Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

                                                                                                 2021-жылдын  17-июлундагы

                                                                                                №  4-1 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  2021-жылдын 6 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери  

  Урматтуу  төрага, урматтуу депутаттар  жана сессиянын катышуучулары ! 

   Республикабызда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирге карабастан биздин  айыл  аймагыбыздагы социалдык жана башка маселелерди чечүүдөгү алдыга койгон  иш-пландарыбыз ишке ашууда. Атап айтканда: 

   Айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджети   2021-жылдын 6 ай ичинде  бекитилгени  7 270,8 миң сом болуп,  аткарылганы 8 961,6 миң сомду түзүп 1690,8 миң сомго ашыкча аткарылып,  123,3 % түздү.       

      Социалдык тармак тууралуу 

 

Кыргыз-Ата  айыл  аймагындагы  социалдык  тармакта  2021-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштер тууралуу  маалымат. 

 

    Билим  берүү                                                 

    Айыл  аймагындагы жалпы  билим берүүчү мектептерде  2020-2021-окуу жылында 309  мугалим  3896  окуучуга билим-тарбия   беришти. Алардын ичинен  276  окуучу 9-классты, 196 окуучу 11-классты бүтүрүштү. 11-класстын  151  бүтүрүүчүсү  Жалпы   республикалык  тестирлөөгө  катышышты, анын ичинен  102  окуучу  110 баллдан  жогору  балл  алышты. Айыл  аймагы боюнча  эң жогорку  балл  214 (А.Парпиев ат.мект.-гимн.)  болду.   

   Жылдагыдан  өзгөчөлөнүп, бул жылы  5 бүтүрүүчү  “Алтын тамга”  артыкчылык  аттестатын алышты, алар -  А.Парпиев  атындагы  мектеп-гимназиясынын 3, К.Каримов  атындагы орто  мектебинин 1,  Борко лицейинин  1 бүтүрүүчүлөрү.  

   Кыргыз  Республикасынын  Президентинин “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык  өнүгүүсү  жана  дене  тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын негизинде өткөрүлгүн  райондук  “Атам, апам  жана  мен-дени  сак  үй-бүлөбүз” аттуу  кароо-сынакка Борко  айылынын  тургуну, К.Каримов  атындагы  орто мектебинин мугалими Бөрүбаева  Назгүл Имаралиевна үй-бүлөсү  менен  катышып, биринчи  орунду  камсыз  кылып, райондук  мамлекеттик администрациянын  баалуу  белеги жана Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн  Ардак Грамотасы, акчалай  сыйлыгы  менен  сыйланды. Бул үй-бүлөнү  кароо-сынакка  даярдоодо жакындан  жардам берген К.Каримов  атындагы  орто мектебинин  жетекчилигинин  эмгегин  белгилеп кетемин.  

      Балдар бакчалары.  

       Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  8  балдар бакчасында  131   кызматкер эмгектенип,  566  бала тарбияланууда.                                                  

      Аялуу  катмар. 

        Айыл  аймагында  2021-жылы  14  жалгыз  бой  кары-картаңдар каттоого алынган. 614  адам  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  а.и. 16 бала  ДЦП, 18 жашка чейинки  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  148 бала  бар, жалгыз бой энелердин балдарынын саны 18. 

9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 22  адам кургак учук илдетине чалдыккандар. 7 бала  тоголокжетим, 241 жарымжетим  бала бар. 

 2021-жыл үчүн  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен денсоолугунан 

мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга, карыяларга     300,0 миң  сом  каралган. 1-2-кварталда 180,0 миң сом акча каражаты смета  боюнча  максаттуу  жумшалды. 

Кыргыз-Ата  айыл аймагында   бүгүнкү күндө   80  жаштан  өткөн  163  карыя  бар, алардын ичинен  100 жаштан  өткөн  3 адам, 90  жаштан  өткөн   28  адам. 

    Айыл  аймагы  боюнча  жалпысы  2212   пенсионер  бар, анын  ичинен   147 багуучусун   жоготкон ( 241 бала), 1627  курагы  боюнча,  440  майыптыгы  боюнча  пенсионерлер. 

