Кыргыз-Ата айылдык  кеңешинин

                                                                  (жетинчи шайланган) 2021-жылдын 11-майындагы

                                                                  биринчи сессиясынын  № 1-1 токтомуна                  

                                                                  тиркеме.                                                     

 

                   Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин  ТИПТүү   РЕГЛАМЕНТИ

        

 I-бөлүм. Жалпы жоболор.

 1-глава. Кыргыз-Ата  айылдык  кеңеши

 2-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин компетенциясы.

 

II-бөлүм. Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин түзүмү.

  3-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин төрагасы.

  4-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.

  5-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.

  6-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин туруктуу жана убактылуу

                 комиссиялары.

                

  III-бөлүм. Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин ишинин жалпы  

                    тартиби.                               

   7-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби.

   8-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.

   9-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарын токтотуу.

              

  IV-БӨЛүМ.  Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин РЕГЛАМЕНТИ.

    10-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин регламентин бекитүү,

                     өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

 

                    1-бөлүм . Жалпы жоболор

 

                          1-глава. Кыргыз-Ата айылдык  кеңеши.

1.1.Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутатарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө калыптануучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймактарындагы өкүлчүлүктүү органы.

1.2.Айылдык кеңеш жалпы бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүнтартиби «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

1.3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, жергиликтүү жамааттардын уставы жана ушул Регламент менен киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын  Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

1.4. Айылдык кеңеш  өзүнүн функцияларын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өткөргөн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын күнүнөн тартып өз ишин токтотот.

 

                      2-глава. Кыргыз-Ата  айылдык кеңештин компетенциясы.

2.1. Айылдык кеңештин сессиясында  төмөнкү маселер чечилет:

- жеригиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;

- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчету угуу;

- мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, алардын кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

- кеңештин регламентин кабыл алуу;

- өз чечимдеринин аткарылышын контролдук кылуу;

- өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен пайдалангандык. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюуу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

- ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселерди чечүү;

2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:

- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;

- тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;

- айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;

2.3. Айылдык кеңеш башка маселерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.

 

                  II -бөлүм. Кыргыз-Ата айылдык кеңештин түзүмү.

                  3-глава. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы.

3.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө шайланат.

3.2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттары тарабынан ошондой эле өзү-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.

3.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда , депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча, айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

3.4. Айылдык кеңештин төрагасы:

      1. Айылдык кеңештин сессиясын чакырат

      2. Сессияларга төрагалык кылат;

      3. Айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;

      4.  Айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

3.5. Айылдык кеңештердин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

 

        4-глава.  Кыргыз-Ата  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.

4.1.  Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкер кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат.

4.2. Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же ал милдетин аткара албаган учурда төраганын ордун алмаштырат.

4.3. Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.

4.4. Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.

 

         5-глава.  Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.

5.1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

- айылдык кеңештин сессиясынын протоколун жүргүзөт;

- келип түшкөн документтерди эсепке алууну уюштурат;

- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин       

  жүргүзөт;

- депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө билдирет жана алардын катышуусун эсепке алат;

- сессиянын токтомдорун жол жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;

- айылдык кеңештин сессияларынын токтом долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.

 

 

                 6-глава. Кыргыз-Ата айылдык  кеңешинин туруктуу жана убактылуу

                                комиссиялары.

 6.1. Кыргыз-Ата айылдык  кеңешинин туруктуу  комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселерди алдын ала кароо жана даярдоо. Ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аларды аткаруусун контролдоо үчүн түзүлөт. Айылдык кеңеш ошондой эле убактылуу комиссияларды да түзөт.

6.2. Комиссиялардын тизмесин сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт. Айылдык кеңеш ыйгарым укутарынын мөөнөтүндө. Зарыл учурларда жаңы туруктуу комиссияларды түзүү, мурун түзүлгөндөрдү башкаруу жана кайра түзүү, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ.

6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.

 

 

                  III-бөлүм. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин ишинин жалпы  

                                    тартиби.                                

                  7-глава.   Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби.

7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Айылдык кеңештин сессиялары кварталда бир жолудан кем эмес жана айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.

7.2. Айылдык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы саныны жарымынан көбүрөөгү катышса, ал укуктуу болот. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүрөөк добушу менен чечим кабыл алат. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.

7.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.

7.4. Айылдык кеңештин биринчи сесиясынын күн тартибине айылдык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, айылдык кеңештин уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселереин киргизилет

7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иш тартибин кабыл алат. Кандайдыр бир себептерден улам бул сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мүмкүн.

7.7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчы протокол жүргүзөт. Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтүү менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык кеңештин депутататрынын, сессияга чакырылгандардын аты-жөнү, угуулар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер камтылышы керек. Пртокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.

7.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралаган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда  жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

 

         8-глава. Кыргыз-Ата айылдык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.

8.1. Сессияда каралган маселер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

 8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорлорунда:

-аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү. Финансылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек;

-кызыкдар уюмдар  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү, ошондой эле зарыл учурда, мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек;

-бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.

8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты жазуу же оозеки түрдө өзүнүн өзгөчө оюн берүүгө укуктуу, ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

8.5. Сунушталган токтом долбооруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе, негиз катары кабыл алынат. Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынбаса, пункт боюнча каралышы мүмкүн.

8.6. Бардык оңдоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.

8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтүү, кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынат, тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызматтык жактар аны сөзсүз аткарууга тийиш.

 

            9-глава. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарын токтотуу.

9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.

9.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөгндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:

 1). Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;

2). «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде  Президент тарабынан;

3). Администрациялык-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.

9.3.Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү жогорку инстанцияларга жиберилет.

9.4. Чек араларын өзөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таркатууга алып келбейт.

9.5. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылды деп эсептелет.

9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат.

 

 

              IV -БӨЛүМ. Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин РЕГЛАМЕНТИ.

             10-глава.  Кыргыз-Ата айылдык  кеңешинин регламентин бекитүү,        

                              өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

 

10.1. Айылдык кеңештин Регламенти регламент маселери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сессиясына бекитүүгө берилет.

10.2. Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кеңеш шайлоочу беш депутаттан кем болбошу керек. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.

10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат. Сунуштар Регламент маселелери боюнча жумушчу топко кароого берилет.

10.4. Айылдык кеңештин Регламенти жана анын оңдоолору айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

 

 Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын айылдык кеңештин иш тартибин аныктайт.

 

            Кыргыз-Ата айылдык

          кеңешинин жооптуу катчысы                                         Ж. Нурматов