Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчишайланган)

кезектеги  бешинчи сессиясынын 2021-жылдын

                                                                          11-сентябрындагы  № 5-4токтомуна  тиркеме

 

Урматтуу коллегалар, урматтуу төрага.  Мен Ак-Булак айылынын депутатарынын атынан бир сунуш менен  сиздерге кайрылууну туура көрдүм. Ал сунуш КР нын Жогорку кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичти  “Кыргыз-Ата айыл аймагынын ардактуу атуулу” деген наам менен сыйлоо жөнүндө;

 

Буга чейин биздин аймагыбызда мындай сыйлык ээлери барбы, жокбу билбейм, бирок элибизге ак кызмат кылып келе жаткан таттыктуу чет жакта иштеп жүргөн, өлкөбүздүн ичинде түрдүү тармакта иштеп жүргөн инсандарыбыз көп. Мындан кийин жогорудагыдай наам дейбизби, сыйлык дейбизби татыктуу жарандарыбызды сыйлоону биз баштап берсек ашыкча болбосо керек деп ойлойм.

Ал эми Алмаз Сатиевич көпчүлүгүңүздөр билгендей өзүнүн ишмердүүлүгүндө районубуздун элине, анын ичинде биздин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө көптөгөн жакшы иштерди жасап келүүдө.

           Төмөндө бул инсандын өмүр баяны жана аткарган иштеринин айрымдарын сиздерге тааныштырып кетейин. Ошондой эле бул сунушумду бүгүнкү күнү каралуучу маселелердин катарына күн тартибине киргизип колдоп  берүүңүздөрдү өтүнөм.

Токторов Алмазбек Сатиевич 1966-жылдын 5-июлунда Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Ак-Булак айылында туулган.

Токторов Алмазбек атасы райондук ооруканада иштегендиктен 1973 – 1983-жылдары Ноокат районунун Н.К.Крупская орто мектебинде окуган.

1983 – 1988-жылдары Кыргызмамлекеттикмедициналыкинститутундаокуган.

1988 – 1990-жылдары Ош облусунун Аптека башкармачылыгынын провизор-аналитигиболупиштеген.

1990 – 1991-жылдары Ош шаарынын №311 аптекасынынбашчысынын орун басарыболгон.

1991 – 1992-жылдары Ош областтараралык Аптека базасынынначальнигинин орун басарыкызматындатурган.

1992 – 1994-жылдары "Ак-Пейил" ишканасынын директору болгон.

1996 – 2016-жылдары "Ош-Фарм-КА" акционердиккоомунун директору болупиштеген.

2010 – 2014-жылдары КыргызРеспубликаснын "МеТА" долбоорунунтеңтөрагасыкызматынаркалаган.

2016-жылы "Кыргызстан" саясийпартиясынынтизмесимененЖогоркуКенештин депутаты болупшайланган. Социалдыкмаселелер,билимберүү,илим, маданиятжанасаламаттыксактообоюнчакомиттетинтөрагасынын орун басары.  Алган сыйлыктары:

1996-жылы " КР саламаттыкты сактоонун отличниги" төш белгиси, 

2017-жылы "КМШ ПА -25-жыл" маарекелик медалы менен сыйланган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоосуна эмгек синирген кызматкери" деген ардактуу наам ыйгарылган.

     Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Парламенттер Аралык Ассамблеясынын 2018-жылдын 11-ноябрындагы токтомуна ылайык, аталган уюмдун «СОДРУЖЕСТВО» ордени менен сыйланган. үй- бүлөлүү, үч баланын атасы.

    Депутаттык ишмердүүлүгүндө аткарган, салым кошкон иш аракеттеринин айрымдарын айтып кетсек:

1) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү 4 айылдын таза суу долбоорунун ишке ашышына активдуу иш аракеттерин көрсөттү жана анын сапаттуу бүтүшүнө жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта болду.

2) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Ак-Булак айылынын С.Токторов мектебинин жаңы имаратынын тез бүтүшүнө мандат алган күндөн баштап жеке көзөмөлүнө алып себепкер боло алды. Учурда окуучулар жаңы имаратта окушууда.

3) Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата айланма жолуна асфальт төшөөдө АРИСтин жетекчилигин айыл өкмөтүнө алып келип эл менен жолуктуруп аракет жасап көзөмөлүнө алды эле көп жылдан бери жасалбай келген жолубузга асфальт төшөлүп элибизге жол менен каттоого ынгайлуу шарт түзүлдү.

4)  Районубуздагы анын ичинде биздин айыл өкмөттөгү мектептерге спорттук инвентарлар, китептер, компьютердик жабдууларды алып берди.

5)  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө  караштуу жүрөгүнө же башка органдарына  оор операция жасалуучу жарандарыбызга,бөйрөгүнөн жабыркап акча төлөп гемодиялиз  алуучуларга, жаңы конуштарга электр мамычаларын чубалгылары менен камсыздоого жакындан жардам көрсөтүп келе жатат.

6)  Районубузда анын ичинде биздин өкмөттөгү билим берүү тармагында эмгектенген жана  саламатттыкты сактоо тармагында көп жылдан бери жакшы иштеп эмгеги бааланбай мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлбөй келген жарандарыбызга министирлик менен тыгыз иштешип жакындан жардам көрсөтүп келүүдө.

7)  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылындагы Келдибек Каримов мектебинин жаңы курулуп жаткан  имараты Сауд  фондуна кирип мектептин курулушу башталгыча 4 жыл бою аракетин жумшады. Учурда мектеп бүтүп ачылаар алдында турушуна өзүңүздөр күбөсүздөр. Мындан сырткары дагы аткарган демилгечи,себепчи  болгон иштери районубузда,  айылдарыбызда абдан көп.

 

Баяндамачы                            Б. Дуйшоев

Катчы                               К. Заирова