Кыргыз-Ата айылдык кенешинин (алтынчы шайланган) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын 2021-жылдын 6-февралындагы           № 24-7 токтомуна  тиркеме

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында өткөрүлгөн жалпы чогулуштун протоколу

  20-сентябрь  2018-жыл                                                                                    Ак-Булак айылы

   Катышкандар: Ак-Булак айылынын айыл башчысы З. Камбаров, Ак-Булак-1 мечитинин имамы Э. Турганбаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты К. Баймурзаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты  Жеңишбай уулу Элмурат, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта у А.,  айыл аксакалдары жана жаштары,  Ак-Булак айылынын  жашоочулары..

Күн тартибинде:  1.  Ак-Булак айылындагы Ак-Булак-Көтөрмө айылдарын бириктирген  жолго жана мурда ат коюлбаган көчөгө ардактуу атуул, мамлекеттик ишмер Аттокуров Таталдын атын коюу жөнүндө.  

   Күн тартибиндеги  маселе боюнча  Ак-Булак айылынын айыл башчысы З. Камбаров төмөнкүлоргө токтолду. Ассалому алайкум урматтуу жамаат, урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары. Мамлекет тарабынан, айыл өкмөтүбүз тарабынан учурда айылдарды өнүктүрүү боюнча зор иштер жүруп жатат. Айылыбызда көчөлөрдү кеңейтүү, тазалоо, жарыктандыруу боюнча көп ищтер аткарылып жатат. Мына көптөн күткөн таза суу да келип, долбоор ишке ашып иштер жүрүп жатат. Эми мамлекетибиздин саясаты айылдарды өнүктүрүү болуп жаткандан кийин биз да айылыбызды көрктөндүрүүгө аракет кылып, көчолөргө көңүл буруубуз зарыл. Айылыбызда Ак-Булак-Көтөрмө айылдарын бириктирген  жолго жана мурда ат коюлбаган көчө бар, бак-дарактар коп эгилип, курулуштар мыйзамсыз жолго чыгып, көчө тарып кеткен. Ошондуктан аталган жол жана көчөнү калыбына келтире ала турган инсандар болсо, ошолордун атынан койсок деген сунушум бар.

    Айылдык кенештин депутаты Баймурзаев Кубаныч: Айыл башчынын айткан сөздөру туура, көчолөрүбүз өтө тарып кеткен. Айы өкмөтүнүн бюджети азырынча көчолөрдү ондоого күчу жетпей турат, ошондуктан колунда бар, ушул иштерди аткара ала турган инсандар болсо көчөгө ат койсок болот, мен айыл башчынын сунушун колдоймун.

  Жотоев Балтабай - айыл ардагери: Урматтуу жердештер, мен да айыл башчынын сунушун колдоймун жана Ак-Булак-Көтөрмө айылдарын бириктирген  жолго жана мурда ат коюлбаган көчөгө ардактуу атуул, мамлекеттик ишмер Аттокуров Таталдын атын  койсок деймин.

 Жеңишбай уулу Элмурат- айылдык кенештин депутаты: Урматттуу жыйындын катышуучулары, мен Аттокуров Татал авабызды жакшы билемин, көп жылдар бою мамлекеттик иштерде эл үчүн иштеп, эл арасында зор кадыр баркка ээ болгон инсан. Уул-кыздары да элге таанымал, жакшы адамдар. Эгер  Аттокуров Татал авабыздын атын койсок, көчөнү кайрадан калыбына келтирүүө, заманбап көчөгө айландырууга бала чакасынын колунан келмек, Мен  Аттокуров Татал агабыздын эмгек жолун сиздерге окуп берейин (өмүр баяны, эмгек жолу окулду).

   Жарыш сөздөргө айыл тургундары Сыдыков Абдуманап, Мисиров Жумабай, Кадыров Сапарлар  чыгып , жолго жана көчөгө Аттокуров Таталдын атын коюуну колдошту.

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта у А. Урматттуу жыйындын катышуучулары Ак-Булак айылынын жашоочулары. Сиздердин жогорудагы айткан сунущтарыныз абдан учурдун талабындагы орчундуу маселелерден. Президентибиздин 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялагандыгына байланыштуу айыл аймагыбызда айылдарды өнүктүрүү боюнча жакшы иштер жүрүүдө.  Ак-Булак-Көтөрмө айылдарын бириктирген  жолго жана мурда ат коюлбаган көчөгө ардактуу атуул, мамлекеттик ишмер Аттокуров Таталдын атын койгонунуздарды колдоймун, бул да болсо эгер көчө огндолуп, жарыктандырылып, кум-шагыл төшөлүп калса элдин эле пайдасы, жашоо шарты жакшырат. “Аймактарды өнүктүрүү жылына” да  бир иш-чара болуп калмак.

  Аттокуров Заир - айыл тургуну: Урматтуу аксакалдар, агалар, эжелер. Сиздерге ишеним көрсөтүп, чоң атамдын атын коюп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдиремин. Куда кааласа аталган көчөнү көрктөндүрүүгө, мындан ары да ар дайым карап турууга убада беремин, ырахмат!

  Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш  чечим кылат:

1.  Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы Ак-Булак-Көтөрмө айылдарын бириктирген  жолго жана мурда ат коюлбаган көчөгө ардактуу атуул, мамлекеттик ишмер Аттокуров Таталдын аты коюлсун. 

2.    Чечимди бекитип берүү жагы  Кыргыз-Ата айылдык кенешинен суралсын.

 

 

Чогулуштун төрагасы:                                                              З. Камбаров

 

Катчысы:                                                                                      Ташбалта у А

 

 

    Кыргыз-Ата айылдык

 кеңешинин жооптуу катчысы                                          Ж. Нурматов