АРИС уюму тарабынан ишке ашырылып
жаткан Айылды Инвестициялоо – 3 долбоорунун алкагында А Мирмахмудов атындагы
айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн
комиссиянын №1 – протоколу Чапаев айылы.
24.10.2016 – жыл. Комиссиянын
отурумуна 11 комиссия курамы толугу менен катышты. Отурумда каралган
маселе: Айыл
аймагынын айылдарынан тандалып келинген койгойлуу маселелерди айыл аймак
денгээлинде иреттештирүү жана башкы койгойлорду ажыратуу. Чогулушту
комиссиянын төрагасы Саидбаев Юсупжан алып барды. Күн тартибиндеги маселе
боюнча АРИС уюму менен түздөн – түз иш алып бара жаткан
айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар
боюнча адиси Дадабаев Халимжан
комиссия мүчөлөрүнө маалымат берди. Дадабаев
берген маалыматка жараша, 2016 – жылдын 11 – октябрынан 17 – октябрына
чейинки аралыкта айыл аймагынын алты айылында эл менен чогулуш өткөрүлдү.
Чогулуштарда элдер атайын фокус – топторго бөлүнүшүп, айылдагы койгойлуу маселелерди аныкташты
жана аларды маанисине карап иреттештирип берди (комиссия мүчөлөрү
айылдардан келген чогулуш протоколдору менен таанышты). Жалпысынан
алганда бардык айылдардагы койгойлор бири – бирине окшош. Бардык жерлерде
билим берүү атрмагын жакшыртуу, элди ичимдик жана сугат суусу
менен камсыздоо, жолдордун абалын жакшыртуу, жаңы конуштарга күнүмдүк
керектелүүчү зарылчылык (эл.энергиясы, суу, жолдордун абалы
жана о.с.) тар менен камсыздоо маселелери бөлүп саналат. Комиссия мүчөлөрү
айылдардан келген койгойлор менен таанышкандан соң, айыл аймак боюнча
койгойлуу маселелрди иреттештирүү боюнча маселе карала баштады. Бул маселе
каралардан иурда, отурумга төрагалык кылып жаткан Саидбаев Юсупжан
комиссия мүчөлөрүнө койгойлорду тандоодо бир
катар жагдайларды эске алууну сунуштады. Булар: 1.
Тандалган койгой айыл аймактын
калкынын копчулук бөлүгүнө пайдасы тийиши зарыл; 2.
Чечилүүсү каралган
маселе элдин турмуш – тиричилигин жогорулатууга түздөн – түз,
жее болбосо кайыр түрдө таасирин тийгизе турган болушу керек; 3.
Тандалган маселе айыл өкмөтүнүн
стратегиялык планына киргизилген болушу керек. Урматтуу
комиссия мүчөлөрү. Ооба,
бардыгыбыз айылыбызда бир маселе чечилип калса деп арекет кылабыз.
Бирок, койгойду тандоодо өз ара
келишпестик менен ар бирибиз өзүбүз жака тартыптурсак,
биринчиден маселе чечилбейт. Экинчиден, донордук уюм дагы бизди тандоодо
кичине ойлонуп калаша ыктымал. Себеби, алар ынтымакта болгон жерде, эл уюшкан
айыл аймактарда иштешет. Ошондуктан, койгойлорду тандоодо жогорудагы
жагдайларды эсепке алууңарды суранып кетер элем. Комиссия мүчөлөрү
айылдардан келген чогулуш протоколдору менен тааншып чыккандан соң,
комиссия мүчөсү Мирзакаримов Анварали сөзгө
чыгып, төмөнкүлөрдү айтты. Урматтуу
комиссия мүчөлөрү. Баарыңар айылдардан келген
протоколдор менен таанышып чыктыңар. Чогулуш катышуучулары айылдардагы
койгойлорду айыл өкмөтүнүн планына киргизилген
маселелер менен дал келтиргендей болуптур. Копчулук жерлерде билим берүү тармагын жакшыртуу,
сугат жана таза суу менен камсыздоо, жолдорду оңдоо, ФАП куруу жана жаш
балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерди чечүү боюнча
койгойлорду тандашыптыр. Айыл өкмөтү дагы өзүнүн
негизги ишин ошол тамактарга каратып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмесү
ошондуктан, айылдардан келген протокол чогулуштарынын жыйынтыктарына таянып,
мен айыл аймак боюнча койгойлорду төмөнкү тартипте
иреттештирүүнү сунуштаймын: 1.
