Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 

                                                                                                    2021-жылдын  30-октябрдагы

                                                                                                               № 6-3 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу  маданият  мекемелеринин                         2021-жылдагы аткарган иштери  боюнча маалымат.

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын  руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсү жана  дене тарбиясы  жөнүндө» №1 Жарлыгы тууралуу №07 Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын  окумуштуу, туңгуч лексикограф Кусеин  Карасаевдин 120 жылдыгына карата  2020 жылдын 21-декабрынан  2021  жылдын 21 –январына  чейин  бир айлыгы жарыялангандыгы тууралуу №1-10-1800 сандуу катына ылайык, китепканада китеп көргөзмө жана стенд чыгарылып райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн иш-чарага катышып келдик. Ноокат райондук мамлекеттик  администрациясынын № 7 буйругунун негизинде «Атам,  апам жана мен, дени сак үй-бүлө»  деген темадагы кароо-сынакка айыл аймагыбыздагы Борко  айылынын  тургуну Ажиев Уландын үй-бүлөсү катышып, 17 айыл өкмөттөн катышуучуларынын ичинен байгелүү биринчи орунду жеңип алышты.          

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Улуттун улуулугу тилинде»  аттуу маданий иш чара өткөрүлдү.  Айыл өкмөттүн  маданият үйүнүн алдында “Кел Нооруз  жергеме”  аттуу  майрамдык  чакан   салтанат өкөрүлдү. Майрамга аппарат кызматкерлери жана «Эне тилеги» жана «Кыргыз -Ата айымдары»  элдик топтору  менен  биргеликте  сүмөлөк кайнатылып, улуттук  тамак  аштардын жана   улуттук оюндардын конкурстары  өткөрүлдү.

 Апрель  айында айыл окмөттүн буйругунун негизинде,  көрктөндүрүү  боюнча  маданият кызматкерлери  жана китепканачылар  тарабынан  мадания үйүнүн алдына  гүлдөр отургузулду.                                                                                               

                 23-апрель күнү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө   № 54  кесиптик окуу жайында  конференция  өткөрүлдү, китепканада  китеп көргөзмө чыгарылып  онлайн аркылуу видеоролик жасалып  маданият бөлүмүнө жөнөтүлдү.

    9-май Жеңиш күнүнө карата  “Эч ким, эч нерсе  унутпайт” атуу майрамдык салтанатка  карата өчпөс оттун  алдында  майрамдык  салтанат өткөрүлдү. Ага Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери катышып, Улуу Ата Мекендик  согушта курман  болгон жоокерлерди эскерип, бир минуталык тыныгуу болуп өчпөс оттун  айланасына  гүлдөр коюлду.  Чакан концерттик  программага  Тажибай, Темиралиев атындагы орто мектептеринин  жогорку классынын  окуучулары жана № 54-кесиптик лицейинин билим алуучулары  катышып, патриоттук  темадагы  ырларды жана бийлерди тартуулашты.

     Энелер күнүнө  карата   «Энелерге  таазим»  аттуу  иш-чара болуп өттү.  Иш-чарага Борко айылында түзүлгөн «Энелер  тилеги»  этно  фольклордук  тобу  концерттик  программасы  айыл аймагындагы  ардагер энелер,  ишкер  айымдар чакырылып. Борко  айылынын маданият үйүндө  тартуулады. Ага Ноокат районундагы бардык  айыл өкмөттөр арасында түзүлгөн фольклордук топтордун  мүчөлөрү  келип  катышты.

                 Айыл  аймагыбыздагы  билим берүү мекемелери  менен  биргеликте  «Диний экстремизм жана терроризм, зордук зомбулук , эрте никеге туруу»  боюнча  мектеп окуучулардын жана  аппарат, маданият  кызматкерлеринин катышуусунда жөө жүрүш  өткөрүлдү. Жөө жүрүштөн кийин Көтөрмө маданият үйүндө иштер кызматкерлери тарабынан жогорку иш-чара тууралуу жыйын өткөрүлдү.

