Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчишайланган)

кезектеги  бешинчи сессиясынын 2021-жылдын

                                                                          11-сентябрындагы  № 5-5токтомуна  тиркеме

 

КААБдын 2021-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы иш-чараларынын планы жөнүндө маалымат.

      КААБ - “Коомдук алдын алуу борбору”. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган. 2018-жылдан бери иштеп келе жатамын. КААБ өзүнө:                                                                                                       АксакалдарсотунАялдар Кеңешин                                                                                                          

Аксакалдар Кеңешин                                                                                                    

Жаштар уюму                                                                                                              

ИИМ дин кызматкерлери жана ИДН дин башын бириктирип турат.                                             

      КААБдын Уставы КРнын Акыйкат министрлиги тарабынан жактырылып, бекитилген. Штамп, печать алынган. РСК банктын Ноокат райондук бөлүмүндө эсеби ачылган.                                                                                “Коомдук алдын алуу борбору”- айыл өкмөт, айылдык кеңешинин депутаттары, айыл башчылар, молдолор (дин кызматкерлери), мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, айыл аксакалдары менен мыйзам бузуучулардын алдын алууда тыгыз иш алып баруудабыз. “Суу-өмүр булагы” деген долбоор “Сөгөт” каналына 1 млн 125 сомдук жазылып, 2020-жылы пандемиянын кесепетинен токтоп турат. Ак-Булак, Токток-Булак кичи айылдарына 2 көмөкчү чордон, 60 даана жогорку чыңалуудагы мамыча, электр өткөргүчтөр жана башка керектелүүчү тетик акысыз Кыргыз электро-Холдинг тарабынан коюлуп берилген. Эл ыраазы. 

SAFERWORD Эл аралык толеранттуулук фондуна 17.05.2021-жылы конкурска катышуу үчүн билдирүү бергенбиз. Фонд, айыл өкмөт колдоп, окууларына катышып жакшы жыйынтык бергенибизден өткөн жылы КРнын Генпрокуратурасынан текшерүү болуп, биздин жүргүзгөн иштерибизди “үлгүлүү” деп баалап кетишкен. Ошолордун жыйынтыктоосу менен фонддун каржылоосуна кирип калдык. Фонддун каржылоосу 650 000 сом. 5 бөлмөнүн ремонту, ажаткана, аристону, душу менен, электр өткөргүчтөрү, эшик ж.б. Айыл өкмөттүн кичи залы евро ремонт жана техкаражаттар. Ошону менен бирге эле техкаражаттар айыл өкмөттүн салымы- 200 000 сом, элдин салымы бөлмөлөрдөгү керексиз дубал, плиталарды бузуп берүү, ушул жумуштарды аткарабыз.

     КРнын Президентинин Указы менен “Коомдук алдын алуу” жөнүндөгү Мыйзамы 2021-жылдын 01-ноябрынан күчүнө кирет. Тендерди фонд өздөрү өткөрөт. Жумуштарды 01-ноябрь 2021-жылга чейин бүтүрүп, ачылышын жасашыбыз керек. Андан ары жакшы иштешибизге шарт түзүлүп, бизге дем берет деген ишеничтебиз.

“Эл аралык толеранттуулук” фондунун долбоору боюнча КААБдын 2021-жылга карата иш планы

Иш-чаранын аталышы

Өтүлүүчү жер жана убактысы

Ким жооптуу

Жыйынтыктоо баалоо

1

КААБ- Коомдук алдын алуу борбору жөнүндө эл массасына түшүндүрүү

А/ө кичи залы

КААБдын төрагасы

25.12.2021

2

Милиция менен КААБдын мүчөлөрү 7 адам беш айылга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  

А) Ак-Булак айылында 05.10.2021.

 

Б) Көтөрмө айылында 12.10.2021.

 

В) Борко айылында 15.10.2021.

 

Г) Кыргыз-Ата айылында 19.10.2021.

 

Д) Кара-Кой айылында 26.10.2021.

 

05-26.10.21

 

 

С.Токторов а. о. м.

 

Көтөрмө кичи залы

 

Борко клубу

 

Кыргыз-Ата кичи залы

 

“Чоң Кыштоо” б.м.

КААБдын төрагасы        -аксакалдар соту, мүчөлөрү     -аялдар кеңеши           -депутаттар

-активист-р

Айыл өкмөттүн аймагындагы жарандар КААБ жөнүндө кеңири маалымат алышат. КААБ мүчөлөрү иш жүргүзөт.

3

2022-жылга КААБдын бюджеттик сметасын сессияга киргизүү

А/ө кичи залында 10.12.21.

КААБдын төрагасы, мүчөлөрү

КААБдын бюджети жөнүндө ачык маалымат алышат

4

Элдин алдында милиция менен КААБдын отчңтун берүү

А/ө кичи залында 23.12.21.

КААБдын төрагасы

Жыйында иш чаралардын аткарылышын баалоо

5

Иш планды баалоо. Жыйынтыктоо

А/ө кичи залында 26.12.21.

КААБдын төрагасы

Эл баасын берет

 

                            КААБ төрагасы                               Б. Каримов

                            Катчы                                        К. Заирова