Билим берүү тармагын
жакшыртуу (мектептер жана балдар бакчаларын куруу); 2.
Сугат сууга болгон муктаждыкты
азайтуу (сугат алыштарын ремонттоо, дамбалар куруу, ирригациялык тармак
жаратуу); 3.
Айылдардагы ички жолдорго асфальт
тошоо; 4.
Айылдардагы жаңы конуштарга КТП
орнотуу жана ЛЭП тартуу; 5.
ФАП куруу жана бар болгон ФАП тарды
капиталдык ремонттоо; 6.
Айыл аймакты таза суу менен
камсыздоо; 7.
Чоң жолдорго светофор өрнөтүү
жана жол белгилерин коюу; 8.
Айылдарга ден соолукту чыңдоо
комплекстерин куруу. Сөзгө
комиссия мүчөсү Эсенкулов Аптукалык чыгып, Мирзакаримов
Анваралинын пикирлерине кошулам, деди. Бир гана биздин айылды мисалында алып
корсок, эгерде бизге жаңы мектеп курулса, эски мектептин бир бөлүгүн
балдар бакчасы кылып, бир бөлүгүн болсо китеп кана кылып
пайдаланса болот. Мектеп менен бирге спорт зал да курулуат. Бул дегени, бир
мектеп курулушу менен айылдагы үч
– төрт маселе чечилип калат.
Андан сырткаары, айыл аймакты карап чыксак, эки – үч гана типтүү
мектеп бар. Калгандары баары типтүү эмес, эл ашар жолу менен
куруп алган мектептер. Ал жерде спортзал, конференц зал, китеп кана сыяктуу
кошумча кызмат корсотуу бөлүктары жок. Копчулук мектептерибиз
заман талабына жооп бербейт. Балдар бакчалары болсо, эң чоң
койгойлорубуздан бөлүп келүүдө. Ошого
байланыштуу, мен Анваржон айткан сунушту колдоймун. Сөзгө
чыккан комиссия мүчөлөрүнөн Каримова Паридв,
Маикеримов Өмүрбек жана Тораев Абдурахимдер дагы Мирзакаримовтун
сунушун колдошоорун билдиришти. Чогулуш
катышуучуларынын сунуш – пикирлеринин
жана айылдардан келген чогулуш протоколдорунун негизинде отурум төмөнкүдөй
чечимге келди: Ч Е Ч И М 1.
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагы
боюнча айылдардан тандалып келинген койгойлор төмөнкү
тартипте иреттештирилсин: · Билим берүү
тармагын жакшыртуу (мектептер жана балдар бакчаларын куруу); · Сугат сууга болгон
муктаждыкты азайтуу (сугат алыштарын ремонттоо, дамбалар куруу, ирригациялык
тармак жаратуу); · Айылдардагы
ички жолдорго асфальт тошоо; · Айылдардагы
жаңы конуштарга КТП орнотуу жана ЛЭП тартуу; · ФАП куруу
жана бар болгон ФАП тарды капиталдык ремонттоо; · Айыл аймакты
таза суу менен камсыздоо; · Чоң
жолдорго светофор өрнөтүү жана жол белгилерин коюу; · Айылдарга ден
соолукту чыңдоо комплекстерин куруу. 2.
Ошол чогулуштун чечимин бекитип берүүнү
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын депутаттарынын кеңешинен суралсын; 3.
Чечимдин аткарылышын камсыздоо
комиссиянын мүчөсү Х. Дадабаевке тапшырылсын. Чогулуштун төрагасы: Ю. Саидбаев. Чогулуштун катчысы: Х. Дадабаев. |