     Саламаттык сактоо тармагы  

Айыл  аймагындагы “Кыргыз-Ата” айылдык ооруканасындагы (20 койкага эсептелген), төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, Кара-Кой, Борко  ФАПтарында  эмгектенген  5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер бүгүнкү  күндөгү  жугуштуу  илдет  учурунда   элге түнү-күнү  стационардык жана амбулатордук кызмат көрсөтүп  жатат.  

   Андан тышкары АРИС тин таза суу долбоорунун 2-компоненти “Санитарияны өнүктүрүү” алкагында айыл өкмөтүндө үй чарбаларынын санитардык шарттарын жакшыртуу үчүн белгилүү жыйынтыктарга көздөлгөн шыктандыруучу гранттар менен иш жүргүзүлүп,  Кыргызстан боюнча пилоттук болуп биздин айыл өкмөт киргизилип, 4 айылда: Ак-Булак, Кыргыз-Ата, Борко жана Көтөрмө айылдарында иш башталып, бул долбоор алкагында айыл аймагы боюнча 140 кожолукка  заманбап даараткана, жакшыртылган  санузелдер курулду. Бул долбоор боюнча дагы 650 кожолукка уруксат берилип 2021-жылдын 31-августуна чейин узартылды.  

 

   Кыргыз-Ата айыл  өкмөтүнүн  маданият, спорт жана туризм тармагында:  

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар.спорт  иштери  боюнча бөлүмүнүн 2018-2022- жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасынын алкагында   аткарылган иштери боюнча, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл жаштары арасында “Жаштардын тилеги ынтымак” аттуу спорттун волейбол  түрү  боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке 5  айылдан 13 команда  40 жашка чейинки курактагы эркектердин курама командалары  катышты. Мелдеш айыл аймактагы борбордук спорт комлексинде өткөрүлдү. Мелдешти айыл аймактын жаштар,спорт бөлүмү жогорку деңгээлде өткөрдү. Мелдешке Ак-Булак 1,2, Көтөрмө 1,2, Борко 1,2, Кыргыз-ата 1,2, Кара-кой 1,2 командалары күч сынашты. Жыйынтыгында мелдештин уюштуруучусу айыл аймактын жаштар, спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ташбалта уулу Алтынбек мелдешке келген жалпы 150дөн ашуун жарандарга өлкөнү өнүктүрүүгө жаштардын салымын кошууга үндөгөн жана мекенибизди спорт тарабынан Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга Кыргыз-Ата жаштарын чакырды. Ошондой эле 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында аймагыбыздагы  Кыргыз-ата айылында жайгашкан Темиралиев атындагы орто мектептин спорттук залын айыл жаштарынын демилгеси менен 600 000 сомдук каражат жумшалып толук ремонттон өткөрүлүп, мектеп окуучуларына толук шарт түзүлдү. Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен түзүлгөн айыл жаштары үчүн “Боец” аттуу эркин күрөш клубу ачылган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен мектеп окуучулары арасында эркин күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке Ноокат району боюнча 10го жакын күрөш клубу катышып, жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Боец” клубунун балбандары жеңишке жетишип, айыл өкмөтүнүн баалуу сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышты.  

