Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 

                                                                                                    2021-жылдын  30-октябрдагы

                                                                                                               № 6-5 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат

Урматтуу төрага жана  депутаттар!

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аялдар кеңешинин 2021-жылдын аткарып жаткан иштери төмөнкүчө:

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 2021-жылга карата 23016 адам, анын ичинен аялдардын саны 11534, башкача айтканда аялдар 51-52-пайызды түзөт.

            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо тармагында аялдар 80%, билим берүү тармагында  80%  эмгектенишет.  Мектептердин саны 8 болсо, жетекчилердин 3 (үчөө) аял. А. Парпиев атындагы мектеп  гимназиясында Ф. Азимбаева, К.Каримов а.о.м. Келдибек к.К., Ак-Булак мектеп гимназиясында Б. Атабаева  

            Балдар бакчалары 8 болсо, жетекчилеринин 100% аялдар.

            КР нын Президентинин Жарлыгы менен айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоодо аялдар үчүн  30% квота болсо, биздин айылдык кеңешке аялдардан 38% депутат болуп шайланышты. Бул аялдардын коомдогу активдүүлүгүн билдирет деп ойлоймун. Учурдан пайдаланып депутат айымдарыбызды аялдар кеңешинин атынан куттуктайбыз.

            Аялдар кеңеши коомдук борборго кирет. 2014-жылы облустук юстициядан өткөрүлүп, штамб, печатга ээ болгонбуз. Айылдарыбыздан аялдар кеңешинин төрайымдары бар, алар ар айылда шайлоо жолу менен мыйзамдуу шайланышкан (тизмеси тиркелет).   

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  аялдар кеңеши жана анын мүчөлөрү жөнүндө маалымат

Аты-жөнү

Кызматы

Туулган жылы

Билими

Иштеп келе жаткан жылы

Байланыш номери

1

Садирова Танзила Токтобаевна

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы

01.01.1970

жогорку

2014-ж

0778977173

2

Баатырова Гүлназ

Ак-Булак айылынын аялдар кеңешинин төрайымы

13.09.1977

жогорку

2014-ж

0222401577

3

Ташалиева Санталат Базарбаевна

Борко айылынын аялдар кеңешинин төрайымы

12.12.1967

 Атайын орто

2018-ж

0778977173

4

Баймырзаева Тажикан

Кыргыз-Ата айылынын аялдар кеңешинин төрайымы

20.12.1956

жогорку

2019-ж

0779981939

5

Абдраимова Өмүркан

Көтөрмө айылынын аялдар кеңешинин төрайымы

24.10.1958

орто

2010-ж

0773707055

6

Айдарова Айзада

Кара-Кой айылынын аялдар кеңешинин төрайымы

26.08.1985

жогорку

2021-ж

0773516186

 

            Айыл өкмөтүбүздүн колдоосу менен айылдарда айыл башчылардын кабинеттеринен айылдык аялдар кеңешинин төрайымдарына маалыматтык бурч берилген.Айыл башчылар менен тыгыз иштешишет. Ар бир айылдык аялдар кеңешинин өздөрүнун мүчөлөрү, көчө комитеттери бар, ардагерлер кеңеши бар. Мектептерде кыздар кеңешинин төрайымдары түзүлүп, шайланып, азыркы күндө активдүү иштеп жатышат (тизме тиркелет). Алар менен иш план боюнча тыгыз байланыштабыз.

             Аялдар кеңешинин жылдык иш планы айыл өкмөтү тарабынан бекитилет.

            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү баатыр энелердин жалпы саны- 600 дөй. Айыл аймагындагы көп балалуу энелер менен айыл өкмөтүнүн адиси М.Исманова 10 жылдан бери иш алып барат. Натыйжада азыркы күндө айыл аймагында 274 баатыр эне, 15 “Эне даңкы” медалдын ээлери, алардын пенсия жашындагылар 238, пенсияга чыга электер 36, жөлөк пул алуучулар 30 үй бүлө. 

Ар бир мектепте кыздар кеңешинин кааналары бар, кыздар кеңешинин төрайымдары менен иш пландын негизинде иш алып барабыз. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелериндеги кыздар кеңешинин төрайымдары жөнүндө маалымат

Аты-жөнү

Айылы жана мекеменин аталышы

Байланыш номери

 

1

Икрамова Динара Кудайбердиевна

Кыргыз-Ата айылы  Т. Темиралиев а.о.м

0773317357

2

Парпиева Айзирек Абдижалиловна

Кыргыз-Ата айылы  А. Парпиев а. Гимназия

0773481755

3

Токтомаматова Акдаркан

Көтөрмө айылы Тажибай а.о.м

0773546262

4

Дүйшөева Гүлназ

Борко айылы  К. Каримов а.о.м.

