Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

                                                                                2021-жылдын  06-февралындагы  № 24-1

                                                                                токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  2020-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2021-жылга иш планы

  Урматтуу  төрага, урматтуу депутаттар  жана сессиянын катышуучулары !

        2020-жыл Кыргызстанда "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп,  көптөгөн иштер аткарылууда.

   Республикабызда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирге карабастан биздин  айыл  аймагыбыздагы социалдык жана башка маселелерди чечүүдөгү алдыга койгон  иш-пландарыбыз ишке ашууда. Атап айтканда:

   Айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджети   2020-жыл ичинде  бекитилгени  23806,8 миң сом болуп,  аткарылганы 23950,1 миң сомду түзүп 143,3 миң сомго ашыкча аткарылып,  104,7% түздү.      

      Социалдык тармак тууралуу.

 

    Билим  берүү

Айыл  аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде  2020-2021-окуу жылында 309  мугалим  3915  окуучуга билим-тарбия   беришүүдө. Алардын ичинен  276  окуучу 9-классты, 215  окуучу 11-классты бүтүп  жатышат.

 

    Балдар бакчалары

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  8  балдар бакчасында  131   кызматкер эмгектенип,  566  бала тарбияланууда.

     Аялуу  катмар

  Айыл  аймагында  2020-жылы  13  жалгыз  бой  кары-картаңдар каттоого алынган. 614  адамденсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген а.и. 16 бала ДЦП, 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 174 бала  бар. 9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 22 адамкургак учук илдетине чалдыккандар. 3 бала  тоголок жетим, 241 жарым жетим  бала бар.

 2020-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга, карыяларга     300,0 миң  сом  каралып, толугу  менен берилди.                                          

2020-жыл  ичинде  Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан        5 адамга кресло-коляска берилди жана анын жол киреси үчүн айыл өкмөтү     1800  сом төлөп берди.                                                                                                                     

 Аз камсыз болгон колдоого муктаж, майып 63  үй-бүлөгө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин резервдик фондунан 178,0  миң сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү. 

 Жыл  ичинде  республикалык  бюджеттен  598  үй-бүлө    (2035 бала)                           19 780 200  сом  жөлөк  пул  алышты.

       Айыл  аймагы  боюнча  жалпысы  2212   пенсионер  бар, анын  ичинен  147 багуучусун  жоготкон ( 244 бала), 1625 курагы  боюнча,  440 майыптыгы  боюнча

    Саламаттык сактоо тармагы

Айыл  аймагындагы “Кыргыз-Ата” айылдык ооруканасындагы

 (20 койкага эсептелген), төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы 5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер  элге стационардык жана амбулатордук кызмат көрсөтүп жатат.

   Өткөн  жыл  ичинде  саламаттык сактоо  тармагындагы  медициналык  кызматкерлердин  эмгеги  чоң. Алар  калкыбыздын   ден соолугу  үчүн  күнү-түнү  эмгектеништи.

   Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  маданият, спорт жана туризм тармагында:

            2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт жана маданият иштери боюнча бөлүмүнүн жылдык аткарыла турган иш планы түзүлүп бекитилди. Аталган жылдын башында Көтөрмө айылындагы Тажибай атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары менен кылмыштуулукту алдын алуу жана адеп-ахлак, жүрүш-туруш боюнча жыйын өткөрүлүп, жыйынга мечит имамдары жана Адеп башаты диний уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Борко айылындагы Каримов атындагы орто мектебинин окуучулары арасында  2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында “Дени сак улут- өнүккөн өлкө” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлүп, жыйынтыгында шамдагай жаштарга айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана футбол тобу тапшырылды.  Ал эми Ак-Булак айылындагы Токторов атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучуларын ата-энелери менен биргеликте коомдо анча мынча байкалып жаткан рекетчиликке каршы жыйын өткөрүлүп, жыйынга айылдагы мечит имамдары жана аймактык тескөөчүлөр катышып талкуу иштери жүргүзүлдү.“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата, 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналып, аймагыбыздагы билим берүү мекмелериндеги окуучулар арасында “Кыргыз-Ата Мырзасы 2020” аттуу аскердик патриоттук кароо-сынак жогорку денгээде болуп өттү. Сынакка 8 билим берүү мекемесинен бирден эркек окуучу катышты.