    Райондук деңгээлде тынымсыз жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан кыз-келиндер арасында спорттун волейбол боюнча “Аялдар Лигасы” мелдешке Кыргыз-Ата кыз-келиндер командасы катышып жакшы жетишкендиктерге жетишип жатышат. 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 Токтомунун негизинде 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясына карата,  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бардык айылдарында айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында жаштар коомдору түзүлдү. Жаштар коомдордун түзүлүү максаты айылдардагы көйгөйлөрдү ашар жолу менен жардам берүү. Мисалы: Кыргыз-Ата айылынын жаштары мектептин спорт залын толук ремонттон өткөрүп пайдаланууга беришти, ошондой эле айылдын 5 жерине ар бири 30 000 сомдон жалпы 150 000 сомдук айыл эли үчүн аялдамаларды курушуп пайдаланууга берилди. Ал эми Көтөрмө жаштар коомук фонду түзүлүп, “Тазалык Ыймандын жарымы” аттуу демилге менен жаштар ашар ыкмасы менен жалпы айылдын көчөлөрүндө 1 жумалык тазалоо иштери ар ишемби күнү тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Көтөрмө айылында жайгашкан борбордук ооруканага түнкү жарыктандыруу жана жаан-чачындан сактануу максатында оорукананын чатырын жалпы 60 000 сом каражат жумшалып ремонттон өткөрүлүп, күтүү залына жана сыртка жалпы 70 000 сомдук отуруучу стулдарды жасатып беришти. Ошондой эле айылдардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө тынымсыз акча каражатынан жардам берилип жатат. Кыргыз-Ата аймагындагы беш айылдын жаштарынын демилгеси менен Баткен жергесинде болгон каргашалуу окуядан жабыр тарткан жалпы Баткен элине тамак-аш, жууркан, акчалай жардамдар жыйналып, 3 (үч) Фура жүк ташуучу техникасы менен жерине алып барып тапшырылды.  Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан 8 бала бакча бар. Айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде бала бакчалардын санитардык абалын, окуу иштерин, балдардын тазалыгын жана катышуусун, тамак-аштын сапатын текшерүү болуп өттү. Жыйынтыгы чыгарылып жакшы абалда турган бала бакча кызматкерлерине ыраазычылык билдирилип, абалы начар бала бакча кызматкерлеринин кемчилдиктери жеринен далил менен айтылып катуу эскертүү берилди. 

      Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Жеңиш майрамы жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө азыркы мезгилде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жок ал эми ооруктун 45 ардагерлери бар. Ардагерлер айыл өкмөт тарабынан тынымсыз кабар алынып турат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерип туруу максатында, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында  “Өчпөс от” эстелиги орнотулуп согуш ардагерлеринин тизмеси алтын тамга менен жазылып, быйылкы жылы толук ремонттон өткөрүлдү. Ал эми айыл аймактагы жалпы билим берүү мекемелериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана ооруктун ардагерлерине аталган музей жана эстеликтерди актап сырдоо жана тазалоо үчүн айыл өкмөт тарабынан тапшырмалар берилди.  Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде өттү. Атап айтсак Өчпөс оттун алдында парад  өткөрүлүп эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Жалпы катышуучуларга маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар коюлуп, жыйынтыгында куран окулуп бата кылынды. Андан соң айыл аймактын борбордук спорт комплексинде айыл жаштары үчүн (мырзалар, кыз-келиндер) спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды 

     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылында «Биз кылмыштуулукка, үй бүлөлүк зордук зомбулукка, диний экстремизмге, эрте турмушка чыгууга, коррупцияга, суицидке каршыбыз жана жугуштуу оорулардын алдын алуу», Мекенди коргоо ыйык милдет» аттуу акциялык жүрүш болуп  соңунда райондон келген тиешелүү адистер менен жыйын болуп өттү.              

