Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2021-жылдын 30-октябрдагы
№ 6-1 токтомуна тиркеме Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
2021-жылдын 9 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү
боюнча аткарылган иштери Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар жана
сессиянын катышуучулары ! Республикабызда
COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга
байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс
таасирге карабастан биздин айыл аймагыбыздагы социалдык
жана башка маселелерди чечүүдөгү алдыга койгон
иш-пландарыбыз ишке ашууда. Атап айтканда: 2021-жылдын 9 айлыгында
айыл өкмөттүн киреше бөлүгү жалпысы
болуп-18819,6 миңсомго
бекитилген. Ал эми такталган план 19150,4 миң сом болсо, иш жүзүндө
20274,9 сомго аткарылып 105,9% түздү. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү
боюнча 2021-жылдын 9 айында жыйналган салыктар боюнча маалымат
Социалдык тармак тууралуу Билим берүү.
Айыл аймагындагы жалпы билим
берүүчү
мектептерде 2020-2021-окуу жылында 309
мугалим 3896 окуучуга
билим-тарбия беришти. Алардын
ичинен 276 окуучу 9-классты, 196 окуучу
11-классты бүтүрүштү.
11-класстын 151 бүтүрүүчүсү Жалпы
республикалык тестирлөөгө катышышты, анын ичинен 102
окуучу (67,5%) 110
жогору балл алышты. Айыл аймагы
боюнча эң жогорку
балл 214 (А.Парпиев ат.мект.-гимн.), орточо балл
140 (эң жогорку
орточо балл А.Парпиев ат.мект.-гимн. 151) болду. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп,
бул жылы 5 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык
аттестатын алышты, алар -
А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 3, К.Каримов атындагы орто мектебинин 1, Борко лицейинин 1 бүтүрүүчүлөрү.
Айыл өкмөтүнүн 28.06.2021-жылдагы №115 буйругу менен
5 Алтын тамга артыкчылык аттестатына татыктуу болгон
жана ЖРТдан 190 дон
жогору балл алган
5 бүтүрүүчүлөр айыл өкмөтүнүн Ардак
Грамотасы менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана
дене тарбиясы жөнүндө”
№1 Жарлыгынын негизинде өткөрүлгөн райондук
“Атам, апам жана мен-дени
сак үй-бүлөбүз”
аттуу кароо-сынакка Борко айылынын
тургуну, К.Каримов
атындагы орто мектебинин
мугалими Бөрүбаева Назгүл
Имаралиевна үй-бүлөсү
менен катышып, биринчи орунду
камсыз кылып, райондук мамлекеттик администрациянын баалуу
белеги жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы, акчалай сыйлыгы
менен сыйланды. Бул үй-бүлөнү кароо-сынакка даярдоодо жакындан жардам берген К.Каримов атындагы
орто мектебинин
жетекчилигинин эмгегин белгилеп
кетемин. 2021-2022-окуу жылында 325
мугалим 4011 окуучуга билим-тарбия беришүүдө. 9-класста 299 окуучу, 11-класста 211 окуучу
( 84 уул, 127 кыз) окуп
жатышат. Балдар
бакчалары. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы
8 балдар бакчасында 131
кызматкер эмгектенип, 566 бала
тарбияланууда.
Аялуу катмар. Айыл аймагында
2021-жылы 14 жалгыз
бой кары-картаңдар
каттоого алынган. 614 адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген
а.и. 16 бала ДЦП, 18 жашка
чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү
чектелген 148 бала бар, жалгыз бой энелердин балдарынын саны -
20. 9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 22 адам кургак учук илдетине чалдыккандар. 7 бала
тоголок жетим, 241 жарым
жетим бала бар. 2021-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга, карыяларга 300,0 миң сом
каралган. 1-2-кварталда 180,0 миң сом акча
каражаты смета боюнча
максаттуу жумшалды. Ал
эми 3-кварталда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын
“Окуу куралдарын сатып алууга көмөктөшүү
тууралуу” №36 беренесине ылайык,
айыл аймагындагы колдоого муктаж 100 окуучуга 50000 (элүү миң)
сом акча каражаты
таркатылды.