        21-февраль” Бүткүл дүйнөлүк эл аралык тил күнүнө” карата биздин айыл          

        аймагыбыздагы айыл жаштары жана мектеп окуучулары менен биргеликте салтанат       

        болуп өттү. Салтанатта жалпы катышуучулар тарабынан даярдалган концерт коюлду.

           Туризм боюнча айта кетсек, Кыргыз-Ата айыл аймагында келе турган  туристер жана эс алуучулар үчүн,  жаратылышы кооз, абасы таза, суусу тунук, жайлоосу кенен Кара-Кой эс алуу жайы жайгашкан. Кара-Кой эс алуу жайында атайын конокторго арналып 50дөн ашуун боз үйлөр тигилип, атайын тейлөөчүлөр жогорку денгээлде тейлешти. Кара-Кой эс алуу жайына кеткен негизги авто жолу айыл өкмөтүнүн балансына кирбейт,  тегиздөө жана түздөө жумуштары аткарылды, 500 метр жолго асфальт төшөлдү.

 

Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме ишканаларын жана калкын  2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы 

     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 5-июнунда № 129-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң квт жана 173,5 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 147,5 тонна, БР 26 тонна тендерге жарыя берилип ОсОО “Нур-Ата” 707825 сомго утуп бүгүнкү күндө ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. Мисалы:    Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 т, Борко лицейи 15 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасы 5 т, Курак-Тектир орто мектебине 15 т,  С.Токторов атындагы орто мектебине 30 т, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасына 15 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 10 т, Бөпөмай балдар бакчасына  10 т, Акылай-Куту  балдар бакчасына 10 т, калган мектеп-балдар бакчаларына 100% көмүр түшүрүлдү. Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр 430,000 сомго эсептелип сатып алуу порталына жарыяланды. Жеке ишкер Меңдибаев Маматазиз запастык бөлүктөрдү    379 500 сомго утуп, запастык бөлүктөр алынып соцобьектилерге орнотулду. Айылдарда калкты көмүр менен камсыз кылууда 2825 тонна керектелет.  Бүгүнкү күнгө 100% көмүр алышты  Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата , Борко айылдарында жеке ишкерлер менчик КамАЗ дары менен элге көмүрдү үйлөрүнө керегине жараша жеткирет.  Айыл өкмөттүн  2020-жылдын 2-октябрындагы № 178-буйругу иштелип электр линияларына тийген бак- дарактарды кыркып тазалоо иштери айыл башчыларга жана мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилди. Кышка даярдык боюнча айыл өкмөттө штабдын 6 жолу отуруму өткөрүлүп протоколдор түзүлдү.

Аксакалдар  сотунун   аткарган иштери тууралуу

            Бардыгы  9 иш  каралды:

   /й-бүлөлүк жаңжалдар  3, анын ичинен 3 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу маселелери-0, жер маселеси боюнча 4 арыз өз убагында  чечилди. Жолдорду кеңейтүү маселелери-1, акча маселелери боюнча – 0, салык маселелери боюнча-0, мүлк маселеси-1.  Бардык кароого келген маселелер 9  арыз-даттануу каралды.

            Кылмыштуулук

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды   жана башка иш кагаздарын  аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо  жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер  жүргүзүлүп жатат. 

      2021-жыл ичинде  айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан:  

24 жорук, 16 кылмыш катталып, 1 кылмыштын бети ачылбай турат.

           Жоруктар:

- уурулук  – 8 факт, а.и ачылганы-  8 факт.