     Кыргыз-Ата айыл аймагында келе турган  туристер жана эс алуучулар үчүн,  жаратылышы кооз, абасы таза, суусу тунук, жайлоосу кенен Кара-Кой эс алуу жайы жайгашкан. Кара-Кой эс алуу жайында келе турган эс алуучулар үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн: Эс алуу жайынын тазалыгын жана санитардык абалын көзөмөлдөө максатында айыл өкмөт башчысынын жетекчилиги менен тиешелүү адистер жеринен барып көрүп келишти. Ошондой эле келген коноктордун коопсуздугун тыкыр көзөмөлдөө максатында, атайын Кара-Кой айылына аймактык тескөөчү дайындалып, өз милдетин так аткарып жатат. Мисалы: 1 күндө 50гө жакын эл ташуучу бусик машинасы менен  башка облус жана райондордон эс алуучулар келет. Ошол келген коноктордун коопсуздугун атайын аймактык тескөөчү күндө жеринен кабар алып турат. Ал эми келген эс алуучуларды тейлөө максатында Кара-Кой эс алуу жайында атайын конокторго арналып 100дөн ашуун боз үйлөр тигилип, атайын тейлөөчүлөр жогорку деңгээлде тейлешет. Кара-Кой эс алуу жайына кеткен негизги авто жолу жаз айынан баштап тегиздөө жана түздөө жумуштары аткарылып турат. Токой чарбасы жана Кыргыз-Ата паркы менен биргеликте жаратылышты сактоо жана туура пайдалануу максатында, патриоттук жана эскертүү лозунгдары жазылып тиешелүү жерлерге илинген. Азыркы мезгилде келген коноктор пайдалануу  үчүн жетишпеген  жер- жерлерге ажатканалар салынуусу пландалып жатат. Эс алганы чыга турган мектеп жашындагы жогорку класстын окуучуларына өздөрү баруусуна тыюу салынган. Азыркы сезон мезгилинде күнүнө кеминде 1000ге жакын  эс алуучулар келип кетет. Ал эми жалпы жаштар үчүн каникул мезгилинде эс алуусуна шарт түзүү максатында, аймагыбыздын спорт комплексинде атайын типтеги жайкы жана кышкы суу көлмөлөрү (бассейн) курулган, азыркы учурда чатыры ремонттолуп жакында иш берилет. Кара-Кой эс алуу жайы келе турган туристерди жана жалпы эле эс алуучуларды кабыл алууга даяр. 

Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме ишканаларын жана калкын  2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы   

     Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 04-май № 100-б буйругунун негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 14-майында № 100-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң квт жана 229,0 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 147,5 тонна, БР 26 тонна тендерге жарыя берилип ОсОО “Оомат-Кен ЛТД”  835850 сомго утуп, жеңүүчү болуп аныкталды. Август айынан баштап  ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилет. Мисалы:    Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 т, Борко лицейи 15 т, А. Парпиев мектеп гимназияга 40 т, Курак-Тектир орто мектебине 15 т,  С.Токторов атындагы орто мектебине 43 т, Ак-Булак гуманитардык гимназиясына 7 т,  Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасына 15 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 10 т, Бөпөмай балдар бакчасына  10 т, Акылай-Куту  балдар бакчасына 10 т, Мераж-Нуру балдар бакчасына 10 т, К. Коконбаев балдар бакчасына 12 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасына 26 т,                   Э. Маманов балдар бакчасына 12 т.  Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр аныкталып  сатып алуу порталына жарыяланат. 

Аксакалдар  сотунун   аткарган иштери тууралуу  

            Бардыгы  27 иш  каралды: 

   үй-бүлөлүк жаңжалдар  3, анын ичинен 2 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу маселелери-1, жер маселеси боюнча 7 арыз өз убагында  чечилди. Жолдорду кеңейтүү маселелери-3, акча маселелери боюнча – 1, салык маселелери боюнча-1.  Бардык кароого келген маселелер 27 арыз-даттануу каралды. 

            Кылмыштуулук 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды   жана башка иш кагаздарын  аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо  жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер  жүргүзүлүп жатат.   

      2020-жыл ичинде  айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан:    

14 жорук, 12 кылмыш катталып, 1 кылмыштын бети ачылбай турат. 

           Жоруктар: 

- уурулук  – 1 факт, а.и ачылганы-  1 факт.  

- денеге залал келтирүү- 7 факт, ачылганы 7; 

- майда бейбаштык-  1 факт, ачылганы 1; 

- жол унаа кырсыгы-3 факт, ачылганы 3; 

-  өзүм билемдик- 1 факт, ачылганы 1; 

           Кылмыштар: 

- уурулук-  3 факт, ачылганы 2; 

- алдамчылык-    4 факт, ачылганы 4; 

-  ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо- 1 факт, ачылганы 1; 

- мезгилсиз дүйнөдөн кайтуу-3 факт, ачылганы 3; 

- жасалма документ жасоо-1 факт, ачылганы 1.  