Кыргыз-Ата айыл аймагында бүгүнкү күндө 80
жаштан өткөн 161
карыя бар, алардын ичинен 100
жаштан өткөн 3 адам, 90
жаштан өткөн 28
адам. Айыл аймагы боюнча
жалпысы 2212 пенсионер
бар, анын ичинен
147 багуучусун жоготкон ( 241 бала), 1627 курагы
боюнча, 440 майыптыгы
боюнча пенсионерлер. Айыл аймагында азыркы
күндө “Баатыр Энелердин”
саны 274, анын ичинен пенсия
жашындагылар 238, пенсия жашына
жете элек жаш “Баатыр
Энелер” 36, алардан мамлекеттик
жөлөк пул алуучулар
30 үй-бүлө. “Эне Даңкы” медалын
алган энелер 15. Ал эми “Баатыр Энелердин”
пенсиясына ай сайын
1000 сомдон кошулуп
төлөнөт, мамлекеттик
ооруканаларда, самолет жана
автоунааларга түшкөндө кезек
күтпөй жана төлөнүүчү суммасынан
жеңилдик бар. Айыл аймагы боюнча
“үй-бүлөгө
көмөк” пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны
608 , 2046 бала айына
1 млн.657 миң 260 сом
болот. Жалпысы 3418 кожолук
бар, мамлекеттик жөлөк пул
алуучу үй-бүлөлөр
17.8%. 17 жашка чейинки бала саны
7221, анын ичинен 28.3%ы жөлөк пул
алат. Саламаттык
сактоо тармагы Айыл аймагындагы “Кыргыз-Ата” айылдык ооруканасындагы (20
койкага эсептелген), төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк
дарыгерлер топторунда, Кара-Кой,
Борко ФАПтарында эмгектенген
5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер бүгүнкү күндөгү жугуштуу
илдет учурунда элге түнү-күнү стационардык жана амбулатордук кызмат
көрсөтүп
жатат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
маданият, спорт жана туризм тармагында: Кыргыз-Ата
айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт иштери боюнча
бөлүмүнүн 2018-2022- жылдарга “Спорттук Кыргызстан”
программасынын алкагында аткарылган иштери боюнча,
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл жаштары арасында “Жаштардын
тилеги ынтымак” аттуу спорттун волейбол түрү
боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке 5 айылдан 13
команда 40 жашка чейинки курактагы эркектердин курама командалары
катышты. Мелдеш айыл аймактагы борбордук спорт комлексинде өткөрүлдү.
Мелдешти айыл аймактын жаштар,спорт бөлүмү
жогорку деңгээлде өткөрдү. Мелдешке Ак-Булак 1,2, Көтөрмө
1,2, Борко 1,2, Кыргыз-ата 1,2, Кара-кой 1,2 командалары күч
сынашты. Жыйынтыгында мелдештин уюштуруучусу айыл аймактын жаштар, спорт бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси Ташбалта уулу Алтынбек мелдешке келген
жалпы 150дөн ашуун жарандарга өлкөнү өнүктүрүүгө
жаштардын салымын кошууга үндөгөн
жана мекенибизди спорт тарабынан Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга Кыргыз-Ата
жаштарын чакырды. Ошондой эле 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан”
программасын ишке ашыруу максатында аймагыбыздагы Кыргыз-ата
айылында жайгашкан Темиралиев атындагы орто мектептин спорттук
залын айыл жаштарынын демилгеси менен 600 000 сомдук каражат жумшалып
толук ремонттон өткөрүлүп, мектеп окуучуларына толук
шарт түзүлдү. Айыл өкмөтүнүн
демилгеси менен түзүлгөн айыл жаштары үчүн
“Боец” аттуу эркин күрөш клубу ачылган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
демилгеси менен мектеп окуучулары арасында эркин күрөш боюнча
мелдеш болуп өттү. Мелдешке Ноокат району боюнча 10го жакын күрөш
клубу катышып, жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
“Боец” клубунун балбандары жеңишке жетишип, айыл өкмөтүнүн
баалуу сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышты.
Райондук деңгээлде тынымсыз жер-жерлерде өткөрүлүп
жаткан кыз-келиндер арасында спорттун волейбол боюнча “Аялдар Лигасы”
мелдешке Кыргыз-Ата кыз-келиндер командасы катышып жакшы жетишкендиктерге
жетишип жатышат.
Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Жеңиш майрамы жыл сайын өткөрүлөт.
Быйылкы жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө
азыркы мезгилде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жок ал эми ооруктун
45 ардагерлери бар. Ардагерлер айыл өкмөт тарабынан тынымсыз
кабар алынып турат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик
согуштун катышуучуларын эскерип туруу максатында, айыл өкмөтүнүн
имаратынын алдында “Өчпөс от” эстелиги орнотулуп согуш
ардагерлеринин тизмеси алтын тамга менен жазылып, быйылкы жылы толук
ремонттон өткөрүлдү. Ал эми айыл аймактагы жалпы
билим берүү мекемелериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун
катышуучуларына жана ооруктун ардагерлерине аталган музей жана эстеликтерди
актап сырдоо жана тазалоо үчүн айыл өкмөт
тарабынан тапшырмалар берилди. Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде
өттү. Атап айтсак Өчпөс оттун алдында парад өткөрүлүп
эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Жалпы катышуучуларга маданият
кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар коюлуп,
жыйынтыгында куран окулуп бата кылынды. Андан соң айыл аймактын
борбордук спорт комплексинде айыл жаштары үчүн (мырзалар,
кыз-келиндер) спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө
айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар
тапшырылды
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө
айылында «Биз кылмыштуулукка, үй бүлөлүк зордук
зомбулукка, диний экстремизмге, эрте турмушка чыгууга,
коррупцияга, суицидке каршыбыз жана жугуштуу оорулардын алдын
алуу», Мекенди коргоо ыйык милдет» аттуу акциялык жүрүш
болуп соңунда райондон келген тиешелүү адистер менен
жыйын болуп өттү. Кыргыз-Ата айылдык аймагынын
мекеме-ишканаларын жана калкын 2021-2022-жылдардын күз-кыш
мезгилине карата даярдыгы тууралуу маалымат.