- денеге залал келтирүү- 5 факт, ачылганы 5;

- майда бейбаштык-  7 факт, ачылганы 7;

- жол унаа кырсыгы-2 факт, ачылганы 2;

-  өзүм билемдик- 1 факт, ачылганы 1;

           Кылмыштар:

- уурулук-  3 факт, ачылганы 2;

- алдамчылык-    4 факт, ачылганы 4;

-  ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо- 0 факт, ачылганы 0;

- мезгилсиз дүйнөдөн кайтуу-0 факт, ачылганы 0;

- жасалма документ жасоо-0 факт, ачылганы 0.

      Ал эми коомдук жайда   коомдук тартипти  бузгандыгы үчүн 45 атуулга бузуулар боюнча протокол  түзүлгөн. 

    Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айыл өкмөттүн имаратынан тартып магазин, мектептерге, садик, мекеме-ишканаларга жана Кара-Кой өткөрүү постуна көзөмөл камералары коюлууда.

    Кылмыштуулуктун алдын алуу  жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн  1000  кожолук текшерилген, ЖӨИ  инспектору тарабынан мектептерде 200 ирет  лекция-семинарлар өткөрүлгөн.

  

              КОВИД-19 илдети боюнча:

   Айыл өкмөтүндө ушул мезгилге чейин элибизди бул ооруудан  сактоо боюнча өтө жооптуу мезгил болуп, көп иштер аткарылды. Айыл аймагындагы   азык-түлүк сатуучу дүкөндөр үзгүлтүксүз иштеп, калкты тейлеп жатышты. 

   Жарандарды обсервацияга  жаткыруу үчүн айыл аймагында 68 орун даярдалып коюлду, 2 тез жардам 10 жеңил автоунаа саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жатышты.  

   Айыл аймагындагы бардык айылдардын көчөлөрү, мекеме-ишкана имараттары, мечиттер айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин депутаттарынын жана демилгелүү топтордун аракети менен  4 жолудан дезинфекцияланды, элге мобилдүү радио менен үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп  жатты.  

   Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын протоколдук тапшырмаларын аткарууга алынып, сырттан келген мигранттар боюнча Ноокат РМА штабка жана саламаттыкты сактоо мекемелерине кабар берилип турулду, гуманитардык жардамга муктаж үй-бүлөлөр боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, келген гуманитардык жардамдар айыл өкмөт жана депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия менен өз дарегине жеткирилип турулду. Өндүрүш ишканалары ишке түшүрүлүп, салык төлөө жана жыйноо иштери туура жолго коюлду.

   Айылдарда ашкана жана базарларды ачууга уруксат берилбеди, тажияларга адам көп келишине жол бербөө  айыл башчылар тарабынан көзөмөлдөнүп турулду.

Республикабызда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2020-жылдын март-октябрь  айларында келген жардамдар

Кайдан жана кимден келди

Аталышы

Өлчөө бирдиги

Саны

Канча адамга берилди

Эскертүү

1

Матрезервден

ун

кап

644

644

Март-июнь

2

Матрезервден

ун

кап

64

64

июль

3

Өзбекстан Республикасынан

ун

кап

100

100

август

4

Бишкектеги Кыргыз-Аталык ишкерлерден

ун

кап

500

500

Март-июнь

5

Т. Зулпукаровдон

ун

кап

62

62

Март-июнь

6

И. Матраимовдон

ун

кап

22

22

Март-июнь

7

Мамлекеттен бөлүнгөн акча (215200 сом)

азык-түлүк

пакет

269

269

Март-июнь

8

А. Сулаймановдон

беткап

даана

500

500

Март-июнь

9

Т. Каримовдон

азык-түлүк

пакет

100

100

Март-июнь

10

А. Пазыловдон

антисептик

литр

100

-

А.о, ГСВ, ФАП тарга

11

Кызыл Жарым Ай коомунан

азык-түлүк

пакет

20

20

Март-июнь

12

Кыргыз-Ата Ынтымагы фондунан:

спецодежда

даана

100

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

Резобувь

даана

50

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

очки

даана

20

20

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

перчатки

даана

800

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

 

 

тепловизор

даана

5

-

ГСВ,тезжардам

 

 

