М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№25-1 |
02.04.2021 |
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык
шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин
бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба
жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу |
2. |
№25-2 |
02.04.2021 |
Ак-Булак
айылындагы аты коюлбаган көчөгө Ак-Булак айылынын тургуну Курманбек Аманбаевдин
атын коюу жөнүндө |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Көтөрмө
айылы |
02.04.2021 |
|||
|
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы
участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия
резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан
чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү
тууралуу |
|||
Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары" мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө
ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы
участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн
комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү
жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап
жана депутаттардын талкуусун угуп
Кыргыз-Ата айылдык кенеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн
комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат,
дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин. 2.
Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар,
каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына милдеттендирилсин. |
||||
Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
К. Назарбаев |
||
|
||||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Көтөрмө
айылы |
02.04.2021 |
|||
|
Ак-Булак айылындагы аты коюлбаган көчөгө Ак-Булак айылынын тургуну Курманбек Аманбаевдин
атын коюу жөнүндө |
|||
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы аты колбаган көчөгө Ак-Булак айылынын тургуну Курманбек
Аманбаевдин атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2021-жылдын
02-апрелиндеги жалпы жыйындын
протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын
заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин
депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз
Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын
31-статьясынын 2 пунктуна ылайык
Кыргыз-Ата айылдык кенеши |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.
Кыргыз-Ата айыл аймагынын
Ак-Булак айылындагы аты колбаган көчөгө Ак-Булак айылынын тургуну Курманбек
Аманбаевдин атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2021-жылдын
02-апрелиндеги жалпы жыйындын
протоколу бекитилсин. 2. Кыргыз-Ата
айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы
аты колбаган көчөгө Ак-Булак
айылынын тургуну Курманбек Аманбаевдин
аты коюлсун. 3. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак
айылындагы аты колбаган көчөгө Ак-Булак айылынын тургуну
Курманбек Аманбаевдин атын коюу боюнча
иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 4.
Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин
айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү ,
инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр
энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
К. Назарбаев |
||
|
||||
|
||||