Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги  төртүнчү сессиясынын 2021-жылдын 17-июлундагы  № 4-7 токтомуна  тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылынын  жалпы чогулушунун

ПРОТОКОЛУ

 

  Ак-Булак айылы                                                                                                17.07.2021-жыл

   Катышкандар- 42 адам.

   Ак-Булак айылынын айыл башчысы З.Камбаров, Ак-Булак айылынын клуб башчысы  Р.Жумабаев,  Ак-Булак айылдык депутат  Омурзакова Айнур,  Ак-Булак айылынын жамаат башчысы М. Карыбеков, айыл аксакалы Б. Жотоев жана айыл  жашоочулары.

Күн тартибинде:

1.       Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясы деп өзгөртүү жөнүндө

   Сөзгө чыккан айыл башчы З.Камбаров төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу тургундар

2020-жылы көпчүлүк элдин сунушу менен айылыбызга гимназия ачылган. Учурда гимназия өз ишин мыкты деңгээлде алып келүүдө. Айылыбыздагы “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясы деп өзгөртүү  жөнүндө тургундардан жана гимназиянын коллективинен  көптөгөн сунуштар келүүдө. Кочкоров Чиркеш агай өзүңүздөргө белгилүү көп жылдар бою мектептин окуу бөлүмүн жетектеп келген. Андан тышкары мектептин директору болуп да көп жылдар эмгектенген. Мамлекет тарабынан да үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлыктарга ээ болгон инсан. Ошондуктан “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясы деп өзгөртүүнү сунуш кылам.

Кийинки сөзгө чыккан айылдын аксакалы Жотоев Балта ажы авабыз чыгып төмөнкүдөй сөздөрүн айтып өттү. Айыл башчынын сөзүнө кошулам, себеби Кочкоров Чиркеш агай өмүрүнун көпчүлүк бөлугүн балдарды окутуп билим берүүгө арнаган. Эмгеги абдан чоң. Биздин айылыбыздын да эң ардактуу атуулдарынан болгон. Эмгеги кийинки муундарга өрнөк болуп калган адам. Мен ойлоймун бул сунушка эч ким каршы болбосо керек.

Андан кийинки сөзгө чыккан айылыбыздын депутаты Омурзакова Айнур эжекебиз Бир добуштан жогору жакта суйлогондурдун созуно кошулам. Агайыбыз Кочкоров Чиркеш айылыбыздагы жаштарды окутуп тарбиялоого бүт өмүрүн арнаган. Агайдын атын ушул гимназияга койсок туура болот. Адистиги да кыргыз тили мугалими болгондуктан профили туура келип, гуманитардык багытта болуп жатат. Ошондуктан мен бул сунушту колдоп кетемин.

Айыл тургуну Карыбеков Мазанбек агай сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду. Мен Кочкоров Чиркеш агай менен коңшу жашап, анын жумушка элден мурун кетип, элден кийин келе турганын дайым байкачуумун. үй тиричилигинен да мектеп иштерин биринчи орунга койгон инсан болчу. Агайдын зор эмгегин эске алып ушул гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы гимназия деп атасак деймин. Андан кийинки сөзгө чыккан атуулдар да бир добуштан  колдоп беришти.

Айыл башчыбыз Камбаров Заирбек күн тартибиндеги маселени айыл өкмөттүн депутаттардын сессиясына сунуштоону айтып өттү.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жалпы чогулуш чечим кылат:

1.      Кыргыз-Ата  айыл  аймагынын  Ак-Булак  айылындагы “Ак-Булак”   гуманитардык профилдик багыттагы гимназиянын аты Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп  гимназиясыдеп өзгөртүлсүн.

2.      Ушул чечимди бекитип берүү жагы  Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.

 

   Чогулуштун төрагасы                                                                 З.  Камбаров

    Катчысы                                                                                       А.  Омурзакова

 

    Кыргыз-Ата айылдыккеңешинин

  жооптуу катчысы                                                                        К. Заирова