1. Мирмахмудов айыл аймагынын муниципалдык жериндеги "Ноокат
универсал базары"нын түштүк
тарабында жайгашкан коомдук ажаткананы менчикке өткөрүп
берүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 23-сентябрндагы №571-токтому менен бекитилген жобонун талаптарынын негизинде, муниципалдык менчикте турган жер участокторун
менчикке берүүнүн
тартибин аныктоо үчүн төмөнкү атайын комиссия түзүлсүн.
a. Кадиров А- айылдык
кеңешинин депутаты- комиссия төрагасы
b. Шералиев
Н-айылдык кеңешинин
депутаты - комиссия мүчөсү
c. Тохтаев А- айылдык
кеңешинин депутаты - комиссия мүчөсү
d. Тажимаматов А- айылдык кеңешинин
депутаты - комиссия мүчөсү
e. Сайтбаев Ю- айыл өкмөтүнүн
жер адиси - комиссия мүчөсү
f. Исаков
М-Чапаев айылынын айыл башчысы - комиссия мүчөсү
g. Досмаматов А-Барын айылынын башчысы - комиссия мүчөсү
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси
Ю.Сайтбаевге тапшырылсын.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин
тиешелүү туруктуу
комиссиясына тапшырылсын
|