0774019075

5

Тагаева Жанара

Борко айылы  “Борко” лицейи

0777439230

6

Паязова Миргүл

Ак-Булак айылы  С. Токторов а.о.м

0770529988

7

Садирова Надирагүл Рахмановна

Кара-Кой айылы  “Курак-Тектир” о.м.

0776500231

8

Маматалиева Шадманай

Көтөрмө айылы Э. Абдраимов а. №54 кесиптик лицей

0773411883

9

Атабаева Батма

Ак-Булак айылы “Ак-Булак” мектеп-гимназиясы

0773550767

Кыздардын саны, социалдык абалы боюнча маалымат алып турабыз. Ар түрдүү темаларда КВН, семинар, тегерек столдор, жолугушуулар, жыйындар өткөрүлүп турат.

Айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын уюштуруусунда 2018-жылдан бери салтуу түрдө “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” , “Биз диний экстермизмге каршыбыз” , “Биз эрте никеге турууга каршыбыз” , “Биз аракечтикке каршыбыз” ж.б. ушул сыяктуу лозунгдар, желектер, чакыруулар менен РайБББ, РОВД, ИДН, РМА, Райондук аялдар кеңешинин, Аскер Комиссориотынын катышуусунда, ГАИнин көзөмөлдөөсү менен акция-жүрүш өткөрүлүп келе жатабыз.

Быйылкы жылы “Айыл айымдары” коомдук фондунун үч күндүк семинары болуп, ага айылдык кеңешинин алдыңкы депутаты Омурзакова Айнур менен биргеликте окуп, сертификатка ээ болдук жана иштешип келе жатабыз. Калктын саламаттыгын сактоо, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын-алуу иш планын негизинде калкка таза суу киргизилип, АРИС программасынын санитардык-гигиеналык долбоору боюнча 2017-жылдан “Айылдык Ден соолук комитети” (АДК) түзүлүп, 160 аял АДКга жумушка тартылды, бүгүнкү күндө да иштешип жатышат. Булар айылдын тазалыгы, көчөлөрдөгү төгүлгөн таштар, көңдөрдү алдырып, көзөмөлдөшөт. Таза суу киргизилгенден, ванна душ, даараткана куруу боюнча АРИСтин долбоорунун негизинде айылдагы жашоо шарт бир канча жакшырды, айрыкча аялдар үчүн суу маселеси, кир жуу, ысык суу маселелери абдан жакшы болуп калды.

үй бүлөлүк бюджетти көтөрүү, экономиканы өнүктүрүү боюнча бир канча ишкер айымдарыбыз бар. Алар: Ак-Булак айылынан: Абдрахимова Гүлзат, Ырысова Андаз, Самиева Күмүш, Кадырова Санталат. Борко айылынан: Калдарова Өктөм, Самиева Кызбурак, Жусупова Жумагүл ж.б. Көтөрмө айылынан: Суранова Апиза, Шамурзаева Маралкан, Осмонова Жаркынай ж.б. Кыргыз-Ата айылынан Асанбаева Гүлзаада, Катча эже ж.б. Ноокат районунун базарларында ар түрдүү тармакта иштеп, эмгектенген айымдарыбыз да арбын.

Маданият тармагында: айыл өкмөтүбүздүн атак-даңкын чыгарган “Кыргыз-Ата айымдары”, “Энелер тилеги” фолькулордук тобу, Т. Жамалов атындагы музыкалык мектеби жетекчиси Марипова Карамат, үч айылдык китепкана иштеп келе жатат. Алардын ийгиликтерин бир гана биз эмес, район, облус, республика да баалап жатышат. Бизде таланттуу айымдарыбыз абдан көп. 2021-жылдын май айынан айыл өкмөтүбүздүн алдындагы КААБ облустук деңгээлге мыкты пилоттук КААБ болуп долбоордун негизинде “Эл аралык толеранттуулук” фондунан 1 млн сомдук грант утуп алдык. Жыйынтыгында кабинеттерди, жыйындар залын капиталдык ремонттоо долбоору ишке ашырылып жатат.

Кыргыз-Ата айыл аймагын ар тараптуу өнүктүрүүдө тээ колхоз болуп куралгандан эле салымын кошуп келе жаткан ардагер жана ардактуу энелерибиз, апаларабыз жана айымдарыбыз менен да сыймыктанабыз. Алар: Исмаилова Алмакан, Жусупова Сайна, Абдразакова Сурма, Тажибаева үлпат, Каранова Гүлайым, Матисманова Айым, Асанбаева, Ашимова Карамат, Жумабаева Лола, Нематова Ибадат, Токторова Паиз, Маматалиева Токтокан ж.б.

 Аялдар кеңеши жалпы коом менен иш алып барат жана тыгыз иштешет. Аялдар кеңеши айыл өкмөтүнүн иш-чараларына такай катышып турат. Аялдар кеңеши айылдык кеңешинин депутаттарын кызматташууга чакырат.

           

            Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

             жооптуу катчысы                                                                         К. Заирова