Ноокат
райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 04-май № 100-б буйругунун
негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2021-жылдын
14-майында № 100-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү
боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык
обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң
квт жана 229,0 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп
берилген. Анын ичинен БК 125,0 тонна мектептерге, 104 тонна балдар
бакчаларына тендерге жарыя берилип
ОсОО “Оомат-Кен ЛТД” 856850 сомго
утуп, жеңүүчү болуп аныкталды. Көмүр Алай
районунун Мурдач карьеринен ташылып жатат. Көмүрдүн баасы 1
тоннасы 3742 сомго туура келди. Көмүр үчүн 1000000
сом акча каралып, 229 тонна көмүр 856850 сомго тендерден утуп
алынды жана 143150 сом бюджеттин пайдасына эконом болду. Бирок К. Каримов атындагы орто мектепте ноябрь
айында окуу башталып калса ал мектепке 30 тонна көмүр алып берүүбүз
керек. Сентябрь айынан баштап ар бир
мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп
берилет. Бүгүнкү күнгө С. Токторов атындагы
орто мектепке 30,0 тонна, “Көтөрмө-Нур” балдар
бакчасына 12,0 тонна, Борко лицейине
15 тонна, А. Парпиев атындагы мектеп-гимназияга 30 тонна, Көтөрмө-Нур
балдар бакчасына 14 тонна, К. Коконбаева балдар бакчасына 12 тонна, Чоң-Кыштоо
башталгыч мектебине 10 тонна, “Мераж-Нуру” балдар бакчасына 10 тонна,
“Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасына 15 тонна, Бөпөмай балдар
бакчасына 8 тонна көмүр түшүрүлдү.
Жалпысы 229 тонна көмүр түшүрүлдү. Жалпы
социалдык мекеме-ишканалар көмүр менен камсыз болду. Штаб мүчөлөрү
жана айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте айыл аймагындагы
жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл
болгон запастык бөлүктөр аныкталып, сатып алуу порталына
жарыяланып, азыркы мезгилде бардык социалдык мекемелердин жылуулук
системалары ремонттон чыгарылды.. Ошондой эле туруктуу комиссиянын
отурумунда мектеп жана балдар бакча директорлору менен биргеликте талкуу жүргүздүк.
Ар бир мектеп, балдар бакчаларына жазылган запастык бөлүктөр
2021-жылдын 15-сентябрына чейин толугу менен орнотулду. Запастык бөлүктөр
үчүн айыл өкмөттөн 470,0 миң сом
каралган. Комиссия менен керектүү запастык бөлүктөрдү
эсептеп чыкканда 360775 сом запастык бөлүктөр алынды. Кышка даярдыкта электр чубалгыларына тоскоол болгон
бак-дарактарды кыюу боюнча 2021-жылдын 23-августунда айыл өкмөтүнүн
№ 155 буйругу чыгып, 10-сентябрга чейин мөөнөт коюлуп, 2-сентябрдан Борко фидеринде тоскоолдук
кылган дарактарды кесүү башталып, азыркы учурда бак-дарактар
толук кыйылды. Ушул мезгилге чейин кышка даярдык боюнча түзүлгөн
штабдын отуруму 3 жолу өткөрүлдү. Аксакалдар сотунун аткарган иштери
тууралуу Бардыгы 31
иш каралды: үй-бүлөлүк жаңжалдар
4, анын ичинен 3 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу
маселелери-1, жер маселеси боюнча 8 арыз өз убагында чечилди.
Жолдорду кеңейтүү маселелери-4, акча маселелери боюнча – 2,
салык маселелери боюнча-2. Бардык кароого келген маселелер 31
арыз-даттануу каралды. Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2021-жылдын 9 айында ар түрдүү
тармактар аркылуу тартылган инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер
тууралуу маалымат
Тартылган инвестициялар:
Сырткы инвестиция
- 75000,0 м.с
Айыл өкмөтүнүн бюджетинен - 3809,0 м.с
Республикалык бюжеттен
- 37100,0 м.с
Жааматтан
- 3595,0 м.с
Жеке ишкерлерден
- 60629,0 м.с
Бардыгы - 180133,0 м.с анын ичинен
факт.аткарылганы – 119661 м.с Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы
К. Заирова |