      Ал эми коомдук жайда   коомдук тартипти  бузгандыгы үчүн 20  аттуулга бузуулар боюнча протокол  түзүлгөн.   

    Кылмыштуулуктун алдын алуу  жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн  700  кожолук текшерилген, ЖӨИ  инспектору тарабынан мектептерде 500 ирет  лекция-семинарлар өкөрүлгөн.  

              КОВИД-19 илдети боюнча:  

   Айыл өкмөтүндө ушул мезгилге чейин элибизди бул ооруудан  сактоо боюнча өтө жооптуу мезгил болуп, көп иштер аткарылды. Айыл аймагындагы   азык-түлүк сатуучу дүкөндөр үзгүлтүксүз иштеп, калкты тейлеп жатышты.   

   Жарандарды обсервацияга  жаткыруу үчүн айыл аймагында 68 орун даярдалып коюлду, 2 тез жардам 10 жеңил автоунаа саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жатышат.   Айыл аймагына күндүзгү стационар ачууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 сом бөлүнүп, керектүү инвентарлар алынып келинди. Жогорку органдар тарабынан уруксат берилсе №54 ПЛ ге обсервация ачылат. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөнкүдөй инвентарлар  жарандарды күндүзгү стационарга  жаткыруу үчүн  алынып берилди: 

Кровать диван                     17 даана, 

Умывальник                         5   даана, 

Стул                                       25 даана, 

Стол                                       9   даана, 

Антисептик 5 л                    20 даана, 

Матрац ватный                   16 даана, 

Одеало ватный                    1   даана, 

Белье                                     6   даана, 

Тумбочка                              8   даана,  

Вешелка                                3   даана,  

Штатив                                 4   даана,  

Подушка                              16  даана, 

Лампа кварцевая                2    даана. 

  Айыл аймагындагы мектеп, балдар бакчаларынын директорлоруна санитардык-эпидемиологиялык талаптарды  так аткаруу боюнча эскертүүлөр жана тапшырмалар берилди. 

   Айыл аймагындагы бардык айылдардын көчөлөрү, мекеме-ишкана имараттары, мечиттер айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин депутаттарынын жана демилгелүү топтордун аракети менен  1 жолудан дезинфекцияланды, элге мобилдүү радио менен үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп  жатты.   

   Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын протоколдук тапшырмаларын аткарууга алынып, сырттан келген мигранттар боюнча Ноокат РМА штабка жана саламаттыкты сактоо мекемелерине кабар берилип турулду.  Өндүрүш ишканалары ишке түшүрүлүп, салык төлөө  жана жыйноо иштери туура жолго коюлду.  

   Айылдарда ашкана жана базарларды ачууга уруксат кечки 22-00 чейин берилди, тажияларга адам көп келишине жол бербөө  айыл башчылар тарабынан көзөмөлдөп турулду. 

  Урматтуу депутаттар 2021-жылдын 29-30 апрелинде болуп өткөн Баткен окуяларында жабыр тарткан Баткен элине өлкө боюнча акчалай жана материалдык жардамдар берилип, анын ичинде биздин Кыргыз-Ата эли да жардам колун сунду. Атап айтканда 3 Фура жүк (продукта, кийим-кече, көрпө-төшөк ж.б) Баткен жергесине айыл башчылар жана депутаттар тарабынан жеткирилди. Биздин аппарат да ар бири 1000 сомдон акчалай салымдарын кошушту. Жалпысы болуп Баткен жергесине 1 415,0 миң сомдук  жардам берилди. 