башкийим

даана

400

-

ГСВ,ФАП,тезжардам

 

 

беткап

даана

800

-

ГСВ

 

 

антисептик

литр

20

-

ГСВ,ФАП

 

 

пульверизатор

даана

48

-

ГСВ,ФАП,тезжардам постторго

13

АРИС тарабынан

медтоварлар

комплект

6

-

ГСВ,ФАП тарга

14

«Кыргыз унаасы» курулуш компаниясынан

штатив

даана

10

-

ГСВ,ФАП, Кыргыз-Ата ТБ, төрөт үйү

15

MEGACOM уюлдук компаниясынан

азык-түлүк

пакет

17

17

-

16

USAID Америка элинен

азык-түлүк

пакет

20

20

-

17

“Асанабиль” кайрымдуулук фонду

азык-түлүк

пакет

6

6

-

 

Кыргыз-Ата айылынын тургундары-өнөр адамдары Апсаламов Кочкорбай, Осмонова Айжаркын, Осмонова Айганыш

 комбинзон6 респиратор

 кычкылтек концентратору

 маска

 

даана

даана

 

 

даана

даана

 

 

 

 

12

16

 

 

2

120

 

 

 

 

-

-

 

 

-

-

Кыргыз-Ата ТБ

Тез жардам бөлүмү

№ 26 ГСВ

 

Кыргыз-Ата айылынын 1991-жылкы  балдары

Тепловизор

Чепчик 

ЭКГ аппараты

Тараза детский 

Ингаляция аппараты

Маска

Респиратор

 

даана

1

100

 

1

 

1

 

1

15

15

-

 

№ 26 ГСВ

 

Матиев Акунали

 эт

кг

150

75

-

 

Жолдошов Талантбек

Азык-түлүк

пакет

200

200

-

 

 

Бардыгы

х

х

х

2439 адам

 

 

Кыргыз-Ата  айыл аймагында 2021-жылда аткарыла турган негизги иштер

Аткарыла турган иштер

Керектелүүчү сумма(миң сом)

Ким тарабынан каржыланат

Айыл өкмөтү

Жергиликтүү жамаат

Башка булактар

1

К. Каримов атындагы орто мектепке (эски имаратына) ажаткана куруу

220,0

220,0

-

-

2

Борко айылындагы            К. Каримов атындагы орто мектебинин имарат курулушу

71210,658

-

-

71210,658 (Саудия өнүктүрүү фогнду)

3

А. Бодоев атындагы көчөгө тротуар жасоо 750 п.м

1050,0

950,0

100,0

-

4

Абдраим атындагы көчөгө тротуар жасоо 500 п.м

705,0

670,0

35,0

-

5

“Жылдызча” балдар бакчасынын жаңы имаратын бүтүрүп ишке берүү

350,0

200,0

150,0

-

6

Көчөлөрдү жарыктандыруу 2 км

300,0

100,0

200,0

-

7

Т. Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залынын полун бүтүрүү

495,0

100,0

395,0

-

8

Көтөрмө айылына магазин бүтүрүп ачуу

3000,0

-

3000,0

-

9

“Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына сырткы ашкана салуу

295,0

265,0

-

30,0

10

Спорт комплекстин волейбол залынын полун оңдоо

300,0

300,0

-

-

11

Курак-Тектир орто мектебине таза суу тартуу

205,0

135,0

70,0

-

12

“Мераж-Нуру” балдар бакчасына сырткы ажаткана куруу

145,6

115,6

30,0

-

13

“Кызгалдак” балдар бакчасына интернет тартуу, ашканасын бүткөрүү

205,0

175,0

30,0

-

14

“Ак-Булак” гимназиясына мебелдерди алуу

305,0

255,0

50,0

-

15

Жакшыртылган сырткы ажатканаларды куруу

1060,0

-

60,0

1000,0 АРИС

16

Көчкү коркунучу бар жерлерди тосуу, жашылдандыруу долбоору

 

 

 

МЧС

 

       Кыргыз-Ата айыл

    өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                                                           Ж. Нурматов