.2017

Мирмахмудов атындагы айыл аймагында  жайгашкан айыл чарба жерлерин,  мамлекеттик  фондунун   жерлерин,  ижарага  берилген  жерлерин жана жаңыдан  берилүүчү  жерлерди  ижара  акынын  өлчөмдөрүн  аныктоо     жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

1

06.04.2017

 

Мирмахмудов  айыл  аймагынын Киров  айылынын  аралап  өткөн  Ош-Исфана   жана  Ноокат-Папан автожолдорунун  четинде  өсуп  турган, электр зымдарына жана жол  коопсуздугуна зыян  келтирип  турган  теректердин  мыйзамдуу  түрдө кыркып  алып  таштоо  жөнүндө

Мирмахмудов  айыл  аймагынын Киров  айылынын  аралап  өткөн Ош-Исфана автожолунун  четинде  өсуп  турган   176  туп теректердин, аталган  автожолдун  реконструкциялоо башталып  жаткандыгынан жана  ал  теректер  кызыл  сызыкка  кирип  калгандыгын эсепке  алып  жана найза  теректер өтөө  өсүп  кеткендигинен шамал  болуп көп  жаан-чачын  болуп  жаткан  учурларда электр  зымдарына  тийип  калып кыска  түтөшүүлөрдү келтирип  чыгарып электр  энергиясын  үзгүлдүксүз узатууда тосколдуктар  келтирип  чыгарууда, көп  теректер вирустук  ооруларга  чалдыкандыгынан шамал  мезгилинде жолго сынып  тушуп  кетүү  фактылары  катталууда.       

             Жогорудагы  абалды  Ноокат-Папан автожолунун четинде  өсүп турган  125  туп терек  дарактары  дагы  келтирип  чыгарууда.

Жогорудагы абалды  эске  алып Мирмахмудов айыл аймагынын  өкмөт башчысынын 2017-жылдын  03-апрелиндеги № 108  сандуу  билдирүүсүнө  негиз,  Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 4гл. 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутунун  талаптарынан  келип  чыгып,  Мирмахмудов айылдык  кеңешинин кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 4гл. 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутунун  талаптарын жетекчиликке жана Мирмахмудов айыл аймагынын  өкмөт башчысынын 2017-жылдын 03-апрелиндеги № 108  сандуу  билдирүүсүнө негиз катары кабыл  алынсын.

2.         Мирмахмудов  айыл  аймагынын Киров  айылынын  аралап  өткөн Ош-Исфана автожолунун  четинде  өсуп  турган   176  туп, Ноокат-Папан автожолунун четинде  өсүп турган  125  туп терек  дарактары электр  зымдарына  тийип  калып кыска  түтөшүүлөрдү келтирип  чыгарып, электр  энергиясын  үзгүлтүксүз узатууда тосколдуктар  келтирип  чыгарып жана көп  теректер вирустук  ооруларга  чалдыкандыгынан шамал  мезгилинде жолго сынып түшүп, жолдон    өткөн   автоууналар  жана  жүргүнчүлөрдүн жол  кыймылын коопсуздугун камсыздоо    максатында мыйзам  чегинде   этияттик  чараларын  көрүп, аталган көчөдө жашаган, өзүнүн  турак жайынын түшүнө терек  отургузган  турак  жай  ээлери  өзүнүн  эсебинен кыркып алып таштап,  ордуна  кайрадан декоративдик  дарактарды отургузуу  жагы тапшырылсын.

 

3.         Аталган  көчөлөрдөгү  теректерди кыркып  алып  салуу  үчүн  мыйзам  чегинде  Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнө  караштуу  курчап  турган чөйрөнү коргоо  жана токой чарбасы  боюнча  мамлекеттик  агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы  менен  макулдашуу  жагы Мирмахмудов айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ш.Гафаровго  тапшырылсын.

 

4.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

2

06.04.2017

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссисынын "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө"гу токтомун  негизинде Мирмахмудов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын  курамына сунуштоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндөгу" №68 токтомунун негизинде  Мирмахмудов айыл аймагындагы  участкалык шайлоо комиссияларын резервин толуктоо  жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл аймагынын № 5485 Кара кокту ,№5383 Ойбек,  № 5387 Арал, №5388 Какыр сай, № 5389 Киров, № 5390 Чапаев, №5391 Уч Кемпир участкалык шайлоо комиссиялары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.         Аталган Мирмахмудов айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиярынын курамынын резервин толуктоо жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун актарышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Ажибековго тапшырылсын

4.         Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

3

06.04.2017

 

Мирмахмудов атындагы айыл аймагында  жайгашкан айыл чарба жерлерин,  мамлекеттик  фондунун   жерлерин,  ижарага  берилген  жерлерин жана жаңыдан  берилүүчү  жерлерди  ижара  акынын  өлчөмдөрүн  аныктоо     жөнүндө

        Кыргыз  Республикасынын Премьер-Министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73 сандуу  тапшырмасына  ылайык 2017-жылга  карата  жергиликтүү  бюджеттерди  бекитүү  процесинде, өз алдынча башкарүү  органдарына жер  салыктарынын базалык  ставкаларын  же жер  салыктарын  коэфиценттерин  КР "Салык  кодексинин"  337, 339-беренелеринин  талаптарына  ылайык  мыйзамдарда  белгиленген  укуктарынын  ченеминде  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү сунушталган.

Жогрудагы  тапшырманын  талаптарын  аткарууга  алуу  максатында Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча  башкарүү  жөнүндөгү"  мыйзамынын 3-гл.1-пункутунун №1,2,3,15 бөлүмчөлөрүнүн, 4гл. 31-беренесинин 1,2,4-пункттраынын 3,4 бөлүмчөсүнүн  талаптарына таянып Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз  Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча  башкарүү  жөнүндөгү" мыйзамынын 3-гл.1-пункутунун №1,2,3,15 бөлүмчөлөрүнүн, 4-гл. 31-беренесинин 1,2,4-пункттраынын 3,4- бөлүмчөсүнүн  талаптары, КР "Салык  кодексинин"  337, 339  беренелеринин  талаптары, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73 сандуу  тапшырмасынын  талаптары, Мирмахмудов атындагы  айылдык кеңешинин  2017-жылдын  сессиясынын  № ..  токтомунун  талаптарын  аткарууга  жана  жетекчиликке  алынсын.

2.         Айыл  аймагында  пайдаланууда  болгон  айыл  чарба  жерлеринин жер  салыгынын өлчөмү

 

 -сугат айдоо  жерлер-1,5 эсэ ,

 

       -Кайрак айдоо  жерлер-1,15 эсэ,

       -Көп  жылдык бактар-2,6  эсэ,

       -Чөп  чабынды  жерлер-2,2 эсэ   көтөрүлгөндүгүн  эсепке алып айыл  аймагында  жайгашкан  айыл  чарба  жерлеринин  мамлекеттик  фондунун  пайдалангандыгы  үчүн  төлөнүүчү  ижара  акы түрлөрү жайгашкан  жери  жана  сугат  суу менен камсыздалышынан келип  чыгып төмөндөгү  өлчөмдө  белгиленсин: (ижара  акынын өзгөртүлгөн  өлчөмү  тиркелет)

3.         Кайра бөлүштүрүү фондунун жрлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1 тиркеме ылайык бекитилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге жүктөтүлсүн.

 

5.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад