М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

20.02.2017

"Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

2.

2

20.02.2017

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү)  грнтына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

3.

3

20.02.2017

Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө

4.

4

20.02.2017

Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын Кызыл бөлүмүндөгү жайыт жеринде жайгашкан 4 ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндөгү 25 ч.м жер тилкелерин  ижарага берүү жөнүндө

5.

5

20.02.2017

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарга жана эски  көчөлөрдү аныктап наам коюу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

1

20.02.2017

 

"Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2016-жылга  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2017-жылга республикалык бюджети  жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.              Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Мирмахмудов Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.  2017-жылга Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  18528,8 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2017-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

            Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

            Кирешенин болжолу 2018-жылга 18887,3 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2114,3 миң сом менен) жана 2019-жылга 19255,8 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 1704,8 миң  сом менен) белгиленсин.

            Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

            4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.           

            5.  Айыл өкмөтүнүн башчысы  төмөнкүгө укуктуу:

-  Ушул токтомдун   1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;  

            -  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

            -  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

            6. 2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

            7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

            8. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү калдык менен 27759,9 миң сомго, чыгаша  бөлүгү 21406,1 миң сомго, активден түшкөн 111,0 миң сом же кирешенин чыгашадан 6242,8  миң сомго артыкчылыгы менен  аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

           9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

2

20.02.2017

 

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү)  грнтына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

"А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылыгдагы Коргошун талаа учаскасында ФАП куруу долбору  боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган  долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин депутаттардын кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган Чапаев айылыгдагы Коргошун талаа учаскасында ФАП куруу долбору үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен  650850  (алты жүз элүү миң сегиз жуз элүү)  сом  акча каражаты бөлүп берилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровго тапшырылсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү  туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

3

20.02.2017

 

Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө

Мирмахмудов айылдык кеңешине караштуу болгон жайыт жерлеринин (адыр,тоолу) бөлүктөрүндө жана кышкы тоют үчүн орулуучу чөп чабынды жерлери ушундай эле себилген күзгү, жайкы калкандуу дан эгиндерине мыйзамсыз түрдө мал багып Мирмахмудов айыл аймагы жана тургундарына келтирген материалдык экологиялык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июнундагы №91 , 2011-жылдын 28-декабрндагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын 18-19-беренелеринде көрсөтүлгөн иш чаралары жана 1992-жылдын 17-августундагы №403 токтомунун 4-пунктуна таянып Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн төмөндөгүдөй айп салынсын.

 

1)         Ийри мүйүдүү мал, жылкы жана эшектерге 940 сом (бир башка)

2)         1 жашка чейинки мүзөө жана тайларга 260 сом (бир башка)

3)         Койлорго 260 сом (бир башка)

4)         Эчкилерге 1565 сом (бир башка)

 

2.         Жайыт кыртышын өзүмчүлдүк менен бузган жерлеринин ар бир метр кватраты үчүн 0,80 сомдон айып салынсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын жайыт бирикмесинини төрагасы А.Фазиловго тапшырылсын.

4.         Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айыл кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

4

20.02.2017

 

Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын Кызыл бөлүмүндөгү жайыт жеринде жайгашкан 4 ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндөгү 25 ч.м жер тилкелерин  ижарага берүү жөнүндө

Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылындагы "Кызыл" бөлүмүндө жайгашкан № 1950 контурунда турган жайыт жерлердин эсебине кирген , ыңгайсыз таштак жерден ОсОО I-Spase фирмасына 4 (төрт) ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндө жайгашкан №522 контурундагы  жайыт жерлердин эсебине кирген  ыңгайсыз таштак жеринен ЖЧК "Нур Телеком" фирмасына 25 ч.м жер тилкелерин  ижарага берип, алыскы айылдарда жайгашкан мектептерге интернет түюүнү  жеткирүү боюнча долбордун негизинде уюлдук байланш антенасын ачтасын орнотуу үчүн ижарага берилүүсү боюнча Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылындагы "Кызыл" бөлүмүндө жайгашкан жайыт жерлердин эсебине кирген , ыңгайсыз таштак жерден ОсОО I-Spase фирмасына 4 (төрт) ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндө жайгашкан №522 контурундагы  жайыт жерлердин эсебине кирген  ыңгайсыз таштак жеринен ЖЧК "Нур Телеком" фирмасына 25 ч.м жер тилкелери ижарага берилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Фазиловго жүктөтүлсүн

 

3.         Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Мирмахмудов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Чапаев айылы

5

20.02.2017

 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарга жана эски  көчөлөрдү аныктап наам коюу жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарга жана эски наамын өзгөртүп, көчөлөрдү аныктап аларга айыл башчылардын билдирүүлөрү жна айыл аймактын тургундарын жазуу түрүндөгү жана  ооз эки арыздарын эске алып А.Мирмахмудов атындагы айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жаңы конуштарга жана көчөлөрдү аныктап аларга жаңы наам берүү боюнча айыл тургундардын ооз эки арыздарын жана айыл башчылардын билдирүүлөрүн эске алып төмөнкүдөй көчөлөр аныкталып аларга наам берилсин:

Чапаев айылы ,

Мирмахмудов участкасы

1.         Жаңы маала-1

2.         Жаңы маала-2

3.         Жаңы маала-3- Маманазаров Немат

4.         Жаңы маала-4,5 - Хаким Полвон

 

Чапаев айылы Уч Кемпир  участкасы

1.         -Уч-Кемпир -1

2.         -Уч-Кемпир -2

3.         -Уч-Кемпир -3

4.         -Уч-Кемпир -4

5.         -Уч-Кемпир -5

Чапаев айылы Беш тал участкасы

1.         Беш Тал -1

2.         Беш Тал -2

3.         Беш Тал -3

4.         Беш Тал -4

5.         Жаштык көчөсү - Исмоилов Топволди

6.         Малхана- Абдувоит ата

 

Барын айылы

1.         Ахматов Комилжон

2.         Аэропорт-1 көчөсү - Содикков Киргизбай

3.         Аэропорт -2

4.         Жаңы көчө - Ином ажы көчөсү

Киров айылы

1.         Таштак -1

2.         Таштак -2

3.         Таштак -3

4.         Таштак -4

5.         Какыр сай-2

6.         Какыр сай-3

7.         Какыр сай-4

8.         Ак Шувак-1

9.         Ак Шувак-2

10.       Ак Шувак-3

11.       Ак Шувак-4

12.       Ак Шувак-5

13.       МТФ -Абдулхакимов Тойчубай

14.       Мал хана1- Шерали ата

15.       Мал хана 2 Осмон ата

16.       Мал хана 3 - Абдулхакимов Тойчубай

Арал айылы

3.         Ынтымак - Сулайман ата

4.         Ынтымак-1- Чымбай ата

5.         Ынтымак-2-Исакул ата

6.         Абдулла ажы

7.         Абдулла ажы -1- Молдо Абыд

8.         Абдулла ажы -2- Ахмад ажы

9.         Абдулла ажы -3-Насиров Абдыпатта

10.       Абдулла ажы -4- Исаков Зикир

11.       Абдулла ажы -5-Мырзалы Ата

12.       Орто кызыл- Жумабай ата

13.       Көк терек - Гаипкулов Мусабай

14.       Ноокат Араван

15.       Гыш кана

16.       Жаңы көчө - Халмурза ата

17.       Орто кызыл

18.       Орто кызыл-1

 

2.         Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, жер адиси Ю.Сайтбаев жана айыл башчыларга жүктөтүлсү.

3.         Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айыл кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Мирмахмудов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

И.Исмоилов                   

 

 

Назад