 

Кыргыз-Ата  айыл аймагында 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында  аткарыла турган негизги иштери 

 

Аткарыла турган иштер 

Керектелүүчү сумма(миң сом) 

Ким тарабынан каржыланат 

Айыл өкмөтү 

Жергиликтүү жамаат 

Башка булактар 

1 

Борко айылындагы            К. Каримов атындагы орто мектебинин имарат курулушу 

71210,658 

- 

- 

71210,658 (Саудия өнүктүрүү фонду) 

2 

А. Бодоев атындагы көчөгө тротуар жасоо 750 п.м 

1050,0 

950,0 

100,0 

- 

3 

Көчөлөрдү жарыктандыруу 2 км 

300,0 

100,0 

200,0 

- 

4 

Т. Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залынын полун бүтүрүү 

495,0 

100,0 

395,0 

- 

5 

“Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына сырткы ашкана салуу 

295,0 

265,0 

- 

30,0 

6 

Спорт комплекстин волейбол залынын полун оңдоо 

300,0 

300,0 

- 

- 

7 

Курак-Тектир орто мектебине таза суу тартуу 

205,0 

135,0 

70,0 

- 

8 

“Мераж-Нуру” балдар бакчасына сырткы ажаткана куруу 

145,6 

115,6 

30,0 

- 

9 

“Кызгалдак” балдар бакчасына интернет тартуу, ашканасын бүткөрүү 

205,0 

175,0 

30,0 

- 

10 

“Ак-Булак” гимназиясына мебелдерди алуу 

305,0 

255,0 

50,0 

- 

11 

Жакшыртылган сырткы ажатканаларды куруу 

1060,0 

- 

60,0 

1000,0 АРИС 

12 

Көчкү коркунучу бар жерлерди тосуу, жашылдандыруу долбоору  

 

 

 

МЧС 

 

Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2021-жылдын 6 айында ар түрдүү тармактар аркылуу тартылган инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

 

Айылдын аталышы

 

Долбордун аталышы

Ким тарабынан каржыланган

 

 

Жалпы сумма

Жумушчу орду

Өндүрүштүн кубаттуулугу ж.б маалыматтар

Факт аткарылган сумма

Сырткы инвестиция

А/округ жер.бюджет

Респ.бюджет

Жаамат

Жеке ишкер

 

 

сумма

ким тарабынан

сумма

сумма

ким тарабынан

 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

11

12

13

Кыргыз-Ата айыл өкмөтү

Баткенге жардам

 

 

 

 

1415,0

 

1415,0

 

 

 

 

1415,0

Кыргыз-Ата

Тайлакбай Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залынын полун ремонттоо

 

 

100,0

 

 

350,0

300,0

750,0

1

Полу жаныдан кагылды. Терезе-айнектер чонойтулуп башка коюлду. Баскедбол, валейбол сетка илинди

750,0

Кыргыз-Ата

Э.Маманов атындагы балдар бакчасына жасалма жылгаяк жасоо

 

 

 

 

 

30,0

 

30,0

 

өспүрүм балдарга шарт түзүлдү

30,0

Кыргыз-Ата

Борбордук жолдорго аялдама  куруу 7даана

 

 

20,0

 

 

90,0

90,0

200,0

 

айыл тургундары үчүн шарт түзүлдү

200,0

Кыргыз-Ата

“Жалгыз Өрүк” тоо көчкусү бар жерге көчөт эгүү

 

 

40,0

 

 

30,0

 

70,0

 

2000 даана көчөт эгилди

70,0

Кыргыз-Ата

Мечет куруу “Хадича”р.з.а.атындагы мечет бүткөрүлүп тапшыруу

 

 

 

 

 

450,0

1500,0

1950,0

2

мечит курулду,      3 жеке ишкерлер менен

1950,0

Кыргыз-Ата

Кыргыз-Ата мечитине сел-суу кирген жол жагына бетон кую жана тосмону ондоп краскалоо

 

 

 

 

 

400,0

 

400,0

 

 

400,0

Кыргыз-Ата

№ 26 ГСВ стимгрант менен кап. ремонт

 

 

502,0

 

2100,0

 

 

2602,0

 

 

300,0

Кыргыз-Ата

А.Парпиев гимназиясынын спорт зал актовый зал,ашкана,библиотека курулушу башталды

 

 

 

 

25000,0

 

 

25000,0

 

 