                2021- жылдын 3-4-июль күндөрү  “Кыргыз-Ата айымдары” элдик фольклордук тобуна Түрксой уюму тарабынан уюштурулган Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Дүйнө элдеринин маданияты” аттуу фестивалга чакыруу келип, айыл өкмөт тарабынан акчалай жардам берилип, барып катышып, байгелүү үчүнчү орунду багындырып келишти.

               Ноокат райондук  мамлекеттик  администрациясынын  2021-жылдын  14-апрелиндеги “Кыргыз  Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусунун  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  2021-жылдын 02-апрелиндеги ”Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген  артисти                            Р. Абдыкадыровдун  80  жылдыгын өткөрүү” жөнүндөгү № 84-б буйругун  аткарууга алуу  боюнча   “Ырдын  пири  Рыспай  аттуу”   Рысбай Абдыкадыровдун ырларын аткаруу боюнча конкурстун негизинде концерттик программа өткөрүлдү. Конкурска айылдан чыккан таланттар катышышты. Жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан баалуу белектер жана диплом грамоталар тапшырылды.                                                                                

                Ноокат райондук   мамлекеттик администрациясынын  2021-жылдын  08-июнундагы “Кыргыз Республикасынын  залкар  мамлекеттик  жана саясий  ишмер                                               Ж. Абдырахмановдун  120-жылдык  маарекесине даярдык  көрүү өкөрүү  боюнча иш-чаралардын аткарууга  алуу  тууралуу”  №01-23-п  катына  жана  №122-б  буйругун  аткарууга  алуу  жөнүндө, Көтөрмө маданият үйүндө маданият жана китепкана кызматкерлери тарабынан даярдалган коомдук ишмер Ж. Абдырахманов тууралуу көрүүчүлөргө сахналаштырылган эпизод тартууланып, ырлар окулду.

Кыргыз  Республикасынын эгемендик күнүнүн  30  жылдыгына  карата “Элибиздин  эгемендик  майрамы,  желбиресин  эркиндиктин байрагы”  аттуу  майрамдык  салтанат  өткөрүлдү.  А. Эгембердиев атындагы  Көтөрмө маданият үйүнүн  алдында  боз  үйлөр тигилип, оюн зоок жана  концертик  программалар  өткөрүлдү. Бул майрамга аппарат кызматкерлери, маданият кызматкерлери “Кыргыз-Ата айымдары” жана “Эне тилеги”- аттуу шайыр апалар топтору, айыл аймактын тургундары келип катышышты. Майрамда боз үйлөрдү жасалгалоо жана улуттук оюндар боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды

               23-сентябрь  Кыргыз   тил  күнүнө  карата “Тилдин улуулугу  да –эне  тил, Тилдин сулуулугу да –эне тил”  аттуу  майрамдык  салтанат  өткөрүлдү. Тажибай  атындагы  орто мектептин окуучулары  менен биргеликте ар бир айылдын китепканачылары Ноокат райондук  маданият бөлүмүнүн  алдында  уюштурулган  “Кыргыз тили кылымдарды  каарыткан, өчүрө албайт  эч ким аны  тарыхтан”  аттуу  китеп көргөзмөгө  китепкана тарабынан  тил боюнча стенд, буклет жана тил тууралуу цитаталар, көркөм окууларды  алып  барып катышып  келишти.

А.Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүндө 2021-жылдын 19- октябрь күнү Кыргыз-Ата элдик фольклордук тобунун түзүлгөндүгүн 20 жылдык мааракеси болуп өттү. Кыргыз-Ата айымдар жамааты чоң программадагы отчңттук концертин беришти. Бул мааракеге Ош областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Д. Жаныкулов,  Ноокат районунун акиминин орун басары  М.Абилов, ошондой эле райондук маданият жана социалдык иштер боюнча жетекчиси Г.Токторова, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотов, Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы Э. Женишбай уулу келип катышышып, концерттин аягында сахнага чыгып сүйлөшүп, акчалай сыйлыктарын жана диплом грамоталарын   тапшырышты.

                                      

 

 

             Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

             жооптуу катчысы                                                                         К. Заирова