5000,0

Кыргыз-Ата

Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залына навес куруу

 

 

90,0

 

 

 

 

90,0

 

 

90,0

Кыргыз-Ата

Таш канал боюна шагыл төшөө

650м

 

 

 

 

 

 

110,0

110,0

 

 

110,0

Кыргыз-Ата

Ж. Жээнбеков, М.Токторов атындагы көчөгө 13 даана  столба орнотулду

 

 

140,0

 

 

40,0

 

180,0

 

 

180,0

Кыргыз-Ата

Орто Мечитеги шамай каналына көпүрө курулду

 

 

125,0

 

 

 

 

125,0

 

 

125,0

Кыргыз-Ата

Күнгөйгө арык ачуу

 

 

7,0

 

 

 

15,0

22,0

 

 

22,0

 

 

 

 

Ак-Булак

Жарыктандыруу “Ысмаилов Тынчтык” атындагы көчөсү

 

 

 

 

 

 

134,0

134,0

 

27 даана светильник коюлду

134,0

Ак-Булак

Суу өтүүчү труба орнотуу

 

 

 

 

 

 

80,0

80,0

 

4 даана чон труба 50мм

80,0

Көтөрмө

Жарыктандыруу “Достук” көчөсү

 

 

 

 

 

100,0

 

100,0

 

21даана светильник коюлду

100,0

Көтөрмө

К.Каримбердиев атындагы көчөсүн тротуарына шагыл төшөө

 

 

160,0

 

 

 

 

160,0

 

1 км

160,0

Көтөрмө

Абдыраимов көчөсүнө асфальт басуу жана латок орноту 450м

 

 

740,0

 

 

 

 

740,0

 

 

740,0

Көтөрмө

Көтөрмө маданият үйүнүн арткы жагындагы чатырын алмаштыруу

 

 

80,0

 

 

 

 

80,0

 

 

80,0

Көтөрмө

Төрөев Баатырдын соода дүкөнү жана аптекасынын курулушунун бүткөрүлүшү

 

 

 

 

 

 

2000,0

2000,0

 

 

2000,0

Борко

К.Каримбердиев, А.Мурзаев көчөлөрүнө жол белгилер орнотулуп жөө жүрүчүлөр үчүн жол сызыктары бүткөрүү

 

 

 

 

 

140,0

 

140,0

 

 

140,0

Борко

А.Бөдөев көчөсүнө тротуар үчүн шагыл төшөлдү. 250шт латок  коюлат,асфальтталат.

 

 

1050,0

 

 

 

 

1050,0

 

 

45,0

Борко

Борко мечитине навес куруу

 

 

 

 

 

 

150,0

150,0

 

 

150,0

Борко

К.Каримов атындагы орто мектебинин курулушу

75000,0

Араб өнүктү-рүү  фонду

 

 

 

 

 

75000,0

 

1-2 кабаты бүткөрүлүп эшик,терезелери коюлуп,жатыры жабылды

40000,0

Борко

О.Бакиров атындагы көчөгө темир,бетон столба орнотуу жана зым тартуу

 

 

 

 

 

50,0

350,0

400,0

 

29 даана столбага зым тартылды

400,0

Кара-Кой

Кара-Кой жолун ондоо үчүн шагал төгүү, грейдер салуу

 

 

5,0

 

 

100,0

 

105,0

 

 

105,0

Жалпы

75000

 

3059

 

27100

3195

4729

113083

2

 

54776

 

Тартылган инвестициялар:

                        Сырткы инвестиция                                                  -   75000,0 м.с

                        Айыл өкмөтүнүн бюджетинен                                 -   3059,0 м.с

                        Республикалык бюжеттен                                        -    27100,0 м.с                                 

                        Жааматтан                                                                  -   3195,0 м.с

                        Жеке ишкерлерден                                                    -   4729,0  м.с

                        Бардыгы                                                                    -    113083,0 м.с                                          

                       анын ичинен факт.аткарылганы                          -   54776,0 м.с

 

 

            Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин

            жооптуу катчысы                                                                                        К. Заирова